Эпостор фестивалынын жабылышында 20 манасчы Каныкейдин Тайторуну чапканын айтты

Эпостор фестивалынын жабылышында 20 манасчы Каныкейдин Тайторуну чапканын айтты

95
(жаңыланган 15:14 26.09.2021)
Эпостор фестивалынын жабылыш аземи Кыргызстандын жана чет жактан келген коноктордун концерти менен коштолду.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана тунгуч жазма акын, агартуучу, манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган Дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалы ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

  • Манасчи выступают на Международном фестивале эпосов народов мира в Бишкеке
    Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана тунгуч жазма акын, агартуучу, манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган Дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалы ийгиликтүү жыйынтыкталды
    © Фото / пресс-служба МКИСиМП КР
  • Выступление артистов на концерте в Национальной филармонии имени Т. Сатылганов, в рамках Международного фестиваля эпосов народов мира в Бишкеке
    Аталган фестиваль Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия (Хакасия, Тоолуу Алтай, Тыва, Калмыкия, Саха- Якутия, Башкыртстан, Новосибирск, Абхазия ж.б.), Азербайжан, Армения, Беларусь, Эстония, АКШ, Иран, Франциянын илимпоз жана өнөр адамдарынын башын бириктирди
    © Фото / пресс-служба МКИСиМП КР
  • Награждение победителей Международного фестиваля эпосов народов мира в Национальной филармонии имени Т. Сатылганов в Бишкеке
    Салтанаттуу жабылыш аземге мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышып, фестивалдын маани-маңызы жана ролу тууралуу кайрылуу жасашты
    © Фото / пресс-служба МКИСиМП КР
  • Манасчи выступают на Международном фестивале эпосов народов мира в Бишкеке
    Эпостор фестивалынын негизги бөлүгү Тоголок Молдо тууралуу атайын даярдалган пролог менен башталды. Андан соң 20га жакын манасчынын аткаруусунда "Манас" эпосунан Каныкейдин Тайторуну чапканынан үзүндү айтылды.
    © Фото / пресс-служба МКИСиМП КР
  • Выступление артистов на концерте в Национальной филармонии имени Т. Сатылганов, в рамках Международного фестиваля эпосов народов мира в Бишкеке
    Ошондой эле концерттик программа чет өлкөдөн келген олонхо, кайчы, жангар жана дастан айтуучулардын катышуусу менен уланып, Кыргызстандын өнөр адамдары катышкан концерттик программа менен коштолду.
    © Фото / пресс-служба МКИСиМП КР
1 / 5
© Фото / пресс-служба МКИСиМП КР
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана тунгуч жазма акын, агартуучу, манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына арналган Дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалы ийгиликтүү жыйынтыкталды

Аталган фестиваль Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия (Хакасия, Тоолуу Алтай, Тыва, Калмыкия, Саха- Якутия, Башкыртстан, Новосибирск, Абхазия ж.б.), Азербайжан, Армения, Беларусь, Эстония, АКШ, Иран, Франциянын илимпоз жана өнөр адамдарынын башын бириктирди.

"Үч күнгө созулган иш-чара илимий-практикалык симпозиум, тегерек стол жана маданий ар түрдүүлүк парады менен коштолуп, эл аралык маданий алака бекемделди", — деп айтылат маалыматта.

Салтанаттуу жабылыш аземге мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышып, фестивалдын маани-маңызы жана ролу тууралуу кайрылуу жасашты.

Аны менен катар "Манас" улуттук театрынын ачылышы тууралуу расмий жарыяланып, анын директору Азиз Биймырза уулу тааныштырылды.

Эпостор фестивалынын негизги бөлүгү Тоголок Молдо тууралуу атайын даярдалган пролог менен башталды. Андан соң 20га жакын манасчынын аткаруусунда "Манас" эпосунан Каныкейдин Тайторуну чапканынан үзүндү айтылды.

Ошондой эле концерттик программа чет өлкөдөн келген олонхо, кайчы, жангар жана дастан айтуучулардын катышуусу менен уланып, Кыргызстандын өнөр адамдары катышкан концерттик программа менен коштолду.

Мейман катары Кыргызстандагы бир катар элчиликтер, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, коомдук-маданий ишмерлер катышты.

95
Белгилер:
Кыргызстан, эпос, фестиваль, манасчы
Тема боюнча
Алтайдан келген артист: манас угуп, анын жан дүйнөбүзгө жакын экенин түшүндүк
Россияда киного тартылган мигрант Нурбол Кайрат уулу, актриса Ксения Раппопорт менен

Россияда киного тартылган мигрант Нурбол: режиссёр Добрыгин мени окутарын айтты

583
(жаңыланган 21:37 23.10.2021)
Москвада курьердик кызматта иштеген 20 жаштагы Нурбол Кайрат уулу россиялык режиссёр Григорий Добрыгиндин "На близком расстоянии" тасмасына тартылган.

Фильм пандемия жана жалгыздык тууралуу болуп, анда адамдардын эпидемиологиялык мезгилдеги мамилеси көрсөтүлөт. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аталган тасмага тартылган кыргызстандык Нурбол Кайрат уулу менен байланышып маектешкен.

— Сиз тартылган "На близком расстоянии" фильминин тизерин (үзүндүсүн) көрдүк. Ал жакта мигрант жигиттин ролун аткарыптырсыз. Кандайча чакырып калышты?

— Москвада иштеген курьерлердин социалдык тармакта ачылган жалпы чаты бар. Анда ар ким билбеген же өзүн кызыктырган суроолорду берип, бири-бирибизге жардам берип турчубуз. Жумушта жаралган маселелер жана даректи кантип табуу тууралуу да баарлашчубуз. Мен да өзүм билген маалыматтар менен бөлүшүп турчумун. Анан ал топто эмнегедир режиссёр Григорий Добрыгин да бар экен. Алгач ал киши менин аватаркада турган сүрөтүмдү көрүп, тасмадагы мигранттын ролуна туура көрүп, анан мени менен байланышты.

— Дароо эле жолугууга чакырыштыбы?

— Жок. Алгач социалдык тармактан сүйлөшүп, тасма тууралуу маалымат берип, анын сюжетин кыскача түшүндүрүп беришти. Баарын түшүндүргөндөн кийин анан менин макулдугумду сурашты. Албетте, дароо эле макул болдум.

— Фильмде сиз менен башкы ролду аткарган актриса Ксения Раппопортту таанычу белеңиз?

— Жок, таанычу эмесмин. Кастингге барып, көп актрисалар менен өнөктөш катары кинодогу ролдорубузду аткарып көрдүк. Акырында режиссёр кайсы актриса менен ойноо мага жеңил, ыңгайлуу болгондугун сураганда мен Ксенияны (Ксения Раппопорт — ред.) тандадым. Андан кийин гана ал көп кинолордо ойногон белгилүү актриса экенин билдим. Экөөбүз абдан тез тил таап, көнүшүп кеттик. Аны менен бирге фильмге тартылуу мага абдан жеңил болду. Ксенияны тандаган дагы бир себебим, мага абдан таланттуу жана жагымдуу көрүндү. Кийин ойлогондой эле түшүнүшүп, оңой иштешип кеттик.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ксения Раппопорт (@kseniarappoport)

— Мурда тасмага тартылып көрбөгөн соң алгач коркунуч, толкундануу болсо керек?

