Тегеран ИМге авиасокку боюнча Пентагондун маалыматын жокко чыгарды

© Фото / Matthew PaulsonАрхив: F-4 Phantom ок атуучу учак
Архив: F-4 Phantom ок атуучу учак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирандын аскер башчылыгы ААКнын F-4 Phantom ок атуучу учактары "Ислам мамлекети" тобуна абадан сокку ургандыгы жөнүндө маалыматты четке какты.

БИШКЕК, 3-дек — Sputnik. Ирандын аскер башчылыгы Ислам Республикасынын Аскерий Аба күчтөрү "Ислам мамлекети" (ИМ) тобунун согушчандарынын Иракта жайгашкан жерлерине абадан сокку урду деген Пентагондун билдирүүсүн четке какты, деп билдирет РИА Новости.

Жон Теффт: ИМге каршы күрөштө Россия, АКШ тыгыз кызматташуусу керек
Буга чейин Пентагондун басма сөз катчысы контр-адмирал Жон Кирби Ирандын ААКнын F-4 Phantom ок атуучу учактары ИМге абадан сокку ургандыгы жөнүндө Вашингтондун далилдери бар деп "Франс Пресс" агенттигине билдирген.

РИА Новостинин маалыматына караганда, Fars News агенттиги Иран аскеринин Башкы штабынын жетекчиси, бригадалык генерал Масуд Жазаериге таянуу менен, Пентагондун билдирүүсү "таптакыр чындыкка туура келбейт" деген маалыматты жарыялаган. 

Ошону менен бирге Жазаери АКШ башчылык кылган бир да аскер же коалиция менен Иран кызматташтык кылбай тургандыгын белгиледи. Ирандын Башкы штабынын жетекчиси ошондой эле Вашингтон "Ирактагы тополоңдордун, абалдын туруксуздугунун жана ИМ согушчандарынын иш-аракеттеринин башкы себепкери" деп айтты. 

Ушул жылдын жайында "Ислам мамлекети" террористтик уюму Ирак менен Сириянын өзү басып алган жерлерин "ислам халифаты" деп жарыялаган. ИМдин Сириянын аймагында өкмөттүк күчтөргө каршы күрөшүү учурунда күч-кубаты артып, эң бир ырайымсыз деген атка конгон. Согушчандардын аракеттеринин натыйжасында бир нече миң карапайым тургундар каза болуп, жүз миңдегени качкынга айланган жана дагы бир нече миңи барымтада жатат. 

АКШ ИМ менен күрөшүү үчүн коалиция түзүп, ал аталган топтун Сирия менен Иракта жайгашкан жерлерине абадан сокку уруп жатат. Бирок, АКШнын президенти Барак Обама исламчыларга каршы күрөшүүгө кургакта жүрчү аскер күчтөрүн жибербей тургандыгын билдирген.

"Ислам мамлекети" жөнүндө маалыматты толугу менен Sputnik даярдаган инфографикадан көрсө болот >>

"Исламское государство" (кырг)
Исламское государство (кырг) - Sputnik Кыргызстан
"Исламское государство" (кырг)
Жаңылыктар түрмөгү
0