Ош облусундагы Сулайман-Тоо музеи. Архив

"Сулайман-Тоо" жана "Өзгөн" музей комплекстерине 6 млн. доллар бөлүндү

240
(жаңыланган 15:00 01.10.2021)
Эки музей-комплекстеги иштин жүрүшүн координациялоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун иш алып барары айтылды.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Ош облусундагы "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси жана Өзгөн шаарындагы археологиялык-архитектуралык музей комплексинин инфраструктурасын жакшыртуу боюнча 6 млн. долларлык иштер жасалат. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

"Дүйнөлүк банк "Сулайман-Тоого" тарыхый-археологиялык музей комплексине 4 млн. доллар, ал эми "Өзгөн" археологиялык-архитектуралык музейине 2 млн. доллар каражат бөлдү. Бул долбоор туристтерди, меймандарды жана зыяратчыларды сапаттуу тейлөө максатында кайра жаңыртуу жана оңдоп-түзөө иштерине багытталат", — деп айтылат маалыматта.

Бул иштер Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Ош облусун жана Ош шаарын аймактык экономикалык өнүктүрүү" долбоорунун алкагында жасала тургандыгы кабарланды.

  • Министр культуры, информации, спорта и молодежной политики Кайрат Иманалиев во время посещения музея Сулайман-Тоо в Оше. 01 октября 2021 года
    Ош облусундагы "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси жана Өзгөн шаарындагы археологиялык-архитектуралык музей комплексинин инфраструктурасын жакшыртуу боюнча 6 млн. долларлык иштер жасалат
    © Фото / пресс служба МКИСиМП КР
  • Министр культуры, информации, спорта и молодежной политики Кайрат Иманалиев и директор комплекса Сулайман-Тоо Султан Абдыракманов в музее Сулайман-Тоо в Оше. 01 октября 2021 года
    Учурда иштин жүрүшүн координациялоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ иш алып барып, алар менен биргеликте тыгыз иштөө "Сулайман-Тоо" комплексинин башкы директору Султан Абдыракмановго милдеттендирилген
    © Фото / пресс служба МКИСиМП КР
1 / 2
© Фото / пресс служба МКИСиМП КР
Ош облусундагы "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси жана Өзгөн шаарындагы археологиялык-архитектуралык музей комплексинин инфраструктурасын жакшыртуу боюнча 6 млн. долларлык иштер жасалат

Учурда иштин жүрүшүн координациялоо боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ иш алып барып, алар менен биргеликте тыгыз иштөө "Сулайман-Тоо" комплексинин башкы директору Султан Абдыракмановго милдеттендирилген.

Долбоорду ишке ашыруу "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси жана КРдин коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуунун чегинде жүргүзүлөрү айтылды.

"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде жасалчу иштер:

  • Тарыхый-археологиялык музейдин имараты, экспозициялык залдары;
  • Сулайман-Тоонун туристтик жолдору, жарыктандыруу жана автоунаа коюлуучу жай ж.б жерлер;
  • Сулайман-Тоого түндүк тарабынан чыгуучу жолду оңдоо;
  • коло доорундагы турак жай;
  • орто кылымдагы мончо;
  • Асаб ибн Бурхиянын мавзолейинин алдындагы аянт;
  • "Сулайман-Тоо" үңкүр музейи;
  • кол өнөрчүлөр көчөсү;
  • суу дарбаза тараптагы эс алуу багы.

Мындан сырткары, "Өзгөн" археологиялык-архитектуралык музей комплексинин жаңы имаратын куруу каралган.

"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси ЮНЕСКОнун материалдык маданий мурас тизмесине 2009-жылы киргизилген.

240
Белгилер:
Кыргызстан, Ош шаары, 'Сулайман-Тоо' музейи, музей, оңдоо
Тема боюнча
Кыргызстандын ЮНЕСКО тизмесине кирген маданий мурастары

Шевченко катышкан Холли Берринин тасмасынын трейлери чыкты. Видео

1688
(жаңыланган 23:07 14.10.2021)
UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко катышкан актриса Холли Берринин "Көгала болгондо" деп аталган тасмасынын трейлери чыкты.

Трейлер Netflix платформасынын You-Tube каналына жарыяланды.