— Ооба, башында камерага көнө албай кыйналдым. Кино тартуучу топтон да тартынып жаттым. Андан кийин баары шар эле жүрүп кетти. Кино тарткан команда да өтө күчтүү, кесипкөйлөр экен. Баарынын мага болгон адамгерчиликтүү мамилеси жакты. Тартылуу маалында баары колдоо көрсөтүп, жардам берип жатышты. Ошол себептен бул чөйрөгө чочуркабай тез аралашып кеттим. Аларга рахмат айтам!

— Акы төлөө жагы кандай болду?

— Гонорар алдым. Бул жагынан да таарыныч болгон жок.

— Сизди режиссёр Григорий Добрыгин издеп жүргөнүн жакында эле "Вечерний Ургант" теле берүүсүндө айтты эле. Жолуктуңузбу?

— Ал киши менен 20-октябрда жолугуп, "На близком расстоянии" тасмасынын бет ачарына бирге барып келдик.

— Фильмдин бет ачарында экрандан өзүңүздү көрүп кандай абалда болдуңуз?

— Башкача бир толкундандым. Экрандан өзүмдү көрүп отуруп, ар кандай эмоцияларга кабылдым. Айрым жерлеринен уялдым, сүйүндүм, күлкүлүү кадрларын көрүп боорум эзилип күлдүм. 

Показ фильма Григория Добрыгина На близком расстоянии, где снялся курьер Нурбол Кайрат уулу
© Фото / предоставлено Нурболом Кайрат уулу
Нурбол Кайрат уулу: экрандан өзүмдү көрүп отуруп, ар кандай эмоцияларга кабылдым. Айрым жерлеринен уялдым, сүйүндүм, күлкүлүү кадрларын көрүп боорум эзилип күлдүм.

— Мындан ары киного тартылуу ниетиңиз барбы?

— Ооба, дагы киного тартылуу ниетим бар. Режиссёр Добрыгин актёрдук жаатында билим алгым келер-келбесин сурады. Ага окугум келерин айтсам, Москвадагы окуу жайлардын бирине актёрдук чеберчилик жаатында окууга киргизүүгө жардам берерин билдирди. 

— Москвада иштеп жүргөнүңүзгө канча жыл болду? Баргандан бери эле курьер болуп иштейсизби?

— Москвага эки жыл мурда келгем. Өзүм Ош облусунун Кара-Кулжа районунан болом. Россияга келгенден бери эле көбүнчө курьердик кызматта иштедим. Азыр деле курьер болуп иштеп жатам. Үйдө беш бир туугандын ортончусумун.

— Ата-энеңиз фильмге тартылганыңызды кандай кабыл алды?

— Абдан сүйүнүштү. Учурда атам Астанада иштейт. Негизи мен да Астанада төрөлгөм. Апам ден соолугуна байланыштуу азыр Кыргызстанда.

— Алдыда кандай максаттарыңыз бар?

— Мен негизи тил үйрөнүп, дүйнөнү кыдыргым келчү. "На близком расстоянии" фильминин бет ачарында россиялык режиссёр, продюсерлер менин кинодо ойногонумду мактап, жакшы ойлорун билдиришти. Алар да кааласам ушул жаатта билим алуума жардам беришерин айтышты. Бул тууралуу да ойлонуп жатам.

583
Белгилер:
Россия, Мигрант, фильм, актер
Тема боюнча
Россиялык тасмага тартылган кыргызстандык курьерди режиссер издеп жатат. Видео
Копоев: актёрлук кесипти ызадан, таарынычтан улам тандагам
Саякатчы блогер Лариса Булин

Кыргыздарга суктанып көзүнө жаш алган россиялык блогер: бактымды таптым!

329
(жаңыланган 21:16 23.10.2021)
Республикабыздын ажайып кооз жерлерин баяндап жүргөн россиялык блогер кыргызстандыктардын да көңүлүнөн түнөк тапты. Эл оозуна алынып келе жаткан Лариса Булина Sputnik Кыргызстанга маек курду.

Аны менен бирге бакыттын табиятын түшүнүүгө аракет кылдык, көбүрөөк чачуу зарыл болгон руханий жарыктан баян салдык. Булина Кыргызстанга, табиятына ашык болгонун, бирок өлкөбүздүн көз жоосун алган жерлери жөнүндө эмнеге чет өлкөлөрдө биле беришпейт деп кейиди.

— Көпчүлүк кыргызстандыктар, анын ичинде мен да сиздин чыгармачылыгыңызга куштарбыз. Өлкөбүздүн "сыйкырына" арбалып, ички сезимдериңизди ачык билдирген ролигиңизди көргөндөрдүн саны бир топ. Анда түпкүрүңүздө кандай жан болууну самасаңыз, Кыргызстанда дал ошондой экениңизди, биздин эл аркылуу өзүңүздү өзүңүздөй кабылдаганыңызды жашырбапсыз. Жүрөктөн чыккандыктанбы, көпчүлүктүн көңүлүнөн түнөк таап, көздөрүнө жаш алдырган. Аны көргөн апам да жашып алды эле.

— Саламатсызбы, Кыргызстан (күлүп)? Кээде акцент жок сүйлөйт экенсиң деп калышат, бирок бул эки сөздү туптуура айта алганыма өзүм да сыймыктанам.

— Ооба, кыраатын келтирип айтат экенсиз. Биздин өлкөгө экинчи ирет келишиңизби?

— Алгач Кыргызстан жөнүндө эч кандай маалыматым жок эле. Париж, Токио, Алматы, Ташкент туурасында укканыңда көз алдыңа кандайдыр элес тартылат. Бирок, менимче, Россияда деле Бишкек Кыргыз Республикасынын борбору экенин билгендер аз. Өлкө, атап айтканда, каада-салты, кооз табияты, меймандостугунан кабары жок.

Жаңы учуп келгенимде бул өлкөнү тандаганым туура чечим экенине ынангам. Улам бир жаңы табигый объектини көрүп, жаңы адамдарды кезиктирип, тамшандырган азыктарды татып, ар жолкусунда терең таасирленип жаттым. Көңүлүмө төп келбеген өлкөлөрдү чагылдырган да роликтерим жок эмес. Жакпай турса да жылмаюуга туура келет, анткени материал тартып, кандайдыр контент жасайсың. Ал эми бул жактагы тасмалардын баары чын дилден тартылып жатты. Сиз белгилегендей, көрүүчүлөрдүн көп болушуна ошол себеп болду өңдөнөт. Бул теманы дагы улаганым дурус деген бүтүмгө келдим. Азыр менин аудиториям дал ушундай контентти күтөрүн туйдум.

Блогер ийгиликке умтулса, эң оболу өз аудиториясына кулак салууга тийиш. Унутта калбоо үчүн дагы бир ирет келейин дедим. Ошентип маңдайыңызда отурам (жылмайып).

