Канттагы авиабазада Россиянын Коргоо министрлигинин инспекциясы текшерүү жүргүзүүдө

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүАрхив: Канттагы аскер базасы
Архив: Канттагы аскер базасы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Текшерүүнүн башкы максаты башкаруу органдарындагы жана бөлүктөрдөгү абал менен таанышуу болуп эсептелет. Андан сырткары, базанын күнүмдүк турмуш-аракеттерин жөнгө салуу боюнча командалыктын ишине да баа берилет", — деп билдирет Борбордук аскер аймагы.

БИШКЕК, 19-янв — Sputnik. РФтин Коргоо министрлигинин инспекторлору Россиянын Кыргызстанда жайгашкан "Кант" авиабазасында комплекстүү текшерүү жүргүзүп жатат деп билдирет РИА Новости Борборук аскер аймагына (АА) таянуу менен.

"Текшерүүнүн башкы максаты башкаруу органдарындагы жана бөлүктөрдөгү абал менен таанышуу болуп эсептелет. Андан сырткары, базанын күнүмдүк турмуш-аракеттерин жөнгө салуу боюнча командалыктын ишине да баа берилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Комиссия чабуул коюу жана аскер авиация милдеттерин бирге аткаруу мүмкүнчүлүктөрүн сынактан өткөрүп жатат. Ошондой эле аскердик даярдык деңгээли, жеке курамдын толуктугу, курал-жарак жана аскер техникасы менен камсыздыгы, ооруктагы камсыздык да текшерилет деп тактады БАА.

Россиянын авиабазасынын жеке курамы жана техникасы 2015-жылдын 9-майында Бишкектин борбордук аянтында өтүүчү Улуу Ата мекендик согуштагы жеңиштин 70-жылдыгына карата аскер жүрүшүнө катышмакчы. 

"Кант" авиабазасы БААнын ААК жана АКАнын Экинчи командалылыгынын курамына кирип, тез чара көрүү боюнча Биргелешкен күчтөрдүн авиациялык бөлүгү болуп эсептелет жана ЖККУга катышуучу мамлекеттердин жер аймактары менен аба мейкиндиктеринде коопсуздукту камсыз кылууга катышат. 

Аскер учкучтары Су-25СМ чабуул коюучу учактар жана Ми-8МТВ вертолёттору менен куралданган. "Кант" авиабазасы өлкөнүн борбор шаарынан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. 

Советтер Союзу жоюлгандан кийин Россиянын чегинен сырткары көп сандагы аскер объекттери калган. Чет мамлекеттерде негизинен РФтин Аба-космостук коргонуу, АКА жана РКА системаларына кирүүчү аскер объекттери менен авиациялык базалары бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0