Расмий Киев ок атууларды токтотууну сунуштады

© REUTERS Alexander ErmochenkoРасмий Киев ок атууларды токтотууну сунуштадый
Расмий Киев ок атууларды токтотууну сунуштадый - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Минск меморандуму боюнча 13-ноябрда макулдашылган графикте үч баскыч каралган: ок атууну токтотуу (эки күн), оор куралдарды алып кетүү (беш күн) жана чектөө сызыгы боюнча күчтөрдү алыстатуу (21 күн).

БИШКЕК, 19-янв — Sputnik. Расмий Киев 13-ноябрда Минскте түзүлгөн макулдашууларга ылайык келишим түзүп, кызматташтыкты баштоону жана 19-январдан тартып ок атууларды токтотууну сунуштады деп билдирет РИА Новости Украинанын ТИМге таянуу менен.

БУУ: Украинада миллиондон ашык адам өз үйлөрүн таштап кетти
Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылгандай, Киев Россияга Минск макулдашууларын 13-ноябрындагы редакциясында аткаруунун графигине кол коюп, ок атуулардын 19-январдан тартып токтотулушун камсыз кылууну" сунуштады.

13-ноябрда макулдашылган графикте үч баскыч каралган: Минск меморандумуна ылайык ок атууну токтотуу (эки күн), оор куралдарды алып кетүү (беш күн) жана чектөө сызыгы боюнча күчтөрдү алыстатуу (21 күн)деп айтылат ЕККУнун билдирүүсүндө.

Ошондой эле Россиянын башчысы мурдараак Украинанын президенти Петр Порошенкого кайрылуу жасагандыгын билдирет РИА. Анда Путин Украинанын күч түзүмдөрү да, Донбасстын (ДЭР менен ЛЭР) ыктыярчылары да өз ара ок атышууларды токтотуу боюнча токтоосуз чараларды көрүүсүн сунуштаган.

РФ ЕККУ менен биргеликте Донбасста ок атуулардын токтотулушуна көзөмөл уюштурууга даяр. 

"Украинанын күч түзүмдөрү да, Донбасстын (ДЭР менен ЛЭР) ыктыярчылары да, эки тарап тең өз ара ок атышууларды токтотуу боюнча токтоосуз чараларды көрүүсүн, ошондой эле чырдашып жаткан тараптар калибри 100 миллиметрден чоң ок атуучу куралдарды 2014-жылдын 19-сентябрындагы Минск макулдашууларында көрсөтүлгөн аралыкка, ага тиркелген картадагы тирешүү сызыгынын анык өтчү жерине жараша жылдырууну сунуш кылам", — деп айтылат кайрылууда.

Бирок Украина тарап бул сунуштан баш тарткан деп белгилейт Россия президентинин маалымат кызматчысы Дмитрий Песков.

Жаңылыктар түрмөгү
0