— Кыргызстанды чагылдырган роликтерден кийин каналыңызга кандай ой-пикирлер келди?

— Негизинен кыргыздар жазылыптыр. Оголе көп комментарий келди. "Биз кандай ажайып кооз өлкөдө жашарыбызды унутуптурбуз,  Лариса. Эске салганыңыз үчүн ырахмат! Биз мамлекетибиз менен сыймыктана түштүк" деген тейдеги ыраазычылыктар арбын. Бул мен үчүн абдан баалуу, алдыга кадам таштоого түрткү берет.

Орто азиялыктар ыраазы болгонду билген калк келет экен, аларга контент жасоонун өзү эле жагымдуу. Жагымсыз пикирлер сейрек. Бир жолу гана толмоч кыз экенимди айтышкан (күлүп). Анткен менен ачык негатив камтылган комментарийлер жок. Кызуу көз салуу менен гана чектелбестен, жактырганын билдирип, пикирлерин, анан да жагымдуу ойлорду жазышат. 

Российский блогер-путешественник Лариса Булина во время интервью редакции Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Лариса Булина: 28 мамлекетке баргам, негизинен Европада көп болдум. Арасында абдан таасирленткен жерлердин бири — Непал, бөтөнчө бир маданиятка ээ өлкө. Кыргызстанда да мага жакканы — каада-салттардын арбындыгы

— Канча өлкөнү кыдырдыңыз?

— 28 мамлекетке баргам, негизинен Европада көп болдум. Арасында абдан таасирленткен жерлердин бири — Непал, бөтөнчө бир маданиятка ээ өлкө. Кыргызстанда да мага жакканы — каада-салттардын арбындыгы. Алар туристтер үчүн эмес, күнүмдүк тиричиликте сакталып калганын көрдүм. Көчмөн маданияттын интерьер элементтери, мисалга боз үйдүн түндүгүн алалы. Бир жакка барганыңда мейман катары сага өзгөчө – төрдөн орун берилет, даамдан да биринчи сен ооз тиесиң. Россияда андай эмес, биз антип жашабайбыз. Түпкү маданияттын изи жоголуп, Европага көбүрөөк ыктап кеткенбиз. Майрамдарда гана масленица, пасханы эстеп калганыбыз болбосо, аң-сезимде, күнүмдүк турмушта жок. Непал да – бөтөнчөлүгү, кооздугу, бейпилдиги үчүн кайра кайткым келген жерлердин бири. Бирок Кыргызстан мага түшүнүктүү өлкө, бир тилде сүйлөйбүз.

— Кыргызстанга келген айрым жердештериңиз бул жакта Москвадагыдан да орусча так сүйлөшөрүн айтып калышат.

— Кыргыздардын комментарийлери көп, дээрлик баары абдан сабаттуу, адабий тил менен жазылган. Ыраазычылыктарын ушундай көркөмдөп, жамактатып, чын дилден жандуу билдиришет. Мындай өтө сейрек кездешет эмеспи. Мен кыргыздардын тилди мыкты билгендерине эмес, ички сезимдерин абдан көркөм билдире алгандарына таң бердим.

— Бишкекте орусча жакшы сүйлөшөрү түшүнүктүү. Ал эми аймактарга барганыңызда эл сизди түшүнүп жаттыбы? Мисалы, Өзгөнгө барганыңызда?

— Ал жакка барганда мени каарманым тосуп алды. Алтынай атасы менен бал челек кармайт. Кайра-кайра: "Лариса, мен тилди начар билем" деп тартынганы менен орусча абдан жакшы сүйлөйт экен.

Кыргызстандын түштүгүндө орус тилин Бишкектегидей билишпесе да адамдар баары бир сүйлөөгө аракет кылышарын байкадым. Кайсы бир өлкөгө келгенде ошол мамлекеттин тилинде бир нече сөздү жаттоого тырышам. Себеби жергиликтүү тилде сүйлөсөң, анын дүйнөсүнүн каалгасын ачкандай болосуң.

— Жогоруда кеп козголгон роликке кайталы. "Мен бул жерде өзүмө өзүм жагып турам, чындыгында кандай сулуу экениме ушул жакта ынандым. Көңүл түпкүрүндө өзүмдү дайым ушундай көргүм келген" деген сөздөрүңүздү тыңдадык. Чечмелеп бересизби?

— Москвада турам, бул кандай кымгуут, кандай ыкчам калаа экенин баары билет. Анан да менин жашоом боёнуп, өз иштерин аткарган ханбийкеникиндей эмес. Кээде көздөрүмдөгү нур, кандайдыр бир эркиндик, чын жүрөктөн жылмаюуга умтулуум жоголуп баратканын байкап калам. Жумушум стресске жык. Анткен менен позитивдүү жанмын. Айрым учурда гана мага ошол эркиндик, гаджеттердин баарын өчүрүп, роликти тезирээк чыгаруу үчүн пайда табууга, желедегилер мени таппай калбасын деп сторис жаздырууга жанталашпастан, кере-кере дем алууга мүмкүнчүлүк жетишсиздик кылат.

Изги нерселер аз, ал эми айланаңда андай болсо, ички дүйнөңдө да алар кемий түшөт. Кайдадыр жашынып алган сымал. Анан кача баштайсың, айланаңда болгондорго баам салбайсың. Азыр кайра жашып жиберчүдөй болуп турам...

Адатта ролик тартуунун алдында камылга көрөм. Ал эми ошол тасмада чатырдан чыгып, камераны жандырып, өзүм жөнүндөгү ойлорумдун баарын саймедиредим. Ошол сапарымда терс сапаттарымдын баары кайдадыр бекинип, сыртка ичимдеги ошол жарык, жашоого болгон сүйүү чагылгандай болду. Ошондогу сүрөттөрүмдү карасам, боёнгон да эмесмин, бирок көздөрүм жайнап, бактылуу экеним байкалат.

— Роликте сиз белгилегендей, менин түшүнгөнүмчө жашообузда маятниктер бар, алар кайсы бир адамдар, жагдайлар, же начар нерселерге, жагымсыз сезимдерге дайым түртүп турган бүтүндөй шаарлар да болушу ыктымал. Сизди бир жактан экинчи тарапка калчайт. Ал качан гана көңүлүңүз жай алып, тынчтанып, эркиндикке жана бакытка ээ болуп, ак жарыгыңызды чачкан кезиңизде гана токтойт. Ошондо гана сизди жай коюп, сиз алардан арыласыз. Ал көздөрүңүзгө чагыла баштайт.

— Эми көздөр алдай албайт эмеспи, баарын билдирип коёт. Болгону аларды окуй билген бар. Кээ бири элес албайт.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Лариса Булина (@turdurtravel)

— Ооба, бирок биз кеп салган ролигиңизде баары айдан ачык. Ал YouTube каналыңыз аркылуу да байкалып турат, менимче, көрүүчүлөрүңүздүн көбү бир жашып алса керек. Ал үчүн сизге абдан ыраазыбыз. Ал бизге чоң эргүү берди.

