Аниматор Жумалиев: бизде мультфильм тартылып калышына Айтматовдун таасири чоң

© Sputnik / Жоомарт УраимовРеспубликада мультипликациянын түптөлүшүнүн башында турган адис Болот Жумалиев
Республикада мультипликациянын түптөлүшүнүн башында турган адис Болот Жумалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Бала тарбиялоодо жана тил үйрөтүүдө мультфильмдердин таасири чоң. Учурда каражат бөлүнбөгөндүктөн Кыргызстанда мультипликация тармагы солгун тартып турат. Адистер мамлекет тарабынан колдоо болсо, келечек үчүн да жакшы болорун айтып жатышат.
Sputnik Кыргызстан агенттиги республикада мультипликациянын түптөлүшүнүн башында турган адис Болот Жумалиевди маекке чакырган.
— Алгач тарыхка көз чаптырсак, бизде мультфильм тартуу иши качан, кандайча башталган?
— Мультфильм тартуу совет өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанга баарынан кеч келди. Бул жерде Чыңгыз Айтматовдун эмгеги зор. Ал киши киностудияга келип: "эмне үчүн өзүбүздүн мультфильмдерибизди тарта албайбыз? Башка союздук республикалардын баарында мультфильм тартуу иши эбак жолго коюлуптур. Бизде деле элдик уламыш, жомоктор көп. Эмнеге балдар үчүн жакшы тарбия берүүчү мультфильмдерди тартканга болбосун" деп демилге көтөрүп чыккан. Ошондон кийин иш колго алынып, мультфильм тартууга адистер даярдалып 1977-1978-жылдары гана башталган.
© Фото / предоставлено Болотом ЖумалиевымМультипликатор Болот Жумалиев: Чыңгыз Айтматовдун сөзүнөн кийин иш колго алынып, мультфильм тартууга адистер даярдалып, мультфильм тартуу 1977-1978-жылдары гана башталган
Архивные фотографии ведущего специалиста в области анимации Болота Жумалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Мультипликатор Болот Жумалиев: Чыңгыз Айтматовдун сөзүнөн кийин иш колго алынып, мультфильм тартууга адистер даярдалып, мультфильм тартуу 1977-1978-жылдары гана башталган
— Кандай болуп аралашып калдыңыз эле?
— 1977-жылы көркөм сүрөт окуу жайында окучумун. Бир күнү "Кыргызфильм" киностудиясынын директору биздин окуу жайдын башчысына мультфильм тартылганы жатканын айтып, таланттуу балдарды сурап кайрылат. Анан училищенин директору мени чакырганынан барсам, мультипликация жаатында иштөөмдү сунуштады. Кызыгып дароо макул болгонум менен ал тууралуу түшүнүгүм деле жок болчу. Ошентип окууну бүтүп киностудияга келдик, эч кандай жабдык да, иштөөгө шарт да түзүлбөптүр. Андан көп өтпөй эле киностудияга экономика боюнча билими бар Эдилбек Сарыбаев директор болуп калды. Абдан тың жигит экен. Казакстан менен сүйлөшүп сүрөт тартуучу атайын столдорду жана кагаз кескен жабдыктарды алдырып, акырындан шарт түзө баштады. Бизди болсо Казакстанга окууга жиберип, "Союзмультфильм" студиясынан келген мультипликаторлордон сабак алдык. Башында элементардуу эле топтон баштадык. Анан татаалдантып жүрүп отуруп кишилердин басканын жасаганды үйрөндүк. Бул жерде сүрөттү кыймылдатып эле койбойсуң, ага актёрдук да чеберчилик кошуу керек. Аягында кадимкидей курстук иш жазып, жактап алып даяр адис болуп Бишкекке кайттык. Келгенде жабдык жагынан көп кыйынчылыктар болду. Мультипликатор-сүрөтчүлөр иштей турган столдордун ортосу тешик, үстү айнек, астынан жарык күйүп турат. Акырындык менен ал жабдыктар да толукталып, кыйынчылыктарды жеңип, тажрыйба топтоп отуруп жакшы иштеп кеттик.
— Алгачкы тарткан мультфильмиңиздер кайсы болду?
— 1978-жылы Эркин Борбуевдин сценарийинин негизинде "Сандардын чатагы" деген мультфильмди тарттык. Анын ырын: "Ар кимиси элмин дейт.
