Бишкекте Бексултан Жакиевдин 85 жылдыгына арналган китеп көргөзмө өтөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргыз эл жазуучусу, белгилүү драматург Бексултан Жакиев. Архив
Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү драматург Бексултан Жакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Жазылуу
Белгилүү драматургдун 85 жылдыгына арналган иш-чара 27-октябрда саат 10:30да Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада уюштурулат.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Ордо калаада кыргыз эл жазуучусу, белгилүү драматург Бексултан Жакиевдин 85 жылдыгына арналган "Залкар талант, кыргыз драматургиясынын корифейи" аттуу китеп көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Улуттук китепкананын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, иш-чара 27-октябрда саат 10:30да Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада уюштурулат.
Мындан сырткары, Жакиевдин "Өмүр өтөт билинбей" аттуу жаңы повесть-эссе китебинин бет ачары боло турганы айтылды.
Темир Сариев поздравил драматурга, прозаика Бексултана Жакиева с 80-летием - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2021
"Чоңко эненин" жомогуна канып... Бексултан Жакиев жөнүндө 8 факты
Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган. Ал коомчулукка "Атанын тагдыры" аттуу драмасы менен таанылган. Анда драматург кайраттуу карыянын согуш кесепетинен башына түшкөн оор кайгысы аркылуу бүткүл элдин муңун чагылдырган. Бул чыгарма Кыргыз драма театрында 500дөн ашык жолу коюлган.
Жакиевдин "Миң кыял", "Алтын аяк", "Өкүм", "Эртең – жаңы жыл", "Жолугушуу", "Күттүргөн жаз да келер", "Саадак какты", "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай", "Жаза" жана башка драмалары бар. Мындан тышкары, бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин автору. Жакиевдин айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган.
Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз эл жазуучусу, III даражадагы Манас ордени жана Даңк медалынын ээси болгон.
Драматург 2021-жылдын 25-апрелинде 85 жаш курагында дүйнө салган.
Жаңылыктар түрмөгү
0