"Манас" айтсак кулак бүтөт ташка да... Эпостун күнүнө карата иш-чара өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтында улуттук кийимчен адамдар. Архив
Ала-Тоо аянтында улуттук кийимчен адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2021
Жазылуу
Иш-чара ошондой эле белгилүү манасчылар Назаркул Сейдракманов менен Талантаалы Бакчиевдин юбилейлерине да арналары айтылууда.
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. 4-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда "Манас" эпосунун күнүнө карата иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Салтанат "Манас" айтсак кулак бүтөт ташка дагы, манасчылар өнөргө бай башка дагы" деп аталат.
"Иш-чара ошондой эле Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору, манасчы Назаркул Сейдракмановдун 70 жылдыгына жана филология илимдеринин доктору, манасчы Талантаалы Бакчиевдин 50 жылдыгына арналат", — деп айтылат билдирүүдө.
Манасчы, филология илимдеринин доктору, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Талантаалы Бакчиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Радио
Бакчиев: ушул жашка чейин жазып келген эмгектеримдин көргөзмөсү өтөт
Назаркул Сейдракманов учурда "Манас-мурас" коомдук фондунда устаттык кылат. 2010-жылы Даңк медалы менен сыйланган. Сейдракманов 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдык салтанатына арналып өткөрүлгөн манасчылардын эл аралык сынагында баш байгеге ээ болгон.
Талантаалы Бакчиев Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, филология илимдеринин доктору. 2014-жылы Эл аралык "манас" таануучулар ассоциациясынын президенти болуп шайланган.
Салтанаттуу иш-чарага кирүү акысыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0