— Ырахмат айтуунун кажети жок.

— Блогерлик сизге эмне берет?

— Мен иштейм, өз ишиме ичим чыгат, бирок мында блогду өркүндөтүү максаты бар. Качандыр бир кезде юрист, кыйла жакшы да адис элем. Бирок кайсы бир мезгилде ал багытта өнүгүүгө умтулбаганымды аңдадым.

Блог ачканымда берилип аткарып, бош убактымды болушунча бул багытка жумшап, түк өкүнбөй турган жалгыз ушул иш экенин түшүндүм. Башкача айтканда, көйнөк сатып албай коюшум мүмкүн, бирок роликтеги түстөргө түзөтүү киргизүүгө, тасма тартууга каражат сарптап же кайсы бир өлкөгө билет сатып алам. Андан убактымды да, каражат, күч-кубатымды да аябайм. Анын өтөөсүнө чыгып жаткандыктан азыр дагы тереңдетким келет.

Бул мени кайда алып барарын билбейм, бирок роликтерди эч ким көрбөгөнүн түшүнгөндө таштап койгум да келген учурлар болбой койгон эмес. Кызыксыз тартып жатамбы деп жүрөксүгөм, бирок баары бир жасаган ишим көңүлүмө төп. Бул жумуштан абдан ырахат алам, ошол себептен мындан баш тарткым жок. Уланта алышымча бул ишти аткара берем.

— Билишимче жакында каналыңыздын мааракеси өттү. Куттук айтам.

— Өзүм элес албапмын (күлүп). Каналга алгач видео койгонумда аны ачып жатканымды деле туйган эмесмин. Нидерландга болгон сапарым тууралуу тасманы монтаждадым. Жакшы чыкты, анан: "Досторум сапарым кызыктуу өткөнүнө кубанып калышсын, кандай таланттуу экенимди көрүшсүн деп Фейсбукка коёюн" деген ой келди. Бирок социалдык медианын бул бутагына чыгаруу үчүн постума тасманын шилтемеси керек эле. Ютубга роликти коюп, шилтемесин көчүрүүгө болорун билдим. Анан чыкканда: "Укмуш болуптур, сен улантышың керек, бул иш колуңдан келет" деген 50 чакты комментарий жазылды.

Жарым жыл өтпөй Грузияга жөнөдүк. Ал жактан мен ютубдук форматка дегеле коошпогон ролик тартып, аны "Грузияда кантип турмушка чыгуу керек?" деп атагам. Анткени ошол жердеги улутташтарым түтүн булатышкан эле. Аталышы орус кыз грузинге турмушка чыгып жаткандай таасир калтырат. Анткен менен каналда тасманын аталышы жазылбаса да, эч нерсеси коюлбаса да ошол роликти 60 миң киши көргөн.

Анан өзүмчө: "Оу, кандай кыйын блогермин! Токтоосуз бир нерсе тартууга тийишмин!" – дедим (күлүп). Уланта бердим, видеолорду 600дөй киши көрүп жүрдү, бирок грузиялык ролик мага чоң дем берип турду. Ошентип баары башталып кетти.

— Көпчүлүк: "Блогерлердин жашоосу жеңил, аларга акча оңой-олтоң табылат" – деп ойлошот. Каналыңызда пайда жагы жок да өңдөнөт...

— Бар, бирок абдан аз. Болжол менен Кыргызстандан 10 ролик менин жол киремди актап берди. 

Российский блогер-путешественник Лариса Булина во время интервью редакции Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Лариса Булина: мен кыргыздардын тилди мыкты билгендерине эмес, ички сезимдерин абдан көркөм билдире алгандарына таң бердим

— Бул да дурус экен.

— Ооба, бирок бул чыгымдарымдын бештен бир бөлүгү гана. Анткен менен акча үчүн гана иштеп болбойт.

— Биздин орток досубуз Адилет Ногойбаев азыркы күнгө дейре негизги ишинен алган маянасын өз каналына чын ыкластан жумшайт. Өз ишин сүйөт. Көпкө чейин элге тааныла албай, тааныш, туугандарына күлкү болгонуна карабай таштап койбоду. Дээрлик эч ким ага ишенген эмес эле. Кыргызстанда эми блогерлик жаңыдан жанданып, буга Адилет Ногойбаевдин салымы чоң. Ага сый көз караш пайда болууда. Ал эми сиздин чыйыр кандай салынган?

— Мен али жолдун башындамын. Ачыгын айтайын инстаграмга да Ютубдан кийин катталгам. Анчейин аны этибарга албай, социалдык медианын башка бутактарына убакыт короткум келчү эмес. Мага Ютуб жагат. Эгер жөндөмүң, билим, өнөрүң жетишсиз болсо, ал жакта сен пайдалуу болчу күлкүлүү, маалыматтык жүгү бар же жүрөктөрдү козгой турган өндүрүм алып чыксаң болот. Көргөн адам кандайдыр сезимдерге чулганат, маалымат алат, кеп-кеңеш угат. Ал эми инстаграм мен үчүн аудитория менен байланыштырып турчу аянтча. "Балдар, салам. Менде баары жайында. Жаңы роликти монтаждап турам, эртең чыгат, – деп менин жашоомо кызыккан, Ютубдан инстаграмга өткөн адамдар баарлашып турганымды сезсин деген тилек менен жазып турам. Блогер үчүн бул абдан маанилүү.

— Имидждик кызыкчылыкпы?

— Ачыгын айтсам, беделим кандай экенин деле билбейм. Инстаграмда кандайдыр концепциям деле жок. Бирок таңда бир жылмайып, учурашып туруу абдан чоң мааниге ээ. Аудиторияң менен байланышта болууга өбөлгө түзөт.

Досторумду жакшы көрөм, бирок аларга алектенген ишимдин кызыгы жок. Кээде буга капа да болом. "30 миң киши катталган каналыма. Кимиңерде мынча адам бар? Куру дегенде: "Булина, кантип жасадың муну, мынча контактты кантип топтодуң?" – деп сурап койгула деген ойлор келет. Алар стористерди көрүшөт да, бирок алар кызыкпайт. Менин контентим кимге кызык экенин талдай билем. Бирок жакын адамдарым болгон соң аралашып койсо деле болот го.

Эч нерсе сурашпайт. Ушул жолкусунда гана Кыргызстанга бара жатам, жергиликтүү телеге чыгам, радиого маек курам дегенимде гана алар: "Кантип буга жетиштиң?" – дешти (күлүп). Башкача айтканда, деңгээлим көтөрүлүп, элдин кызыгуусу жаралып жатканына алар эми таң калып жатышат. Мындан ары алар да кызыгып көрүп калар. Бул ишим менен сыймыктанам, ички туюм менен туура жолду тандап алдым деп эсептейм.

— Бул көздөрүңүздөн байкалып турат.

— Ооба. Орто Азия боюнча эксперт болгум келет, ишти Кыргызстандан баштагым бар.

— Орто Азия боюнча эксперт дегенди кандай түшүнсөк болот?

