Ошто "Тоо театрларынын фестивалы" өтөт. Программасы

© Sputnik / Табылды КадырбековСахнадагы артисттер. Архив
Сахнадагы артисттер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.09.2021
Жазылуу
Республикалык иш-чара Алымбек датканын 220, Курманжан датканын 210 жана Алай музыкалык драма театрынын 75 жылдыгына карата уюштурулмакчы.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызстанда "Тоо театрларынын I фестивалы" болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Ага ылайык, республикалык иш-чара Алымбек датканын 220, Курманжан датканын 210 жана Алай музыкалык драма театрынын 75 жылдыгына карата уюштурулмакчы.

"Фестиваль 29-30-сентябрь күндөрү Алай районундагы Гүлчө айылынын Токтогул Ажибаев атындагы музыкалык драма театрында өтөт. Ага Өзбекстандын Наманган облустук музыкалык драма театры, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Ош облустук драма театрларынын артисттери катышмакчы. Фестивалдын максаты кийинки муундарга улуу инсандардын ысымын жеткирүү жана аны салттуу иш-чарага айландыруу болуп саналат", — деп айтылат билдирмеде.

Иш-чаранын программасы:

29-сентябрь

  • 11:30-12:30 — Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры "Амансыңбы, апаке" аттуу спектаклин коёт;
  • 14:00-15:00 — Калык Акиев атындагы Жумгал музыкалык драма театры драматург Табылды Актандын "Баатырдын төрөлүшү" аттуу спектаклин тартуулайт;
  • 18:00-18:30 — Алымбек датка менен Курманжан датканын эстеликтерине гүл коюу аземи;
  • 18:30-19:30 — Театралдык жүрүш жана фестивалдын салтанаттуу ачылышы;
  • 19:30-20:30 — Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театры драматург Жаныш Кулмамбетовдун "Алай жолборсу" спектаклин көрсөтөт.

30-сентябрь

  • 9:00-10:00 — Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театры Төлөгөн Касымбековдун "Кел-Кел" спектаклин тартуулайт;
  • 11:00-12:30 — Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театры драматург Кайрат Иманалиевдин "Актриса" спектаклин көрсөтөт;
  • 14:00-15:00 — Өзбекстандын Наманган облустук музыкалык драма театры өзбек эл жазуучусу Саид Ахматтын "Хасан Хусан" чыгармасынын негизинде "Таниш нусхалар" спектаклин тартуулайт;
  • 16:00-17:00 — Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры драматург Төлөгөн Касымбековдун "Кел-Кел" романынын негизинде "Кара көлөкө" спектаклин тартуулайт;
  • 19:00-21:00 — Фестивалдын салтанаттуу жабылышы.
Жаңылыктар түрмөгү
0