Түркиядагы сулуулук сынагына Кыргызстандын атынан Саадат Курманбекова катышты

© Фото / Иван Шурыгин"Кыргызстан сулуусу — 2019" сынагында биринчи вице-мисс болгон Саадат Курманбекова. Архив
Кыргызстан сулуусу — 2019 сынагында биринчи вице-мисс болгон Саадат Курманбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2021
Жазылуу
Сынакка жалпы жонунан ар кайсы өлкөдөн келген 40 бийкеч катышкан. Филиппиндик Александра Фейт Гарсия Miss Aura International 2021 сынагынын жеңүүчүсү болду.
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. "Кыргызстан сулуусу — 2019" сынагында биринчи вице-мисс болгон Саадат Курманбекова Түркияда өткөн эл аралык сулуулук сынагына Кыргызстандын атынан чыкты. Бул тууралуу ал өзү Sputnik агенттигинин кабарчысына билдирди.
Miss Aura International 2021 сынагы 20-сентябрдан 5-октябрга чейин Анталья шаарында өткөн. Ага ар кайсы өлкөдөн 40 кыз келген. Саадатка эл аралык сулуулук сынагына катышууну "Кыргызстан сулуусу — 2019" сынагынын уюштуруучулары сунуштаган.
"Таланттар шоусунда улуттук бийди тартууладым. Натыйжада менин номерим алдыңкы үчтүккө кирди", — деди бийкеч.
Ал эми филиппиндик Александра Фейт Гарсия Miss Aura International 2021 сынагынын жеңүүчүсү болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0