— Бул жакка же Өзбекстанга келген саякат (трэвел) блогерлер бар. Ролик тартып, көчөлөрдү кыдырып, даам сызып, бир нерселерди көрсөтүп гана коюшат. 

Российский блогер-путешественник Лариса Булина и шеф-редактор Sputnik Кыргызстан Эркин Алымбеков во время интервью
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Лариса Булина: Россиядагылар Кыргызстан тууралуу эч нерсе билбейт. Бөлөк өлкөлөрдүн тургундары деле биле бербесе керек. Эгер өлкө өзүн таанытса, туристтердин аягы үзүлбөй калса керек эле

— Үстүртөн дейсизби?

— Ооба. Аларды жергиликтүү орус тилдүү аудитория көрөт чыгар. Бирок алар сапаттуу аудиторияны таба алышпайт. Дегеним, сен эмне менен алек экениңе кызыккан адамдар. Көрүүчү каналга баш багып, менин багытымды көрөт. Анын назарына Бишкектен бир, экинчиси Парижден, үчүнчүсү Албаниядан тартылган, андан соң Нью-Йоркко сапарым тууралуу роликтер сунушталбайт. Каналда өзүн кызыктыра турган маалыматтар камтылганын билет.

Тар багыт. Менимче, бул – бардык жерде жана эч жерде болбогондон көрө туура нерсе. Башкача айтканда, ошол эле Парижге үч күнгө бардыңыз дейли. Андайда сапаттуу контент жасай албайсың. Балким кооз тасма тартып, бир нерсени ачып берип же круассан кантип даярдаларын көрсөтөрсүң. Ал эми бир чөлкөмдө жүрсөң, эксперт болууга мүмкүнчүлүгүң бар. Башкача айтканда, билген, талдап бере алчу кишиге айланасың.

Анан да бул жакка туристтерди тарткым келет. Россиялык киши инстаграмдагы баракчама кирсе, бул кыз өлкөдөгү даамдардан татып, баары менен таанышканын, жакшы жерлерди билерин, ага ишенүүгө болорун түшүнөт.

— Демек, биздин Туризм министрлигинин милдетин аткаргыңыз барбы?

— Жок. Өз блогумдан пайда табууну гана көздөйм (күлүп).

Сын айтсам болобу? Сиз атаган министрликтин ишинде чоң кемчилик бар. Россиядагылар Кыргызстан тууралуу эч нерсе билбейт. Бөлөк өлкөлөрдүн тургундары деле биле бербесе керек. Эгер өлкө өзүн таанытса, туристтердин аягы үзүлбөй калса керек эле. Бул айныгыс нерсе. Анткени Ош жана Бишкектин четине чыкканымда эле табияттын койну укмуш экенин түшүнгөм. Боз үйгө кирип даам сызган, бүркүт салмайды же улак тарткандарын көргөн киши кайдыгер калбаса керек.

— Балким, сиз ошондой кабылдаган чыгарсыз. Мүмкүн башкаларга кадыресе көрүнүш катары сезилер.

— Мен баарына сын көз караштамын, көрүнгөн менен сыймыктана бербейм. Жакпаса оюмду жашырбайм.

— Анан да 28 өлкөнү да кыдырып келсем деңиз...

— Арасынан 3-4 өлкөнү дагы бир көргүм келет, бирок ар биринин өзгөчөлүгү бар. Жайлоодо, боз үйдө түнөгүм келет. Отелдегидей шарттардын жоктугуна баары эле даяр эмес. Бул жакка турларды сатууга болот. Туризм агенттигинин чоң көйгөйү өлкөнүн сыртка таанытылбаганында.

— Сизге ийгилик каалайм, чыдамсыздык менен сиз уюштурчу турларды күтөбүз. "Акылды эмес, жүрөктү тыңдап" жашайт окшойсуз? Ушундайбы?

— Татаал собол. Олуттуу чечим кабыл аларда акыл менен чечем, бул көп учурда жолтоо болот. Менимче, сүйүү үчүн деле жашоого арзыйт, бул – ушундай жападан жалгыз баалуу сезим.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Лариса Булина (@turdurtravel)

— Жакыныңызга арзуубу?

— Ооба, дегеле өзүңдү сүйүү деле. Сүйө билүүдөн арылбаш керек. Көп адамдар ушул касиетти жоготуп алышат.

23 жашыбызда курбуларым жигиттерди жек көрүп, сүйүүдөн түңүлүп, сезимдер менен эмес, башка нерселерге басым коюу менен мамиле курууга тырыша башташкан. Тилекке каршы, өздөрүн эч качан сүйбөгөн адамдар да жок эмес. Бул абдан коркунучтуу. Өзүңдү өзүң сүйө албасаң, башкаларды сүйгөндү жана башкалар сени кантип сүйүш керектигин билбейсиң. Кеп эгоизм эмес, өзүңдү туура сүйө билүү жөнүндө.

— Өзүңдү өзүң таануубу?

— Ооба, бирок ошону менен бирге эле блогдо менин образым жашоодогудан бир аз айырмаланат. Анткени өзөгүмдө абдан катуу, кескин көз караштагы кишимин. Өзгөрүүгө, бир аз жумшарууга аракет кылып келем.

Анткен менен дайым жүрөккө кулак сала берүү да натуура. Менимче жүрөк менен акыл-эстин ортосунда туура тең салмактуулук болушу шарт. Турмуштагы эч бир чечимиме өкүнбөйм. Акыл-эс басымдуулук кылдыбы же жүрөктү тыңдап туруп алдым беле, өкүнүүнүн дегеле кажети жок.

— Кошулам.

— Өз чыйырым өзүмө жагат. "35ке чыгып алып, дале жүрөт" дешер. Бирок бул процессте мен бактылуумун. Балким бир нече жылдан кийин үй-бүлө күтүп, үй алып, ит багармын. Же андай да болбойт чыгар. Кандай жол түптөлсө да, ал мага таандык. Кандай багытка түшпөйүн, бактылуу өмүр сүрүүгө тийишмин. Гармонияда жашай ала тургандай чечимдерди кабыл алууга жан үрөйм.

— Жеке жашооңузга "баш баксак"... Көрүүчүлөрүңүз арзышкан адамыңыз бар-жогуна да кызыкпай койбостур.

— Айтмакчы, видеолордун алдында турмушка чыккан-чыкпаганым жөнүндөгү суроолорду көп калтырышат (күлүп). Ооба, сүйгөнүм бар. 

Российский блогер-путешественник Лариса Булина и шеф-редактор Sputnik Кыргызстан Эркин Алымбеков во время интервью
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Лариса Булина: олуттуу чечим кабыл аларда акыл менен чечем, бул көп учурда жолтоо болот. Менимче, сүйүү үчүн деле жашоого арзыйт, бул – ушундай жападан жалгыз баалуу сезим

— Өзүңүз тууралуу эмне айткыңыз келет?