Сандардын баары менмин дейт.
Тогуз өзүм турган соң,
Кимиси мага теңмин дейт", — деп Жолон Мамытов жазган. Мультфильмде сандар бири-бири менен пикири келишпей чатакташып жатып, аягында достошуп кетишет. Балдарды достукка чакырган мультфильм.
Кийин "Эки бөжөк", "Чептен эрдин күчү бек", "Меке чал жана кара дөө" өңдүү мультфильмдер катары менен тартыла баштады.
© Sputnik / Жоомарт УраимовРеспубликада мультипликациянын түптөлүшүнүн башында турган адис Болот Жумалиев
Ведущий специалист в области анимации Болот Жумалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Республикада мультипликациянын түптөлүшүнүн башында турган адис Болот Жумалиев
— Мультипликаторлордун иш процесси тууралуу айтсаңыз?
— Ар бир кадрды тартканда секундасына 24 сүрөт өтөт экен. Мисалы, колду көтөргөн жерин эле 24 жолу бөлүп тартчубуз. Эгер кол эки секундда көтөрүлсө анда 48 кадр тартылат. Эртең менен саат сегизде келип, кечке чейин заводдун жумушчуларындай баш көтөрбөй иштечүбүз. Ошондо да такыр жетишчү эмеспиз. Алгачкы жылдары тажрыйба аз болуп, түнкүсүн калып да иштеген күндөр болгон. Союз убагында тартип катуу болгондуктан план толбой калса, сый акыны кыркып салчу. Он мүнөттүк мультфильм үчүн 14 500 сүрөт тартуу керек. Буга бир жыл отурчубуз. Ал убакта компьютерди көрө элекпиз. Баары колго жасалчу. Мультфильмди тартуудан мурда сценарийин окуп, күзгүгө карап алып кадимки актёрлордой ойночубуз. Мисалы, муштаган жериндеги сокку урулган убактысын секундомер менен эсептеп алып, ошого жараша сүрөт тартчубуз. Ар бир кадрды камерага тартып алып, экрандан карап көрүп, баары жакшы болсо гана андан ары улантабыз. Мультфильмдин өзүнүн жыты да, түспөлү да, башкаларга окшобогон боёгу бар. Сүрөттөрдүн баарын бирдей тегиз боёп, аларды илип кургатып, анан аппаратка түшүрчү. Мультфильмдин арткы фонун аппарат жасап берчү. Ошол кезде мультфильм тарткан аппараттын баасы 45 миң рубль же тогуз "Жигулинин" баасы эле. Кийин ошондой жабдыктан дагы экини алдык. Бирок алардын баары азыр пайдаланылбай металлоломго өтүп кетти. Биз колго жасаган жумуштардын баарын азыр компьютер жасап, тартуу иши абдан жеңилдеп калган. Мурда он мүнөттүк мультфильмге бир жыл иштесең, азыр бир-эки айда тартып коюуга болот.
— Башка союздук өлкөлөрдө деле мультфильм колго тартылчу беле?
— Бүт колго тартышчу. Биринчи мультфильм тартылганда "Союзмультфильм" студиясынан Александр Давыдовду чакырышкан. Ал бизде бир жыл жүрүп, баарын даярдап анан кетти. Андан кийин өзүбүз өздөштүрүп алдык. Искусствонун ичинен эң эле татаалы ушул мультфильм тартуу болуп саналат.
© Фото / предоставлено Болотом ЖумалиевымАниматор Болот Жумалиев: Ар бир кадрды тартканда секундасына 24 сүрөт өтөт экен. Мисалы, колду көтөргөн жерин эле 24 жолу бөлүп тартчубуз. Эгер кол эки секундда көтөрүлсө анда 48 кадр тартылат. Он мүнөттүк мультфильм үчүн 14 500 сүрөт тартуу керек.
Архивные фотографии ведущего специалиста в области анимации Болота Жумалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Аниматор Болот Жумалиев: Ар бир кадрды тартканда секундасына 24 сүрөт өтөт экен. Мисалы, колду көтөргөн жерин эле 24 жолу бөлүп тартчубуз. Эгер кол эки секундда көтөрүлсө анда 48 кадр тартылат. Он мүнөттүк мультфильм үчүн 14 500 сүрөт тартуу керек.
