Алтайлыктар көк-бөрү боюнча оюнда. Архивдик сүрөт

Камчаткадагы кыргыздар "Көчмөндөр оюну" этноспорттук фестиваль өткөрөт

244
Майрамдык салтанатта концерттик программалар жана этноспорттун салттуу түрлөрү боюнча мелдештер камтылган.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Россиянын Камчатка аймагындагы кыргыздардын "Ала-Тоо" коомдук уюму "Камчаткадагы көчмөндөр оюндары" этноспорттук фестиваль өткөрөт. Ага чакыруу Кыргызстандын Көк бөрү федерациясына келгенин Sputnik маалымат агенттигине аталган уюм билдирди.

Спорттук иш-чара 2-октябрда болот. Фестиваль Камчатка аймагынын Жарандык коомду өнүктүрүү, жаштар жана маалыматтык саясат министрлигинин колдоосу менен өткөрүлөт.

Майрамдык салтанатта концерттик программалар жана этноспорттун салттуу түрлөрү боюнча мелдештер камтылган. Анда көк бөрү, эр эңиш, тыйын эңмей, кыз куумай, улуттук күрөш, көчмөн элдердин түрдүү оюндары боюнча таймаштар өтөт.

Мындан сырткары, келген конокторго жана катышуучуларга кыргыз тамак-ашы сунушталмакчы.

244
Белгилер:
Көк бөрү, федерация, Кыргызстан, Россия, Камчатка, Улуттук көчмөндөр оюндары, этноспорт, фестиваль, чакыруу
Тема боюнча
Асыгалиев: көчмөндөрдүн ат оюндары жоокерликке тарбиялаган
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дагы бир жылга жылды
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында Ниязаалы Борошевдин 165 жылдыгы жана Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленип жаткандыгын жергиликтүү журналист Жаналы Нурмамбетов билдирди

Аксыда Ниязаалы Борошев менен жазуучу Касымбековдун мааракеси өтүүдө. Сүрөт

105
Атактуу комузчу Ниязаалы Борошевдин 165 жылдыгы менен белгилүү жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы кичи мекенинде өтүп жатат. 

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында Ниязаалы Борошевдин 165 жылдыгы жана Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленип жаткандыгын жергиликтүү журналист Жаналы Нурмамбетов билдирди. 

  • Торжественные мероприятия по случаю 165-летия Ниязаалы Борошева и 90-летия Тологона Касымбекова в Аксыйском районе Джалал-Абадской области
    Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында Ниязаалы Борошевдин 165 жылдыгы жана Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленип жаткандыгын жергиликтүү журналист Жаналы Нурмамбетов билдирди
    © Фото / Темирлан Нурманбетов
  • Торжественные мероприятия по случаю 165-летия Ниязаалы Борошева и 90-летия Тологона Касымбекова в Аксыйском районе Джалал-Абадской области
    Аталган маараке өкмөттүн токтомунун негизинде өткөрүлүүдө
    © Фото / Темирлан Нурманбетов
  • Торжественные мероприятия по случаю 165-летия Ниязаалы Борошева и 90-летия Тологона Касымбекова в Аксыйском районе Джалал-Абадской области
    Кыргыз Эл Баатыры Төлөгөн Касымбековдун чыгармачылыгы боюнча илимий конференция өтүп, белгилүү комузчу, композитор Ниязалы Борошевдин айкелинин ачылышы болду
    © Фото / Темирлан Нурманбетов
  • Торжественные мероприятия по случаю 165-летия Ниязаалы Борошева и 90-летия Тологона Касымбекова в Аксыйском районе Джалал-Абадской области
    Иш-чаранын республикалык деңгээлдеги бөлүгү ушул жылдын 27-октябрында Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт. 
    © Фото / Темирлан Нурманбетов
1 / 4
© Фото / Темирлан Нурманбетов
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында Ниязаалы Борошевдин 165 жылдыгы жана Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленип жаткандыгын жергиликтүү журналист Жаналы Нурмамбетов билдирди

Аталган маараке өкмөттүн токтомунун негизинде өткөрүлүүдө.

"Кыргыз Эл Баатыры Төлөгөн Касымбековдун чыгармачылыгы боюнча илимий конференция өтүп, белгилүү комузчу, композитор Ниязалы Борошевдин айкелинин ачылышы болду. Ага облустун аткаминерлери, өлкөдөгү маданий ишмерлер, окумуштуу-изилдөөчүлөр катышты”, — деп жазылат билдирүүдө. 

Иш-чаранын республикалык деңгээлдеги бөлүгү ушул жылдын 27-октябрында Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт. 