"Көгала болгондо" (Bruised) тасмасында ММА спортундагы Жеки аттуу мушкер кыз (анын ролун Холли Берри ойногон) маанилүү беттеште жеңилген соң карьерасында ийгиликсиз учур башталганы тууралуу айтылат. Кыйын сыноонун чеңгелинде калган спортчу бир кезде карьерасы үчүн карабай кеткен алты жаштагы уулу менен мамилесин оңдоону чечет. Бирок ринг менен жеңишти эңсеп, жан дүйнөсүнө тынчтык орнобой коёт. Бир күнү жаш жылдыздардын бири менен беттешүүгө мүмкүнчүлүк жаралат, Жеки каршылашы өзүнөн күчтүү экенине карабай макул болот. Аталган фильмде Шевченко башкы каармандын каршылашынын ролун аткарат. Тасма 2019-жылдын декабрында тартылып бүткөн.

Көптөн күткөн "Көгала болгондо" тасмасынын премьерасы Netflix сервисинде 23-ноябрда көрсөтүлмөкчү.

1688
Белгилер:
Валентина Шевченко, тасма, видео, YouTube
Тема боюнча
Шевченко катышкан Холли Берринин тасмасын Netflix чоң акчага сатып алды
Актриса Холли Беррини Шевченко катышкан тасма боюнча экс-мушкер сотко берди

15 жаштагы Мурат Мамбетовду ээрчиткен Сабира Күмүшалиева. Таберик сүрөт

738
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
КРдин эмгек сиңирген артисти Мурат Мамбетов жана СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева,  Ысык-Көл, 1972-жылы
© Sputnik / Александр Федоров

Рельсте орнотулган камера менен кызуу иштеген киночулар, алардын маңдайында атчан турган КРдин эмгек сиңирген артисти Мурат Мамбетов жана СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиеванын сүрөтү 1972-жылы Ысык-Көлдө тартылган.

Ал жылы режиссёр Юрий Борецкий Омор Султанов менен Кадыркул Өмүркулов жазган сценарий боюнча "Ак куулар конгон айдың көл" тасмасын тартууга киришкен.

Ошол кезеңди белгилүү актёр, режиссёр Мурат Мамбетов мындайча эскерет:

"15 жашымда тартылган биринчи тасмам болчу. Ошондон кийин сөзсүз артист болом деп чечим чыгаргам. Мен небересинин, Сабира Күмүшалиева чоң эненин ролун аткарган. Тартуу иштери Ысык-Көлдө эки айдай болуп, ата-энемден алыс жүргөм. Көрүүчүлөргө кинофильм ишенимдүү болуш үчүн актриса менен бир бөлмөдө жашагам. Башында мен кемпир менен жашагым келбейт деп режиссёр экөөбүздүн ортобузда чатак чыккан. Көрсө, мындай мамиле Күмүшалиеванын ыкмасы экен. Актриса муну менен мени өзүнө жакындатып, кинокартинадагы мамилебизди толук ачып берүүгө аракет кылыптыр. Кыска убакыт ичинде актриса менен аябай ынак дос болуп калгам. Кийин да мамилебиз жакшы уланды. Театрда иштеген 13 жылда актриса ойногон спекталдеримди көрүп, жакшы образга кире албай койсом тилдеп, көчөдө балдар менен ичип калганымды көргөндө катуу урушчу. Чыгармачылыкта залкар талант мага көп кеп-кеңешин берип, өз баласындай көрүп акыл-насаатын айтчу", — деди Мамбетов.

"Ак куулар конгон айдың көлдө" Орозбек Кутманалиев, Таттыбүбү Турсунбаев, казак актёрлору Куман Тастанбеков, Гуляндан Шутанова, Ануарбек Молдабеков да образ жараткан.

738
Белгилер:
Мурат Мамбетов, Сабира Күмүшалиева, тасма, таберик сүрөт
Тема боюнча
Кызгалдак талаасындагы Касымалиева менен Одуракаев. 30 жыл мурунку таберик сүрөт
Чалагыз Исабаев жубайы Самара Токтакунова, уулу Актан менен. Таберик сүрөт
Жапжаш Базаровду курчаган сулуу кыздар. "Көчөдөгү" таберик сүрөт
Театр менен кинонун Толгонайлары. Курбулардын таберик сүрөтү
Россиялык Су-25

Россиялык Су-25тер Тажикстанда: кол салгандын катыгын берүүгө даярдык

0
Афганистанга Ирак жана Сириядан келген террорчулардын топтолушу Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине, айрыкча Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коркунуч туудурат.

