Акыркы көч тасмасы кадрлары

"Акыркы көч" тасмасы Сан-Паулодогу беделдүү сынакта ат салышат

172
(жаңыланган 10:37 12.10.2021)
Фильм буга чейин да бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган. Аны Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы менен "Билимкана" коомдук фонду тарткан.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстандык режиссёрлор Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу тарткан "Акыркы көч" көркөм тасмасы Сан-Паулодогу эл аралык кинофестивалдын конкурстук программасына кирди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Иш-чара 21-октябрдан 3-ноябрга чейин өтөт.

Дастан Жапар уулу тасма Түштүк Америкадагы беделдүү кинофестивалга тандалып алынганына сыймыктанып жатканын айткан.

"Биз уюштуруучуларга жана тандоо комиссиясына абдан ыраазыбыз. Дүйнөдөгү эң мыкты режиссерлордун башы бириккен ири кинофестивалга катышууга мүмкүнчүлүк бергениңиздерге рахмат", — деген жаш режиссер.

Mostra Internacional de Cinema de São Paulo же болбосо Mostra аталышы менен таанымал кинофестиваль 45 жылдан бери өтүп келет. Уюштуруучулар жыл сайын 300дөн ашуун тасманы маданий жайларда көрсөтүп келишет. Фестиваль алты багытта иш алып барат, анын ичинде режиссерлордун конкурсу каралган.

Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахманов. Архив
© Фото / иллюстрации из книги Ж. Абдрахманова "1916. Дневники. Письма к Сталину"
"Акыркы көч" көркөм тасмасын Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы менен "Билимкана" коомдук фонду биргелешип тарткан. Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу сценарийдин автору жана режиссёрлору болсо, Эльнура Осмоналиева продюсерлик кылып көмөктөшкөн.

Тасмага Марат Алышпаев, Шайыргүл Касымалиева, Бусурманкул Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Үсөнова, Өмүрзак Токтомуратов жана Гүлсина Чотонова сыяктуу ата мекендик атактуу актёрлор тартылган. Анда улгайып калган белгилүү жазуучунун акыркы күндөрү чагылдырылат. Социалдык теңсиздик, жалпы маданият, искусство тармагында эмгектенген адамдардын камкордукка алынбаган абалы баяндалган.

Фильм бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган.

172
Белгилер:
Кыргызстан, 'Акыркы көч' тасмасы, сынак
Тема боюнча
Алтымыш сүрөтчү "Бейне" менен кыргыз киносунун тарыхын баяндайт
Абылкасымов: "Чек арада" тасмасынын максаты - элди тынчтыкка чакыруу
"Алтын адам" келди. Казакстан маданиятынын мыкты үлгүлөрү Бишкекте. Сүрөт
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында Ниязаалы Борошевдин 165 жылдыгы жана Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленип жаткандыгын жергиликтүү журналист Жаналы Нурмамбетов билдирди

Аксыда Ниязаалы Борошев менен жазуучу Касымбековдун мааракеси өтүүдө. Сүрөт

161
Атактуу комузчу Ниязаалы Борошевдин 165 жылдыгы менен белгилүү жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы кичи мекенинде өтүп жатат. 

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында Ниязаалы Борошевдин 165 жылдыгы жана Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленип жаткандыгын жергиликтүү журналист Жаналы Нурмамбетов билдирди. 

  • Торжественные мероприятия по случаю 165-летия Ниязаалы Борошева и 90-летия Тологона Касымбекова в Аксыйском районе Джалал-Абадской области
    Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында Ниязаалы Борошевдин 165 жылдыгы жана Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленип жаткандыгын жергиликтүү журналист Жаналы Нурмамбетов билдирди
    © Фото / Темирлан Нурманбетов
  • Торжественные мероприятия по случаю 165-летия Ниязаалы Борошева и 90-летия Тологона Касымбекова в Аксыйском районе Джалал-Абадской области
    Аталган маараке өкмөттүн токтомунун негизинде өткөрүлүүдө
    © Фото / Темирлан Нурманбетов
  • Торжественные мероприятия по случаю 165-летия Ниязаалы Борошева и 90-летия Тологона Касымбекова в Аксыйском районе Джалал-Абадской области
    Кыргыз Эл Баатыры Төлөгөн Касымбековдун чыгармачылыгы боюнча илимий конференция өтүп, белгилүү комузчу, композитор Ниязалы Борошевдин айкелинин ачылышы болду
    © Фото / Темирлан Нурманбетов
  • Торжественные мероприятия по случаю 165-летия Ниязаалы Борошева и 90-летия Тологона Касымбекова в Аксыйском районе Джалал-Абадской области
    Иш-чаранын республикалык деңгээлдеги бөлүгү ушул жылдын 27-октябрында Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт. 
    © Фото / Темирлан Нурманбетов
1 / 4
© Фото / Темирлан Нурманбетов
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында Ниязаалы Борошевдин 165 жылдыгы жана Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленип жаткандыгын жергиликтүү журналист Жаналы Нурмамбетов билдирди

Аталган маараке өкмөттүн токтомунун негизинде өткөрүлүүдө.