— Жумушка баратканымда метродо блогдо айтыла турган көп ойлор жаралат. Көп учурда жакшы ойлор келет. Балким бул көндүм пикир сезилер, бирок адам эч качан токтобой жана өзүнө-өзү ишенүүдөн тайбоого тийиш. Ата-энеден сырткары өзүңүзгө өзүңүздөй эч ким ишенбейт. Эгер адам бул нерседен куру калса, анда ийгилик качат. Каналды иштетүү керек, жумушум да бар, спорт залга же башка жакка барууга убакыт калбайт. Бирок буларга карабастан көңүлүмдөгү ишти аткарып жатканымды так билгендиктен, оордугуна кайылмын. Ушундай ойго ар бир адам келиши керек. Муну азыр түшүнгөнүмө, өз багытымды тапканыма курсантмын.

Бактыңды же гармонияны издөөдө токтоого болбойт. Өз ордуңду тапканыңа, өз ишиң менен алектенип жатканыңды сезүү зарыл. Антпесе, жашың өткөндө эмнени эстейсиң? Кыжаалатка салып, туталанткан жумушуңдубу? Сүйбөгөн адамдар менен жашаганыңдыбы? Бул кейиштүү нерсе. Тилекке каршы, көпчүлүк адамдар өмүрлөрүн дал ушундай өткөрөт.

— Сиздин оюңузча бакыттын формуласы барбы? Бакыт деген эмне? Соңунда эмнеге ээ болосуз?

— Кыйын суроо. Абдан дымагым чоң, өзүмдү өзүм өнүктүрүү тууралуу көп ойлойм. Бул мен үчүн дайым чоң мааниге ээ. Турмушка чыгып, жолдошумдун кең далысынын аркасында отуруп калчулардан эмесмин. Андай нерсе мага жат, бирок андай ролду да каалаган учурлар болбой койбосо керек. Анткен менен башка ролду тандагым келет. Бакыт – бул, менимче, мүмкүнчүлүктөрдүн эч бирин колдон чыгарбай, өзүңдү өзүң өркүндөткөнүңдү түшүнгөнүң.

— Жетишпей каламбы деп чочулабайсызбы?

— Иштин ыргагы азыр күч деп айтыш кыйын. Бирок аны шашкалактап аткарамбы? Менимче, жок. Калдастаганың — бул күн сайын бирден блог чыгарганың болсо керек.

— Жок, дегеним күндө беш блогдон чыгарып деле коё аласыз, бирок көп жанталаша бербейсиз. Ички жана руханий абал – жымжырттык. Ошондо да жакшы менеджер катары бардык ишти жайгара аласыз.

— Бүгүн бир кыргыз сүрөтчү менен маектештим. Жолдо баратып маекке даяр эмес экенимди, суроолорумдун жоктугун ойлодум. Эмне жөнүндө баарлашарымды билбедим. Анан тасманы тарта баштаганда аңгеме-дүкөнүбүз өзүнөн-өзү ачылды. Бир суроо бердим, анан экинчи, үчүнчүсүн узаттым... Адам берилип жооп берип жатканын байкадым. Анан мен да ошол толкун, ошол агымга түштүм. Өзүмө абдан ыңгайлуу чөйрөнү таптым. Эч жакка шашылбастан, маекти тасмага түшүрүп жаттым. Маегибиз жакшы болду. Кээде камераны кармап алып материал даярдоого киришем. Дал ошолорду катуу камынып тарткандарыма караганда эл көбүрөөк көрөт. 

Российский блогер-путешественник Лариса Булина во время интервью редакции Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Лариса Булина: "Кыргызстанга кантип жалгыз бардың?!" – деп сурап калышат. Көпчүлүк үчүн рюкзакты артына эс алуу кооптуу туюлат. Жаңы нерсе коркунучтуу. Ал эми мен коркпойм. Эгер жолуңду бир аз өзгөртсөң, жаман деле нерсе болбойт

— Жан дүйнөгө жакын, жарык чача турган пайдалуу нерселер менен бөлүшкүңүз келерин түшүнөм. Бирок бул иште хайптын элементтери да талап кылынат. Буга чакан мисал – "Грузияда кантип турмушка чыгуу керек?" деп атаганыңыз.

— Балким, "Кыргызстанда турмушка чыктым" деген ролик даярдап көрсөмбү (күлүп)?

Видеону монтаждоодо дароо көзгө уруна тургандай атап, кызыктуу кириш сөз кылуу абзел. Бирок дайым маңызына айкалышып, ошону менен бирге эле жагымсыз пикирлер камтыбаганга тырышам.

Ал эми хайп… Балким пикирим өзгөрөр, бирок бул да арсар. Биздин блогерлерди карап, кээде алар үчүн аябай уялам. Адамдар эл көрсүн деп эле эмнеге өзүн сыйлоодон да тайып кетет десеңиз. Алар өз үнүн кошпостон, хайпты гана элге сунат. Терс маалымат кызыктырат. Себеби, маселен, бирөөлөр ажырашып жатканын көргөндө адамдын ичинде "менде абал анчалык деле жаман эмес экен" деген механизм иштелип чыгат.

— Жүз кызарта турган кубанычпы?

— Ооба. "Ал чалынып кетиптир, мен түз баратам" дегендей. Жашырууга тырышар, бирок бул сапат ар бир адамда бар. Ал сезимди козгогум келбейт. Бирок кайгылуу контент болуп, аны айткым келсе, айтуудан тайманбайм. Бирок көрүүчүлөргө бөлөкчө сунам.

— Көздөгөнүңүз – каналыңызга катталуучуларды көбөйтүүбү? Мисалы, миллиард катталуучуңуз бар экенин элестетиңиз, кандай жагымдуу болмок. Бул деген чоң таасир эмеспи. Жалпыга жарык ойлоруңузду "чачасыз". Таасир этүү да сиз үчүн максатпы?

— Таасирдүүрөөк болууну самабайм. Балким блогерлер эбегейсиз таасирге ээ болор, бул кадыресе көрүнүш чыгар. Бирок жеке мага көп нерсе таасир эте бербейт. Блогерлердин эч бирин көрбөйм. Кайсы бир блогер менин бир нерсе тууралуу оюмду өзгөртүүгө кудурети жетерин ойлобойм. Пикир жаратып же аны өзгөртүү үчүн мага бир нече маалымат булагы зарыл.

Сиз сураган таасир боюнча, мага андан кеп козгоого али эрте. Эгер ошого жетишсем, адамдар менин өмүрдү сүйүү, эч нерседен жазганбаган (коркпогон) жөндөмүмдү алышсын.

— Сонун. Сөздүн уюткусу ушул. "Эч нерседен коркпоо" деген эмне?

— Албетте, дартка чалдыгуудан, жакындарымдан айрылуу өңдүү нерселерден коркпой коё албайм. Кезегинде альпинизм менен алектенгем. Тегеректе тирүү жан жок тоолордо түнөп, атка минип, чаптыра да алам. Көңүлгө анчалык төп келбесе да, буларды изилдөө максатында аткара берем.

"Кыргызстанга кантип жалгыз бардың?!" – деп сурап калышат. Көпчүлүк үчүн рюкзакты артына эс алуу кооптуу туюлат. Жаңы нерсе коркунучтуу. Ал эми мен коркпойм. Эгер жолуңду бир аз өзгөртсөң, жаман деле нерсе болбойт. 

