Лос-Анжелесте Азия кинолорунун фестивалы өтүп, Брюс Ли сыйлыгы тапшырылат

© AFP / ROBYN BECKЛос-Анджелес шаарындагы Брюс Линин эстелиги. Архив
Лос-Анджелес шаарындагы Брюс Линин эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Жазылуу
Иш-чарага көптөгөн ардактуу коноктор, кино жылдыздары келери күтүлүүдө. Брюс Линин кызы атасынын атындагы сыйлыкты алгачкы лауреатына тапшырат.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. АКШнын Лос-Анжелес шаарында 1-ноябрь күнү Азия кинолорунун бүткүл дүйнөлүк фестивалы (AWFF) башталат. Бул туурасында фестивалдын уюштуруучулары билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 17:30да кызыл килемден өтүп, саат 19:00 кинолор көрсөтүлө баштайт. Алгач "Оскар" сыйлыгын алган режиссёр Хлои Чжаонун Marvel Studios Eternals фильми тартууланат. Ага Жемма Чан, Ричард Мэдден, Кумейл Нанджиани, Лия МакХью, Брайан Тайри Генри, Лорен Ридлофф, Барри Кеоган, Дон Ли, Кит Харингтон, Сальма Хайек жана Анжелина Жоли сыяктуу белгилүү актёрлор катышкан. Бул жылы Брюс Ли атындагы сыйлыктын биринчи лауреаты аныкталат.
"21-октябрь күнү Лос-Анжелесте фестивалдын алдындагы иш-чара өтүп, Голливуд индустриясынын, Азия кино коомчулугунун чеберлери, Брюс Линин кызы Шеннон Ли катышты. Анда ал согуштук өнөр кинотармагын өнүктүрүүгө салым кошкон адамга берилүүчү Брюс Ли сыйлыгын негиздегенин жар салды", — деп айтылат маалыматта.
Режиссёр Айкөл Нурланбек уулу Түрк дүйнөсүнүн даректүү тасмалары фестивалында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
Кыргызстандык жаш режиссёрдун тасмасы эл аралык фестивалда 3-орунга татыды
Уюштуруучулар иш-чарага көптөгөн ардактуу коноктор, кино жылдыздары келери күтүлүп жатканын айтышты. Фестивалдын алкагында Кыргызстандан "Акыркы көч" жана "Шамбала" тасмалары көрсөтүлөт.
Азия кинолорунун бүткүл дүйнөлүк фестивалы быйыл жетинчи ирет өткөрүлүп жатат. Кинофестивалдын максаты — эл аралык маданий кызматташтыкты өрчүтүү жана Азия менен Голливуддун киноиндустрия жаатындагы байланыштарын чыңдоо. Быйылкы кинофестиваль 1-11-ноябрь күндөрү өтүп, 20дан ашуун өлкөдөн тандалып келген 30 тасма катышат.
Белгилей кетсек, AWFF кыргызстандык режиссёр Садык Шер-Нияз тарабынан негизделген.
Жаңылыктар түрмөгү
0