"Кыргыз Эл Баатыры Төлөгөн Касымбековдун чыгармачылыгы боюнча илимий конференция өтүп, белгилүү комузчу, композитор Ниязалы Борошевдин айкелинин ачылышы болду. Ага облустун аткаминерлери, өлкөдөгү маданий ишмерлер, окумуштуу-изилдөөчүлөр катышты”, — деп жазылат билдирүүдө. 

Иш-чаранын республикалык деңгээлдеги бөлүгү ушул жылдын 27-октябрында Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт. 

Төлөгөн Касымбеков Аксы районунун Ак-Жол кыштагында 1931-жылы 15-январда туулган. Орто билимге ээ болгон соң эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи Ак-Жол айылдык кеңешинде жооптуу катчы болуп иштеген. Кыргыз адабиятындагы салмактуу чыгармалардын бири "Сынган кылыч" тарыхый романын 40 жашында жазган. Советтер Союзунун бардык элинин тилине которулган роман 1980-жылы англис тилинде да чыккан.  Жазуучу 1990-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, легендарлуу парламенттин мүчөсү болгон. Эл өкүлү болуп турган кезде тил, маданият жана билим боюнча улуттар аралык парламенттик комиссиясын жетектеген. Ал 2011-жылы 80 жашында көз жумган. 

Ырчы, комузчу, элдик күүлөрдүн чебери Ниязаалы Борошев 1856-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында туулган. Ал — залкар комузчу жана аткаруучу. Борошевдин  башкалардан өзгөчөлүгү — комузда кол ойнотуп, күү арасында ыр кошуп куудулданып аткарган. Анын "Арсар күү", "Мырза кербез", "Ниязаалынын камбаркан", "Кер толгоо", "Кара өзгөй" өңдүү күүлөрү кыргыз күү өнөрүнүн казынасын байыткан. 

161
Белгилер:
Аксы, Төлөгөн Касымбеков, маараке, жазуучу
Тема боюнча
Бишкекте Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленет
Тарых сабактары эсинде, элге умтулат... Жапаровдун маалымат жыйынын талдоо
Жеңил салмак категориясында UFC чемпиону, кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко. Архив

Карап эле тургуң келет! Чимириле бийлеген Валентина Шевченконун видеосу

835
(жаңыланган 13:24 25.10.2021)
Спортчунун бийи менен кыймылына таң калган интернет-колдонуучулар видеону бир сутка ичинде 64 миң жолу көрүштү.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Жеңил салмак категориясында UFC чемпиону, кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко Instagram тармагындагы баракчасына чимириле испан бийин бийлеп жаткан видеосун жарыялады. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Valentina Shevchenko (@bulletvalentina)

"Тасма тартуу аянтчасындагы импровизация", — деп жазды өзү видеонун сүрөттөмөсүнө.

Ошондой эле ал АКШнын Остин шаарында экенин белгилеген. Бийи менен кыймылына таң калган интернет-колдонуучулар видеону бир сутка ичинде 64 миң жолу көрүштү.

Спортчу буга чейин дагы бийдин бир нече түрүн аткарып, видеолорду жарыялап жүргөн. Мушкер маектеринде бала чагынан эле апасы назиктигин жоготпосун деп спорт менен биргеликте бийге алып барганын айтып келет.

835
Белгилер:
Валентина Шевченко, бий, видео
Тема боюнча
Валентина Шевченко Кыргызстандын туусун коюп пост жарыялады
Валентина Шевченко Холли Берринин тасмасында кимдин ролун ойногон. Сүрөт
Хабиб же Майкл Жордандай эле. Лорен Мерфи мушкер Валентина Шевченкого баа берди
Биздин сулуу! Шевченконун жаңы образдагы сүрөттөрү суктандырууда
Алтын куймалары. Архив

Электрондук алтын деген эмне? Кыргызстанда кантип пайда көрсө болот

0
(жаңыланган 11:16 26.10.2021)
Кыргызстанда каражат салуу жана инвестициялоо популярдуу болуп баратат. Sputnik Кыргызстан накталай эмес металлдык эсептин артыкчылыктарын жана кемчиликтерин талдап көрүүнү чечти.

Дүйнөдө накталай эмес металлдык эсеп кеңири тараган. Кыргызстанда мындай кызматты бир нече банктар көрсөтөт.