— Коллектив боюнча айтсаңыз, штат кандай бөлүнгөн?
— Тартылган сүрөттөрдүн сызыктарын тууралап чийип чыгуучу адис контурлоочу деп аталат. Ал эми ар бир кыймылдын аралыгын фасовщик чийип, убактысын эсептеп чыгат. Бир мультфильмде баш-аягы 20дай сүрөтчү иштейт. Анан сценарист, режиссёр, режиссёрдун ассистенти, үн оператор, оператордун ассистенти, кинокартинанын директору болуп бир команда эмгектенет. Мен көбүнчө сүрөтчү-коюучу болуп иштеп, өмүрүмдүн көбүн, жаштыгымды ушул ишке арнадым. Мындайча айтканда, эс алдырышкан жок (күлүп). Бир мультфильмди бүтүп, экинчисин баштачубуз. Ал убакта адис жетишсиз, эмгек өргүү маалында да иштечүбүз. Азыр каражаттын тартыштыгынан бул тармак бизде токтоп калды.
— Сиз негизинен мультипликатор-сүрөтчү катары иштедиңиз да, ээ?
— Көбүнчө сүрөтчү-коюучу, кийин режиссёр да болуп кеттим. Жоомарт Бөкөнбаевдин чыгармасынын негизинде "Чептен эрдин күчү бек", кийин "Хромой", "Супер пудель", андан кийин "Жөргөмүш" деген мультфильмдерди жараттык. Акыркы жолу Актан Арым Кубат экөөбүз автор-сценарийлеш болуп "Торгой" мультфильмин тартканбыз. Бирок бул кадр ак-кара түстө болуп калды. Анткени түстүү пленка сатып алууга киностудиянын кудурети жетпей калган, ал эми ак-кара түстөгү тасманы союз экранга албайт экен.
© Фото / предоставлено Болотом ЖумалиевымТартылган сүрөттөрдүн сызыктарын тууралап чийип чыгуучу адис контурлоочу деп аталат. Ал эми ар бир кыймылдын аралыгын фасовщик чийип, убактысын эсептеп чыгат. Бир мультфильмде баш-аягы 20дай сүрөтчү иштейт.
Тартылган сүрөттөрдүн сызыктарын тууралап чийип чыгуучу адис контурлоочу деп аталат. Ал эми ар бир кыймылдын аралыгын фасовщик чийип, убактысын эсептеп чыгат. Бир мультфильмде баш-аягы 20дай сүрөтчү иштейт. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Тартылган сүрөттөрдүн сызыктарын тууралап чийип чыгуучу адис контурлоочу деп аталат. Ал эми ар бир кыймылдын аралыгын фасовщик чийип, убактысын эсептеп чыгат. Бир мультфильмде баш-аягы 20дай сүрөтчү иштейт.
© Фото / предоставлено Болотом ЖумалиевымОн мүнөттүк мультфильм үчүн 14 500 сүрөт тартуу керек
Он мүнөттүк мультфильм үчүн 14 500 сүрөт тартуу керек - Sputnik Кыргызстан
2/3
Он мүнөттүк мультфильм үчүн 14 500 сүрөт тартуу керек
© Фото / предоставлено Болотом ЖумалиевымАр бир кадрды тартканда секундасына 24 сүрөт өтөт
Ар бир кадрды тартканда секундасына 24 сүрөт өтөт - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ар бир кадрды тартканда секундасына 24 сүрөт өтөт
1/3
Тартылган сүрөттөрдүн сызыктарын тууралап чийип чыгуучу адис контурлоочу деп аталат. Ал эми ар бир кыймылдын аралыгын фасовщик чийип, убактысын эсептеп чыгат. Бир мультфильмде баш-аягы 20дай сүрөтчү иштейт.
2/3
Он мүнөттүк мультфильм үчүн 14 500 сүрөт тартуу керек
3/3
Ар бир кадрды тартканда секундасына 24 сүрөт өтөт
— Союз учурунда ар бир чыгарма уруксат берилмейинче жарыкка чыкчу эмес эле. Мультфильмдер да атайын комиссиянын сынына коюлса керек?
