Жакында бардык шарт түзүлөт! Садыр Жапаров маданият кызматкерлерин куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2021
Жазылуу
Өлкө башчы куттуктоосунда маданият улуттун идеологиясы, түпкү өзөгү экенин айтып, бул тармакты өнүктүрүүгө салымын кошуп келе жаткан маданият кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирген.
БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров маданият кызматкерлерин майрамы менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчы куттуктоосунда маданият улуттун идеологиясы, түпкү өзөгү экенин айтып, бул тармакты өнүктүрүүгө салымын кошуп келе жаткан маданият кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирген.
"Кезинде кыргыз маданиятын болуп көрбөгөндөй бийиктикке алып чыккан Күлүйпа Кондучалова апабыздын "маданиятты сактагыла, маданиятты сактасаңар, кыргызды сактайсыңар" деген керээз сөзүн эсибизден чыгарбашыбыз кажет. Маданият жана искусство чеберлеринин ата-бабаларыбыздан калган таберикти — элдик оозеки чыгармачылык, узчулук, кол өнөрчүлүк, көркөм адабий дөөлөттөрдүн учугун улап, кеңири жайылтуудагы салымы абдан зор. Маданият чөйрөсүндө кызмат кылгандар жаш муундун мекенге, дүйнөгө болгон көз карашын калыптандырып, аларды атуулдук намыска, жаратмандыкка тарбиялап келишет. Ошондуктан алар кайсы гана коомдо болбосун, улут сыймыгы болуп келишкен", — деп жазылат куттуктоодо.
Жапаров маданият кызматкерлеринин элдин руханий мурасын бөксөртпөй сактап келген эмгегин да белгилеп кеткен. Ошондой эле бул тармакты өнүктүрүү үчүн жакын арада бардык шарттар түзүлөрүн кошумчалаган.
Режиссер Геннадий Базаров менен залкар актриса Бакен Кыдыкеева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
Театр менен кинонун ханышасы. Бакен Кыдыкееванын сүрөттө калган ирмемдери
"Маданиятты жана искусствону колдоону, аны көздүн карегиндей сактоону жана келечек үчүн даңазалоону көңүл борборуна коюп, колго алабыз. Мен тээ байыртан бери миң-миң сап "Манасын" ооздон түшүрбөгөн, эч бир калкта жок төкмөлүк өнөрдү аздектеп келген, өткөн доордо кино жаатында "кыргыз кереметин" жараткан кыргыз элинде дагы да болсо маданий шедеврлер жаралат деп ишенимдүү айта алам. Жакынкы жылдарда бийлик тарабынан искусствону жана маданиятты өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлөт. Элдин нукура руханий байлыгы болгон маданиятты, асыл наркты мындан ары да муундан-муунга улантып кетүүгө жалпыбыз күч үрөйлү", — деп айтылат Жапаровдун куттуктоосунда.
Сөзүнүн соңунда президент жалпы маданият кызматкерлерине чың ден соолук, бакубат жашоо жана чыгармачыл дем, шык каалап өткөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0