Аксыда Ниязаалы Борошев менен жазуучу Касымбековдун мааракеси өтүүдө. Сүрөт

© Фото / Темирлан НурманбетовЖалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында Ниязаалы Борошевдин 165 жылдыгы жана Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленип жаткандыгын жергиликтүү журналист Жаналы Нурмамбетов билдирди
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында Ниязаалы Борошевдин 165 жылдыгы жана Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленип жаткандыгын жергиликтүү журналист Жаналы Нурмамбетов билдирди - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Жазылуу
Атактуу комузчу Ниязаалы Борошевдин 165 жылдыгы менен белгилүү жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы кичи мекенинде өтүп жатат. 
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында Ниязаалы Борошевдин 165 жылдыгы жана Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленип жаткандыгын жергиликтүү журналист Жаналы Нурмамбетов билдирди. 
© Фото / Темирлан НурманбетовЖалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында Ниязаалы Борошевдин 165 жылдыгы жана Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленип жаткандыгын жергиликтүү журналист Жаналы Нурмамбетов билдирди
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында Ниязаалы Борошевдин 165 жылдыгы жана Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленип жаткандыгын жергиликтүү журналист Жаналы Нурмамбетов билдирди - Sputnik Кыргызстан
1/4
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында Ниязаалы Борошевдин 165 жылдыгы жана Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленип жаткандыгын жергиликтүү журналист Жаналы Нурмамбетов билдирди
© Фото / Темирлан НурманбетовАталган маараке өкмөттүн токтомунун негизинде өткөрүлүүдө
Аталган маараке өкмөттүн токтомунун негизинде өткөрүлүүдө - Sputnik Кыргызстан
2/4
Аталган маараке өкмөттүн токтомунун негизинде өткөрүлүүдө
© Фото / Темирлан НурманбетовКыргыз Эл Баатыры Төлөгөн Касымбековдун чыгармачылыгы боюнча илимий конференция өтүп, белгилүү комузчу, композитор Ниязалы Борошевдин айкелинин ачылышы болду
Кыргыз Эл Баатыры Төлөгөн Касымбековдун чыгармачылыгы боюнча илимий конференция өтүп, белгилүү комузчу, композитор Ниязалы Борошевдин айкелинин ачылышы болду - Sputnik Кыргызстан
3/4
Кыргыз Эл Баатыры Төлөгөн Касымбековдун чыгармачылыгы боюнча илимий конференция өтүп, белгилүү комузчу, композитор Ниязалы Борошевдин айкелинин ачылышы болду
© Фото / Темирлан НурманбетовИш-чаранын республикалык деңгээлдеги бөлүгү ушул жылдын 27-октябрында Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт. 
Иш-чаранын республикалык деңгээлдеги бөлүгү ушул жылдын 27-октябрында Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт.  - Sputnik Кыргызстан
4/4
Иш-чаранын республикалык деңгээлдеги бөлүгү ушул жылдын 27-октябрында Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт. 
1/4
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында Ниязаалы Борошевдин 165 жылдыгы жана Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленип жаткандыгын жергиликтүү журналист Жаналы Нурмамбетов билдирди
2/4
Аталган маараке өкмөттүн токтомунун негизинде өткөрүлүүдө
3/4
Кыргыз Эл Баатыры Төлөгөн Касымбековдун чыгармачылыгы боюнча илимий конференция өтүп, белгилүү комузчу, композитор Ниязалы Борошевдин айкелинин ачылышы болду
4/4
Иш-чаранын республикалык деңгээлдеги бөлүгү ушул жылдын 27-октябрында Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт. 
Аталган маараке өкмөттүн токтомунун негизинде өткөрүлүүдө.
"Кыргыз Эл Баатыры Төлөгөн Касымбековдун чыгармачылыгы боюнча илимий конференция өтүп, белгилүү комузчу, композитор Ниязалы Борошевдин айкелинин ачылышы болду. Ага облустун аткаминерлери, өлкөдөгү маданий ишмерлер, окумуштуу-изилдөөчүлөр катышты”, — деп жазылат билдирүүдө. 
Иш-чаранын республикалык деңгээлдеги бөлүгү ушул жылдын 27-октябрында Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт. 
Министрлер кабинети Исхак Раззаковдун эстелигине гүл койду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Жапаров жана анын орун басарлары Исхак Раззаковдун эстелигине гүл койду
Төлөгөн Касымбеков Аксы районунун Ак-Жол кыштагында 1931-жылы 15-январда туулган. Орто билимге ээ болгон соң эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи Ак-Жол айылдык кеңешинде жооптуу катчы болуп иштеген. Кыргыз адабиятындагы салмактуу чыгармалардын бири "Сынган кылыч" тарыхый романын 40 жашында жазган. Советтер Союзунун бардык элинин тилине которулган роман 1980-жылы англис тилинде да чыккан.  Жазуучу 1990-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, легендарлуу парламенттин мүчөсү болгон. Эл өкүлү болуп турган кезде тил, маданият жана билим боюнча улуттар аралык парламенттик комиссиясын жетектеген. Ал 2011-жылы 80 жашында көз жумган. 
Ырчы, комузчу, элдик күүлөрдүн чебери Ниязаалы Борошев 1856-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айылында туулган. Ал — залкар комузчу жана аткаруучу. Борошевдин  башкалардан өзгөчөлүгү — комузда кол ойнотуп, күү арасында ыр кошуп куудулданып аткарган. Анын "Арсар күү", "Мырза кербез", "Ниязаалынын камбаркан", "Кер толгоо", "Кара өзгөй" өңдүү күүлөрү кыргыз күү өнөрүнүн казынасын байыткан. 
Жаңылыктар түрмөгү
0