Мындай кырдаал афган чек араларынын түндүк жактагы аймактардын баарында атайын кызматтардын активдешүүсүн жана аскердик күчтөрдүн даярдыгын күчөтүүнү талап кылууда.

13-октябрда Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын атайын кызматтарынын башчылары менен жолугушууда РФ президенти Владимир Путин КМШ өлкөлөрүнө Афганистандан ирактык жана сириялык тажрыйбасы бар террорчулардын келиши, "түз экспансиянын башталышы" толук ыктымал экенин билдирди. Ошону менен катар биргелешкен атайын операцияларга күч түзүмдөрүнүн алдын ала камылгасынын маанисин баса белгиледи. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко алдыдагы атайын операциялардын даярдыгына токтолду.

Жолугушуу өткөн күнү эле россиялык чалгындоо кызматы Афганистандагы азыркы кырдаалды мурдатан болжогону да белгилүү болду. Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети афган территориясынан баңгизат, курал, ок-дарынын агымы күч алганын маалымдады. Бул жакшы жышаан эмес.

Андан мурун РФ тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко талибдер Афганистан провинциясын көзөмөлдөөгө чамасы келбей, Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна кепилдик бере албай турганын айткан эле. "Талибан"* кыймылынын айрым куралдуу топтору Тажикстанга басып кирүүгө да даяр. Ушундай кооптуулуктардан улам ЖККУ (Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун) күчтөрүнүн афган чек арасына жакын жерге белгиленген "Аскердик боордоштук – 2021" биргелешкен ыкчам-стратегиялык окуулары зарыл жана жетиштүүдөй көрүнөт.

Тажикстандагы Харб-Майдон жана Момирак полигондорунда 18–23-октябрь аралыгына белгиленген машыгууларга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандан 5 000дин тегерегинде аскер кызматкери катышмакчы.

Окуунун алкагындагы операцияларга курал жана аскердик техниканын 700 бирдиги, анын ичинде 40тан ашуун учак жана тик учак (Су-24МР, Су-25, Ми-8МТВ, Ми-24), ошондой эле ар кыл багыттагы 15 учкучсуз аппарат да бар. Эске салсак, "Аскердик боордоштук – 2021" машыгууларынын жүрүшүндө "Өз ара аракеттешүү", "Издөө", "Эшелон" атайын операциялары өткөрүлөт, бул тууралуу биз да кабарлаган элек.

ЖККУнун Бириккен штабынын жетекчиси Анатолий Сидоров кечээ аскердик күчтөрдүн биргелешкен тобунун күч жана каражаттары көбөйтүлгөнүн кабарлап, окууларда тажик-афган чек арасындагы окуялардын ар кыл нугун, абдан курчуп кеткен вариантына дейре эске аларын белгиледи.

Чабуулчулардын кезеги

ЖККУ боюнча союздаштар Афганистан менен чектешкен аймактарда атайын окууларга даярдыгын аяктап калды. Тажикстанга РФтин Борбордук аскердик округунун фронттук Су-24МР бомбалоочулары, Кыргызстанда жайгашкан "Кант" россиялык авиабазасынын Су-25 чабуулчулары да жеткирилген. Биргелешкен окуулар эң кызып калган убакта учкучтар шарттуу душманды издөө, анын объектилерин жок кылуу, мотоаткычтар бөлүгү жана танкисттердин чабуулуна көктөн ок атуу менен көмөк көрсөтүүгө машыгышат.

Чабуулчу Су-25 жердеги чакан көлөмдөгү кыймылдуу жана кыймылсыз объектилерин жок кылууга багытталган. Бул – буталар так көрүнгөн шарттарда же 30 метрден 5 чакырымга чейинки бийиктикте Кургактагы күчтөрдү күнү-түнү түздөн-түз колдоодо алмашкыс аскердик бирдик. Су-25тин бурулушунун чакан радиусу (500 метр) чабуул коюучу учкучтарына чабуулду майнаптуу уюштурууга, аскердик запасты (30 миллиметрлик замбирек снаряддары, тескелүүчү жана башкарылбаган ракеталар, түзөтүлчү жана кассеталык аба бомбалары, күчтүү көлөмдүү-жардыруучу аба бомбалары жана күйүүчү май аралашмасы толтурулган челектер) сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Су-25 чабуул коюучу учагынын максималдык аскердик жүгү – 4 тоннадан ашуун. Күчтүү жана универсалдык бул аба бирдиги Афганистанда 1980-жылдардын башында эле өзүн көрсөтө алган. Андан бери бир нече ирет заманга ылайыкташтырылганы да маалым.

