Роза Рымбаева баштаган делегация келет. Казакстандын маданият күндөрү өтөт

© Sputnik / Виктор Толочко / Медиабанкка өтүүЫрчы Роза Рымбаева. Архивное фото
Ырчы Роза Рымбаева. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.10.2021
Жазылуу
Маданият күндөрүнүн алкагында концерт, кино, сүрөт көргөзмөсү жана казак элинин улуу акыны Абай Кунанбаевдин өмүрү тууралуу "Абай" операсы көрсөтүлөт.
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Борбор калаа Бишкекте 7-9-октябрь күндөрү Казакстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Делегацияны коңшу өлкөнүн маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова жетектемекчи. Жалпысынан 300дөн ашуун кишинин келиши күтүлүүдө.
"Искусство чеберлеринин концертине Казакстандын эл артисттери Роза Рымбаева менен Алибек Днишев сыяктуу өнөр адамдары катышат. Маданият күндөрүнүн программасында концерт, кино, Казакстандын археологиялык артефактылары менен көркөм сүрөт көргөзмөсү, этно-фольклордук концерт жана казак элинин улуу акыны Абай Кунанбаевдин өмүрү тууралуу "Абай" операсы көрсөтүлөт", — деп жазылган маалыматта.
Мындан сырткары, иш-чаранын алкагында эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0