Российский блогер-путешественник Лариса Булина во время интервью редакции Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Лариса Булина: Кыргызстан жана кыргызстандыктарга өз өзгөчөлүгүн сактап калышса экен дейм. Өлкөнү өнүгүү, ийгилик күтөрүнө ынанам. Анткени бийликке да эмес, баары адамдарга жараша

— Жолду өзгөртүппү?

— Акыркы жылдары саякатка көп чыгууга тырышам, ал эми үйдө кадимки турмуш. Кызыктуу нерселердин баары саякатта болот. Жаңы нерселерден чочулабай калдым. Атка минип, тоого чыкканыңды көргөн айрым кишилер: "Мага мындайдын эмне кереги бар? Андан көрө Түркияга аттанганым оң. Таңкы тамагы кошо эсептелген" деген ойго келер. Эр жүрөкмүн дебейм. Бир жакка камынып калсам, айланадагылар "Дагы кайда барасың?!" – деп сурашат. "Бул менин кадимки жашоом", – дейм.

— Уяла турган жоруктарыңыз болду беле?

— Аябай уялып, ал түгүл ыйлаган учурум да болгон. Былтыр эле. Теледе түз эфирдин продюсери болчумун. Бир жарым жыл иштебей жүрүп, жайбаракат жашоого көнө түшүптүрмүн. Абдан стресске жык иш эмеспи. Тыныгуудан соң пандемия башталганда кайра кайткам.

Башында аябай кыйналып, азыр көнүп калдым. Продюсермин, көп процесстерди да, эфирди да көзөмөлдөөгө тийишмин. Модель эфирде туура эмес кылганын көрүп, катуу кыйкырып урушуп жибердим. Анткеним үчүн кийин аябай уялдым. Буга дегеле негиз жок эле. Ал абдан жакшы кыз эле. Кайра өзүм кечирим сурадым. Күнү-түнү иштеген канал, түз эфирде 14 саат отурабыз. Дайым стресстик абал чектен чыгарат. Бирок артыкчылыгым – катачылыгымды дароо аңдап, кечирим сураганым. Бул – чабалдыгың эмес, тескерисинче, күчтүүлүгүң.

— Биздин окурмандарга кандайдыр каалоо-тилегиңиз бардыр...

— Кыргызстан жана кыргызстандыктарга өз өзгөчөлүгүн сактап калышса экен дейм. Өлкөнү өнүгүү, ийгилик күтөрүнө ынанам. Анткени бийликке да эмес, баары адамдарга жараша. Анткени бийликти адамдар түзөт. Эч нерсе өзгөртө албайбыз деп канча кайталашпасын, кыргызстандыктар баары колунан келерин так билишет.

Көздөрдө азыркыдай нур, тереңдик орун алып, дал ушундай ачык-айрым, меймандос, боорукер бойдон калсаңыздар экен. Тилекке каршы, ушул нерселердин баары жалгыз Кыргызстанда гана байкалат. Кыргыздар, кыргызстандыктардын көбү өз үйлөрүндө калып, өз өлкөсүн өнүктүрүшүн каалайм. Көпчүлүгү тегин жерден сыртка кетип жатпаганын түшүнүп турам. Ошентсе да баары жакшырып, бул жакта өнүгүү жана иштөө мүмкүнчүлүгү жаралса экен дейм.

329
Белгилер:
блогер, Кыргызстан, жаратылыш, табият, ролик, эфир, бакыт
Тема боюнча
Ашхабаддан Таласка чейинки ат чабыш. Кемел Ашыралиевдин тарыхый окуя тууралуу маеги
РФ президенти Владимир Путин Валдай клубунун пленардык жыйынында

Өзгөрүүлөр доорундабыз. Путиндин "Валдай" клубунун жыйынындагы кеби

0
(жаңыланган 23:32 23.10.2021)
РФ президенти Владимир Путин "Валдай" клубунун пленардык жыйынында кенен сөз сүйлөдү. Россия президенти өлкөсү бүт дүйнө сымал эле улам тереңдеп, улам олуттуу тартып бараткан өзгөрүүлөрдү баштан кечирип жатканын белгиледи.

"Акыркы жылдары көпчүлүктүн көөнүндө "Кудай өзгөрүүлөр доорунда жашатпасын" деген кытай макалы бар. Бирок кааласак да, каалабасак да биз аны баштан кечирип жатабыз", — деди Путин.

Путиндин баамында, дүйнө азырынча жаңы тең салмактуулукка жетише элек. Бардык багыттагы бирдиктүү өзгөрүүлөргө эбак көнүүгө тийиш элек, бирок анте алган жокпуз. Россиялык президенттин "Валдай" эл аралык талкуу клубундагы сөзүнүн урунттуу учурларынан РИА Новости агенттиги тандап алып, өзүнчө берген.

РФ президенти пандемия дүйнөлүк коомчулук кандай морт экенин дагы бир ирет эскертип, жашап кетүү үчүн турмушубуздун түзүлүшүн кайра карап чыгуу абзелдигин айтат. Ошону менен бирге эле Путин капитализмдин азыркы үлгүсүнүн убагы өткөнүн, чиеленишип бараткан карама-каршылыктардан анын жардамы менен чыгууга болбостугун белгилейт. Анын пикиринде, дүйнөдө азык-түлүк каатчылыгы күчөгөндөн күчөй берет. Бул көйгөйлөрдүн баары жүрүп отуруп коомго терең жик салат.

РФ президентинин айтымында, бардык мамлекеттер орток көйгөйлөрдү биргеликте чечүүгө даяр экенин билдиргени менен иш жүзүндө дайым андай боло бербейт. Пандемия терс тенденцияларды тездетип гана койду. Анткен менен маселе татаал, саясатчылар эң оболу өз мекендештеринин алдында жооптуу, ошол себептүү эл аралык жана транс-улуттук темалар экинчи планга жылат, жалпысынан кадыресе жана туура кадам.

Президент белгилегендей, дүйнөнүн бүгүнкү абалы — кансыз согуштун натыйжасы, андан сабак алып, бүтүм чыгарып, куралдуу чоң тирешсиз жаңы дүйнө түзүмүн орнотуу зарыл.

БУУ реформасы

Россия лидери аталган жыйында Бириккен Улуттар Уюмуна кеңири токтолду. РФ президенти БУУну айныгыс баалуулук деп атап, дүйнө аны сактап калууга тийиш экенин белгиледи. Ыргагы ыкчам өзгөрүүлөргө көнүүгө дайым үлгүрө бербесе да шашпоо, аны реформалоодо катачылыкка жол бербөө керек. Башка мамлекеттердин анын Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө болуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү маселе Россия тарабынан эмес, консенсус менен чечилиши шарт. Ал эми кеп, анын пикиринде, тең салмактуулукту таба билгенде.

"Эгер туруктуу мүчөлөрдүн вето укугун бузуп койсок, анда Бириккен Улуттар Уюму дал ошол күнү кыйрайт, ал жөн гана Улуттар лигасына айланып калат, бүттү", — дейт президент. 