— Ооба, мамлекеттик кинонун комиссиясынан өткөн соң Москвадагы Союзмультфильмдин кароосуна жөнөтчүбүз. Алар жактырмайын Союз экранга такыр кабыл албайт. Ар бир мультфильмди тарткан соң аны өткөрүү өзүнчө чоң түйшүк эле. Москвада бир топ кино сынчылар чогулуп, эмгегиңди чоң экрандан карап отурушат. Ал бүткүчө калчылдап коркосуң. Албай койсо уят, ага кеткен каражат ысырап болот. Эгер эмгегиң жакса баары туруп кол чаап, кийин бүткүл союздук республикаларда көрсөтүлчү. Анан орус жана башка тилдерге которуп дубляж кылып кайра тартчубуз.
— "Союзмультфильм" студиясына жалпы канча мультфильм өткөрдүңүздөр?
— Кыргызстандан тартылган мультфильмдердин баары эле өттү. Баш-аягы 34 эмгек жаратканбыз. Алгач жаңы баштаганда бир жылда бирден тасма бүтүрүп жаттык. Андан кийин базаны кеңейтип, жылына үчтөн мультфильм чыгарууга жетиштик. Баары он мүнөттүк мультфильмдер.
© Фото / предоставлено Болотом ЖумалиевымБолот Жумалиев: мамлекеттик кинонун комиссиясынан өткөн соң Москвадагы Союзмультфильмдин кароосуна жөнөтчүбүз. Алар жактырмайын Союз экранга такыр кабыл албайт. Ар бир мультфильмди тарткан соң аны өткөрүү өзүнчө чоң түйшүк эле.
Архивные фотографии ведущего специалиста в области анимации Болота Жумалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Болот Жумалиев: мамлекеттик кинонун комиссиясынан өткөн соң Москвадагы Союзмультфильмдин кароосуна жөнөтчүбүз. Алар жактырмайын Союз экранга такыр кабыл албайт. Ар бир мультфильмди тарткан соң аны өткөрүү өзүнчө чоң түйшүк эле.
— Сиздерден кийин да мультипликаторлор окуп келиштиби?
— Ооба, Бейшен Кариев, режиссёр Марат Сары уулу атайын окуп келген. Сары уулу "Плетка" аттуу мультфильмди тарткандан кийин эле бул тармактан кетип калды. Актан Арым Кубат ошол убакта бизде сүрөтчү болуп иштечү.
Ошол кезде катардагы мультипликатор 120 рубль айлык алчу. Бул абдан жакшы акча эле. Эң жогорку даражадагы режиссёр-коюучу наамын Москва берчү. Мен жогорку даражадагы режиссёр катары колхоздун башкармасы менен тең маяна алчумун.
— Бизден аял аниматорлор чыктыбы?
— Ооба, бар. Гүлнара Сабирова, Дамира Муканбетовалар чыккан. Сабирова азыр Европада жашайт, ошол жакка турмушка чыккан.
© Sputnik / Жоомарт УраимовБолот Жумалиев: Ошол кезде катардагы мультипликатор 120 рубль айлык алчу. Бул абдан жакшы акча эле. Эң жогорку даражадагы режиссёр-коюучу наамын Москва берчү. Мен жогорку даражадагы режиссёр катары колхоздун башкармасы менен тең маяна алчумун.
Ведущий специалист в области анимации Болот Жумалиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Болот Жумалиев: Ошол кезде катардагы мультипликатор 120 рубль айлык алчу. Бул абдан жакшы акча эле. Эң жогорку даражадагы режиссёр-коюучу наамын Москва берчү. Мен жогорку даражадагы режиссёр катары колхоздун башкармасы менен тең маяна алчумун.
— Мультфильм тартуу иши канчанчы жылы токтоду?
— 1995-жылы толук жабылып калды. Акыркы жылы "Торгойду" тарттык. Негизи ага чейин эле иш солгундап калган. Мультфильм эле эмес фильмдерге да каражат жетпей калбадыбы. 1977-жылдан баштап 1995-жылга чейин "Торгой" менен бирге жалпы 35 мультфильм тартылды. Студиябыз жабылгандан кийин баарыбыз чилдей тарадык. Анан кызыктай жашоо башталды. Өмүрү соода кылып көрбөгөндөр базарга чыктык, мугалим болдук. Айрымдары үй-бүлөсүн бага албай, иш жок аябай кыйналды.
Жаңылыктар түрмөгү
0