Төлөгөн Касымбеков Аксы районунун Ак-Жол кыштагында 1931-жылы 15-январда туулган. Орто билимге ээ болгон соң эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи Ак-Жол айылдык кеңешинде жооптуу катчы болуп иштеген. Кыргыз адабиятындагы салмактуу чыгармалардын бири "Сынган кылыч" тарыхый романын 40 жашында жазган. Советтер Союзунун бардык элинин тилине которулган роман 1980-жылы англис тилинде да чыккан.  Жазуучу 1990-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, легендарлуу парламенттин мүчөсү болгон. Эл өкүлү болуп турган кезде тил, маданият жана билим боюнча улуттар аралык парламенттик комиссиясын жетектеген. Ал 2011-жылы 80 жашында көз жумган. 

Ырчы, комузчу, элдик күүлөрдүн чебери Ниязаалы Борошев 1856-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында туулган. Ал — залкар комузчу жана аткаруучу. Борошевдин  башкалардан өзгөчөлүгү — комузда кол ойнотуп, күү арасында ыр кошуп куудулданып аткарган. Анын "Арсар күү", "Мырза кербез", "Ниязаалынын камбаркан", "Кер толгоо", "Кара өзгөй" өңдүү күүлөрү кыргыз күү өнөрүнүн казынасын байыткан. 

105
Белгилер:
Аксы, Төлөгөн Касымбеков, маараке, жазуучу
Тема боюнча
Бишкекте Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленет
Тарых сабактары эсинде, элге умтулат... Жапаровдун маалымат жыйынын талдоо
Жеңил салмак категориясында UFC чемпиону, кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко. Архив

Карап эле тургуң келет! Чимириле бийлеген Валентина Шевченконун видеосу

521
(жаңыланган 13:24 25.10.2021)
Спортчунун бийи менен кыймылына таң калган интернет-колдонуучулар видеону бир сутка ичинде 64 миң жолу көрүштү.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Жеңил салмак категориясында UFC чемпиону, кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко Instagram тармагындагы баракчасына чимириле испан бийин бийлеп жаткан видеосун жарыялады. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina)

"Тасма тартуу аянтчасындагы импровизация", — деп жазды өзү видеонун сүрөттөмөсүнө.

Ошондой эле ал АКШнын Остин шаарында экенин белгилеген. Бийи менен кыймылына таң калган интернет-колдонуучулар видеону бир сутка ичинде 64 миң жолу көрүштү.

Спортчу буга чейин дагы бийдин бир нече түрүн аткарып, видеолорду жарыялап жүргөн. Мушкер маектеринде бала чагынан эле апасы назиктигин жоготпосун деп спорт менен биргеликте бийге алып барганын айтып келет.

521
Белгилер:
Валентина Шевченко, бий, видео
Тема боюнча
Валентина Шевченко Кыргызстандын туусун коюп пост жарыялады
Валентина Шевченко Холли Берринин тасмасында кимдин ролун ойногон. Сүрөт
Хабиб же Майкл Жордандай эле. Лорен Мерфи мушкер Валентина Шевченкого баа берди
Биздин сулуу! Шевченконун жаңы образдагы сүрөттөрү суктандырууда
Россия-казак чек арасындагы өткөрмө бекетте чек арачы. Архив

Россияга товарларды Казакстан аркылуу ташуу. Жаңы эреже макулдашылды

0
(жаңыланган 23:13 25.10.2021)
Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан Россияга коңшу мамлекет (Казакстан) аркылуу товар жөнөтүү боюнча жаңы эрежени сүйлөштү.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына караганда, 22-октябрда Кыргызстандан Казакстан менен Россияга барган жана ал жактан келген товар менен автоунааларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоорду өткөрүү тартибине кол коюлган.

Министрдин орун басары Эльдар Алишеров бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү жана жүк ташуучулар менен жолугуп, бул эрежеде эл аралык жүк ташууда электрондук идентификаторлорду (навигациялык пломба) колдонуу каралгандыгын белгилеген.

Эрежеге ылайык, Кыргызстандан Казакстанга же Россияга барып, кайра келчү транзиттик жүк ташуучу унааларга казак тарап көзөмөл-кароо иш-чараларын жүргүзбөйт.

"Ошол эле учурда ата-мекендик экспортчулар сөзсүз түрдө экспорттук операция боюнча эсеп-фактураларын (ЭСФ) алып жүрүшү керек. Эгерде чек арадан өтөрдө ЭСФ жок болсо, Казакстандын Финансы министрлиги жүк ташуучу автоунааларды кайра Кыргызстанга жиберүүгө укуктуу", — деп жазылган маалыматта.

Казак тарап өлкө аймагына автоунааларды киргизүүдө жүк ташуучу унааларды текшербей эле аларга навигациялык пломбаларды орнотуп коёру кошумчаланды. Алишеровдун айтымында, Кыргызстандан Казакстанга барчу жүк ташуучу автоунаалар эреже бузса, барчу жерине жеткенде кошумча көзөмөлдөн өтөт.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Казакстан, жүк ташуучу унаа, Россия, эреже
Тема боюнча
Кошумча нарк салыгы былтыркыдан 10 млрд. сомго арбын чогулду. Себеби
Тартыштык 9,1 миллиард сом. Кыргызстандын 2022-жылга карата бюджетинин божомолу