Президент РФ Владимир Путин на пленарной сессии XVIII ежегодного заседания Международного дискуссионного клуба Валдай. 21 октября 2021 года
© Sputnik / Максим Блинов
РФ президенти Владимир Путин "Валдай" клубунун пленардык жыйынында

COVID-19га каршы күрөш

Россиялык президент COVID-19 пандемиясы боюнча токтолуп, анын курмандыктарынын саны Биринчи дүйнөлүк согуштагы жоготууларга тете, ал тургай андан да ашык экенин эске салды. Ошону менен бирге эле илдетке каршы күрөштө эл аралык жардамга зарылып турган өлкөлөргө каршы санкциялар дале сакталуу бойдон турат.

"Анда батыштык саясий ойдун гумандуу башаты кайда? Иш жүзүндө эч нерсе жок. Курулай гана сөздөр", — деди Путин.

РФ мамлекет башчысы ар бир мамлекетти орунсуз дымактарын жыйыштырып, бул көйгөйдү жеңүүдө чогуу иштөөгө чакырды.

Коронавируска каршы милдеттүү эмдөөнү Путин колдобой турганын, анткени таңууланган чечимден буйтап кетүүгө болорун, ал эми бийлик дартка чалдыккандан көрө эмделген дурус экенин элге далилдеп берүүгө тийиштигин айтты.

Акыл чегиндеги консерватизм

Баалуулуктар да россиялык лидердин сөзүндө негизги темалардан болду. РФ президенти аларды ар бир улуттун маданий-тарыхый өнүгүшүнүн уникалдуу өндүрүмү экенин айтты. Өз ара чырмалышы ой таанымды кеңейтип, өз салт-санааңды башкача карап чыгууга мүмкүндүк берет. Бирок бул процесс убакытты талап кылып, ажырагыс болушу шарт.

"Белгисиз жана болжоп болгус шарттарда баалуулукту таңуулоо аракеттери ансыз да курчуп турган кырдаалды дагы ырбатып, адатта терс реакцияны жаратып, күтүлбөгөн жыйынтыктарга дуушар кылат", — деди РФ президенти.

Путин жыйында Мартин Лютер Кингдин: "...Төрт балам терисинин түсүнө эмес, алардын адамдык сапаттарына карап бааланчу күндүн келерин кыялданам" деген сөзүн келтирди.

"Мына, нагыз баалуулук. Бирок ушул чакта баары башкача болуп жатканына күбөбүз", — деди Путин. Дүйнөлүк түзүм кайра калыптанып жаткан маалда (соңу эмне болору белгисиз) салкын кандуу консерватизм – төмөнгө чөктүрбөй, башаламандыкка батырбай кармаган акылга сыярлык жүрүм-турум чийини.

Путиндин баамында, Батышта аял менен эркектердин укугу тууралуу талкуулар таптакыр эле ашыкча өзгөчө темага айланып, "эркек", "аял" деген түшүнүктөрдүн өздөрүн жок кылууга белсенүүгө чейин жеткендей. Россия лидери эркек бала оңой эле кызга айланып, же, тескерисинче, кыз жеңил эле жигит боло аларына балдарды ынандырып, иш жүзүндө аларга тагдырын талкалап коё турган тандоого түртүшкөнү үрөй учура турган жагдай экенин белгилейт.

Кошумча кептер

Владимир Путин "Валдай" клубунун жыйынында совет учурунан да сөз козгоду. Теңдөө принцибине карабастан өлкөдө өзгөчө жеңилдиктер болгонун, жеке өзү да башка бир топ замандаштарындай эле ошол доордун көйгөйлөрүнө да тушугуп, жагымдуу жактарын да татканын, маселен жакшы билимге ээ болгонун белгиледи.

"Советтик киши" деген сөз айкашы идеологиялык түс алганын, бирок аны каралоо, мазактоо оройлук жана адепсиздикке жатарын айтты.

Путин Афганистандагы окуяларга да токтолбой койгон жок. Айтымында, ал жактагы кырдаал олуттуу мааниге ээ, анткени баары өз чек араларында туруктуу мамлекетти карайт, мындан тышкары, өлкөдө террордук топтор бар. Ал белгилегендей, Афганистанга экономикасын калыптандырып, активдерин ачууга көмөктөшүү керек. Ошол эле убакта Кошмо Штаттардын лидери Жозеф Байдендин америкалык күчтөрдү өлкөдөн чыгарып кетүү чечимин туура деп баалап, бирок аны башкача ашыруу керек эле деп кейиди.

Кеп кезеги Украина маселесине жеткенде Путин бул өлкөнүн калкына алардын мүдөөсүн аткарчу бийлик органдарын мыйзамдуу жол менен түзүүгө мүмкүнчүлүк беришпей тургандай туюларын айтты. Ошол эле убакта аталган республиканын аймагын Россия үчүн кооптуулук жаратчу аскердик өздөштүрүү аракеттери жүрүп жатканын белгиледи.

Клубдун жыйынында россиялык президент "Түндүк агым — 2ни" да унутта калтырбады. Заманбап технологиялардан улам көмүр кычкыл газынын чыгарылышы Украина аркылуу транзит менен жеткирүүгө салыштырмалуу 5,6 эсе азыраак экенин, ал эми экологдордун жаңы магистралга койгон дооматтары суу кечпей турганын айтты.

Ошону менен бирге эле ал мындай долбоорлор дүйнөгө катаал каатчылыктардын алдын алууга жардам бере аларын, Россияны энергетика тармагында чектөө аракеттери жакшылыкка алып келбей турганын кошумчалады. Айтымында, эгер эртең германиялык жөнгө салуучу бул түтүк аркылуу газ берүүгө уруксат берсе, Москва көгүлтүр оттун көлөмүн 17,5 миллиард куб метрге арттыра алмак.

Мамлекет башчысы катары негизги жетишкендиктери боюнча суроолорго берген жообунда Путин экономиканын жана өнөр жайдын дээрлик талкаланып калган айрым, анын ичинде коргоо тармагынын калыптанышын атады. Ошондой эле жетишкендиктерге россиялык президент террорчулукка каршы күрөштү да кошту.

"Болочокто коом менен мамлекеттин бардык ресурстары адамдын кызыкчылыгынын тегерегине топтолушун каалайм", – деди мамлекет башчысы. Владимир Путин кезегинде россиялык үй-бүлөлөр кандай кыйынчылык жана азаптарды башынан кечиргенин көргөнүн, бирок өлкө орус улутунун өзөгүндөгү өнүгүүгө болгон күчтүү өбөлгө менен аларга туруштук бере алганын баса белгиледи.

"Валдай" эл аралык талкуу клубунун жыйыны быйыл Сочиде 18–21-октябрда "Глобалдык силкинүү — XXI: адам, баалуулук, мамлекет" деген аталышта өттү.

0
Белгилер:
Россия, Владимир Путин, талкуу, дүйнө, лидер
Тема боюнча
Адистер Путиндин "Валдай" жыйынында айткандары боюнча өз көз караштарын билдирди