Үй-бүлө мүчөлөрүнө бөлүнгөн киреше 705 сомдон аз болсо жөлөк пул алат

© Фото / Спутник Кыргызстан / Эрнис ТемирканКыргыз акчасы. Сом.
Кыргыз акчасы. Сом. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет тарабынан берилүүчү жөлөк пул социалдык абалына карап туруп берилет.

БИШКЕК, 8-ноя — Спутник Кыргызстан. Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев “Айат” гезитинин 2014-жылдын 6-ноябрда чыккан санында берген маегинде кандай үй-бүлөлөргө жөлөк пул чегериле турганын кенен түшүндүрүп берген.

"…Бүгүнү күндө үй-бүлөдө унаасы, жери же малы болсо жөлөк пулду алууга укугу жок. Үй-бүлөнүн бир айлык кирешесин үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына бөлүш керек. Эгер жыйынтыгында чыккан сумма 705 сомдон аз болсо жөлөк пул берилет. Эгер бул суммадан көп болсо жөлөк пул берилбейт. 2014-жылы балдардын жөлөк пулуна эле 2 миллиард 829 миллион сом каралган", — дейт министр.

Базарбаев ошондой эле, өлкө боюнча 155 миң мүмкүнчүлүгү чектелген киши каттоого алынса, анын 76 миңине өкмөттөн жөлөк пул караларын белгиледи.

"Каражат өлчөмү мыйыптыгына жараша кайсы топко карары эске алынып, ай сайын миң сомдон үч миң сомго чейин берилет. Мүмкүнчүлүгү чектелген 155 миң кишинин ичинен 18 жашка чейинки 6 000 бала ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пул алышат", — дейт Базарбаев.

Министрдин айтымында, бүгүнкү күнү өлкөдө 927 социалдык кызматкер бар. Алардын эмгек акысы быйыл 2 700 сомдон 6 500 сомго чейин жогорулатылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0