Алдыдагы машыгууларга даярдык абдан кызуу жана олуттуу жүрүүдө. Россиялык Борбордук аскердик округунун командачысынын орун басары Алексей Лемякин сириялык тажрыйбаны эске алуу менен Тажикстанда ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүн материалдык-техникалык камсыздоо милдеттеринин кеңири түрлөрү аткарыларын айткан.

Айтмакчы, "Аскердик боордоштук – 2021" ыкчам-стратегиялык окууларында ЖККУга мүчө болбогон Өзбекстандын күчтөрү келбегени менен буга чейинки биргелешкен контртеррордук машыгууларга катышканын да белгилей кетели.

Ыкчам жагдай

Талибдердин бул айдагы тышкы саясий активдешүү аракеттери, Дохадагы бир катар маанилүү жолугушуулары, чет элдик гуманитардык жана каржылык жардам алууга, кыймылды эл аралык деңгээлде мыйзамдуу саясий күч катары таанытууга кадамдары деле өлкөнүн мындан аркы экономикалык жана ички саясий бүлгүнүн токтото албачудай. Коңшу мамлекеттер жана Бириккен Улуттар Уюму талибдер инклюзивдик өкмөт куруу жана аялдардын укугун коргоо боюнча убадаларын аткарбаганын белгилеп жатышат.

"Талибандын"* өз "атаандаштарына" каршы туруу далалаттарына карабастан Афганистандын ири шаарларында жана түндүк провинцияларындагы электр чубалгылар линияларын жардыруулар дале токтой элек.

Талибдер өлкө бийлигин кайрадан ээлегенден бери афган жалпыга маалымдоо каражаттарында 17 теракт тууралуу маалыматтар чыкты. Аларга таянсак, көпчүлүгүнүн артында "Ислам мамлекети"* уюму турат. Кабул, Нангархар, Парван, Кунар, Кундуздагы жардырууларда 600 киши жабыр тартты. Терактылардын баары эле коомго ачыктала калган жок.

Тажикстан менен чектеш Кундуз провинциясына караштуу Ханабад уездиндеги шииттердин мечитиндеги 8-октябрдагы теракт 120 кишинин өмүрүн алып, 160тан ашуун адамды жарадар кылды. 14-октябрда Кунар провинциясында талибдердин уезддик полициясынын начальниги олтурган автомобиль жардырылды. АКШ жана НАТОнун аскердик интервенциялары менен болгон күрөштө "Талибан"* жеңишке жетишкенден бери Афганистанга Ирак жана Сирияда согуштук аракеттерди жүргүзүүдө тажрыйба топтогон ИМ* террорчулары чогула баштады. Бул "баары баарына каршы" согушунун уланышынан коңгуроо кагат.

Калган көйгөйлөрү аз келгенсип, ушул тапта афган калкынын жүрөгүн өйүтүп турган нерсе – өлкөдө бийлик үчүн күрөшкө улам жаңы, мурдагылардан да радикалдуу топтордун жаралышы. Ошондой эле этникалык тажик – кенже Ахмат Масуддун жетекчилигиндеги Улуттук каршылык көрсөтүү фронту да талибдер менен "эзелки" партизандык күрөшүн улантууда.

ЖККУ Афганистандагы абалды эске алып Тажикстандагы аскердик окууларын, ал эми Россия Душанбеге россиялык аскердик жана аскердик-техникалык жардамын, жакынкы айларда тажик-афган чек арасын материалдык-техникалык жактан бекемдөөгө көмөктөшүүнү уланта берери ажеп эмес.

* – Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюмдар.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

0
Белгилер:
Тажикстан, Россия, Афганистан, Сирия, согушкер, 'Талибан' кыймылы, чек ара, машыгуу, курал
Тема боюнча
Иран менен Түркия согушка даярдыгын көрсөтүүдө: Азербайжандын эмне тиешеси бар?