Накталай эмес металлдык эсеп деген эмне?

Алтындын өзүн сатып албайсыз — аны сиздин эсебиңизге жазып берет. Эгер аталган баалуу металлдын баасы жогоруласа ошондон пайда көрөсүз. Аны өзүңүздүн эле банкыңызга сатсаңыз болот. Алдыда акча салуунун мындай түрүнүн артыкчылык жана кемчиликтерин талдап, алтынга болгон бааны билип көрөбүз.

Алтындын наркы дүйнөлүк котировкадан көз каранды, андыктан Лондондун баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын кечки фиксингине таянып бааны белгилейбиз. Жыл башында троялык унциянын (31,1 грамм) наркы олку-солку болуп, бирок жалпы трендде төмөндөдү. Январдан 22-октябрга чейин унция 1943,2 доллардан 1808,25ке чейин түшүп кетти.

Быйыл эле арзандаганы болбосо, буга чейин тынымсыз кымбаттап келгенин белгилей кетүү керек. Мисалы, өткөн жылдын башында унция 1527,1 доллар турса, 2019-жылдын январында 1282,9 долларга бааланган. Башкача айтканда, быйыл арзандаса да мурунку жылдарга салыштырмалуу баасы түшкөн жок.

Артыкчылыгы

Накталай эмес металлдык эсеби барлар алтын куймаларынын ээлериндей болуп баалуу металлын урдап кетет деп кооптонбойт. Демек, сактоо жагынан кооптуулук жок.

Накталай эмес эсептен сатып алынган алтын берки куймаларга караганда арзан болот. Себеби аны жасоо жана транспорт менен ташууга акча кетпейт. Мисал үчүн бир грамм куйма 6400 сомдон жогору, ал эми электрондук алтын 5200 сомго чукул турат. Ири куймаларда мындай айырма жок, бирок сиз анчалык көп өлчөмдө алууга чамаңыз жетеби?

Көл жээкте эс алып жаткан кыз. Архив
© Sputnik / Константин Михальчевский
Жеткиликтүү. Улуттук банктан эң азы бир грамм алтын сатып ала аласыз, ал эми накталай эмес металлдык эсептин алкагында 0,1 грамм сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Албетте, алтын эле эмес, платина, күмүш да сатып алса болот. Бул ыңгайлуу, себеби алардын баасы арзан, ошондой эле бир гана баалуу металлдын наркына көз карандуулук жаралбайт.

Салымдардын диверсификациясы. Мисалы, эгер сомдун курсу түшүп баратса, алтындын баасы өсөт. Мындай жол менен накталай эмес металлдык эсеп сомдун кунунан жоготкон акчанын ордун жаап берет.

Өтүмдүүлүгү жогору (ликвиддүү) — алтынды бардык банкка жумушчу күндөрү барып сатып, накталай акчасын ала аласыз. Ошол эле учурда финансылык мекемелерге барбай деле сатсаңыз болот. Ал үчүн накталай эмес металлдык эсеп уланган карточка жасатышыңыз керек, алтын ошол убактагы баа менен электрондук түрдө сомго конвертация болот.

Кемчилиги

Накталай эмес металлдык эсепте куймаларга караганда сатып алуу менен сатуунун ортосундагы айырма жогору.

Салыштыруу үчүн 25-октябрга карата маалыматты көрсөтөлү:

  • Улуттук банкта куйма: сатып алуу — 6 442 сом, сатуу — 6 410,5 (айырма 31,5 сом);
  • Накталай эмес металлдык эсеп "А" банкында: сатып алуу — 4 590, сатуу 5 190 (айырма 600 сом);
  • Накталай эмес металлдык эсеп "Б" банкында: сатып алуу — 4 735,27, сатуу 5 046,66 (айырма 311,4 сом).

Башкача айтканда, мындан пайда көрүү үчүн алтындын баасы өсүп турушу керек.

Накталай эмес металлдык эсеп камсыздандырылган эмес. Мамлекет салымдын 200 миң сомго чейинки суммасын сактоого кепилдик берет, эгер банкта жагымсыз жагдай жаралган болсо, электрондук алтынды кайтарып алуу оңойго турбайт.

Накталай эмес металлдык эсептен (куймалардан) депозит сыяктуу пайда көрүүгө эч ким кепилдик бербейт. Эгер алтын кымбаттаса жакшы, кокус арзандап кетсе артка кетесиз.

0
Белгилер:
алтын, металл, эсеп, артыкчылык, кемчилик, пайда, Улуттук банк
Тема боюнча
Кыргызстан августта чет жакка былтыркыдан 40 эсе аз алтын экспорттоду