Куткаруучулар Air Asiaнын лайнеринин деңизге кулаганын божомолдошууда

© Фото / stratman²Архив: Air Asia компаниясынын учагы
Архив: Air Asia компаниясынын учагы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Издек салган атайын операциянын жетекчиси Бамбанг Соелистьйонун айтымында, лайнер суугап чөктү деген так кесе пикир эмес, бул маалыматтар өзгөрүшү да мүмкүн.

БИШКЕК, 29-дек — Sputnik. Малайзиянын Air Asia авиакомпаниясынын учагы, кыязы, деңизге чөгүп кеткен деп билдирет РИА Новости лайнерди издөө боюнча операциянын жетекчисине таянуу менен.

"Маалыматтарга караганда, учак деңизде кулаган. Ушуга жана бизде бар маалыматтарга таянып учак азыр суунун түбүндө деп болжоп жатабыз", — деген издөө салган операциянын жетекчиси Бамбанг Соелистьйонун сөзүн келтирет "Франс Пресс" агенттиги.

Куткаруучу мындай божомол алдын ала жасалгандыгын жана маалыматтар издөөлөрдүн жүрүшүнө жараша өзгөрүшү мүмкүндүгүн айтты. 

Малайзиянын Air Asia компаниясына тийиштүү Airbus A320-200 авиалайнери жекшемби түнү Индонезиянын Сурабая шаарынын Сингапурга учуп бара жатып радардан көрүнбөй калган. Компаниянын маалыматы боюнча, учак акыркы жолу байланышка жергиликтүү убакты боюнча саат 07.24тө (Бишкек убактысы боюнча 06.24тө) чыккан. Аба кемесинде 155 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү учуп бара жаткан. Бул кыйроо 2002-жылдан бери иштеп келе жаткан компаниянын тарыхында биринчи жолу болду.

Жоголгон учакты издөө Индонезаяда таңдын атышы менен кайра башталды. Ага 12 кеме, беш учак, үч тик учак, ошондой эле бир нече аскер кемеси катышууда. Сингапур менен Малайзиянын бир нече кемелери жана учактары да издөө салып жатат.

Индонезиянын издөө-куткаруу кызматынын өкүлү учак турбуленттүүлүккө туш келип, багытын өзгөртүүгө атакет кылып жатып деңизге кулап түшкөн. Транспорт министрлиги бул маалыматты ырастай элек. 

Жаңылыктар түрмөгү
0