газеты

USA Today гезитинин биринчи бетинде Украинанын Крым киргизилбеген картасы чыкты

26
(жаңыланган 17:52 11.02.2015)
Картаны дал ушундай көрүнүштө басып чыгарууга буйрук берилгенби же бул жөн эле каталыкпы, азырынча тактала элек.

БИШКЕК, 11-фев — Sputnik. USA Today деп аталган белгилүү гезиттин бетине Украинанын Крым жарым аралысыз картасы чыккан деп билдирет РИА Новости Foreign Policy басылмасына таянуу менен.

"Американын эң ири гезити батыш өлкөлөрү тааныгысы келбегенди жасады. Бул Крымдын Россиянын курамына кириши", — деп жазат Foreign Policy.

Картаны дал ушундай көрүнүштө басып чыгарууга буйрук берилгенби же бул жөн эле каталыкпы, азырынча тактала элек. USA Today гезитинин маалымат катчысы тараптан да бул боюнча эч комментарий болгон жок.

Крым жарым аралы жана Севастополь шаары 2014-жылдын жазында өткөрүлгөн референдумда жашоочулардын көпчүлүгү РФтин курамына кирүү үчүн доуш бергенден кийин Россияга караштуу аймак болуп калган.

26
Белгилер:
Россия, Крым, Украина, USA Today, сүрөт, карта
Карда смартфон менен сүрөткө тартып аткан сүрөт. Архивдик сүрөт

Аяздуу суукта смартфонду кантип абайлап пайдаланыш керек. Кеңештер

183
Адис аппаратка башынан кам көрүп катуу, аяздуу суукка чыкканда жылуураак кармап жүрүүгө кеңеш берген.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Смартфондун аккумулятору менен экраны суукта калса башка бөлүктөрүнө караганда бузулуу ыктымалдыгы жогору. Бул туурасында РИА Новостиге мобилдик компаниялардын биринин абоненттик жабдуулар жана тармактын байланышын колдоо боюнча адиси Алексей Верещагин айтып берген.

"Суукта калганда телефондун эки элементи — химиялык аккумулятор менен дисплейде маселе жаралат. Аккумулятор көпкө чейин, өзгөчө, суук болгондо чыдабай калат... Ал эми суюк криссталдын динамикасы аязда начарлап, бул ЖК-сенсор менен экранга өзүнүн таасирин тийгизет", — деген Верещагин.

Эксперт суукта телефондун канча убакытка чейин өчпөй тургандыгын көрсөткөн сандарына анча ишене бербеш керектигин айткан.

Верещагиндин айтымында, аяз аппараттын ичиндеги түзүлүштөргө да "каарын" тийгизгендиктен үн тунук угулбай начарлап, гаджет, аксессурлар да өзгөрүүгө учурашы мүмкүн. Бул сыртка чыга калганда эле эмес, акырындап боло турганын белгиледи.

Мындай нерселерден алыс болуш үчүн башынан кам көрүп, катуу суука чыкканда аппаратты жылуураак кармап жүрүүгө кеңеш берет. Ал эми баары бир аязда кармап жүрүп калсаңыз үйгө киргенде дароо жылуу нерсеге кое койбой, салкыныраак жерде бир нече убакыт кармап туруу керектигин эскерткен.

"Мисалы, тышкы кийимдин чөнтөгүнө же сумканын ичине сала туруш керек. Смартфонду үйдөгү температурага акырындап "көндүрүү" керек, бул ичиндеги маанилүү тектиктердин иштен чыгып калышынан сактайт", — деген эксперт.

Верещагин ашыкча нымдуулук да зыяндуу экендигин айткан. Маселен, аяздуу эшиктен аппаратты мончого алып кирген учурларда аны сууга салып жибергендей эле болот деп салыштырган.

Адис катуу суукта тез кубаттагычка койбош керектигин да айткан. Такыр эле болбой өчүп бара жатса, анча кубаттуу эмесине туташтырып, аны да акырына дейре эмес, 40-50 пайыз толгуча кармап, андан соң сууруп коюуга кеңеш берген.

183
Белгилер:
смартфон, Россия, суук
Тема боюнча
Смартфон жай иштеп калбаш үчүн эмне кылуу керек. Адистин кеңеши
Дарыгер смартфон аркылуу кандай кооптуу оорулар жугарын айтып берди
Xiaomi зымы жок смартфон кубаттагыч чыгарды. Видео
Спутник V вакцинасы. Архивдик сүрөт

Мурашко: ДССУ "Спутник V" вакцинасына коюлган бардык чектөөлөрдү алды

160
(жаңыланган 21:49 02.10.2021)
Министр эми ДССУнун аянтчасында вакцинаны каттаган компаниянын бир катар документтерге кол коюп, кошумча кагаздарды бериши эле калганын билдирди.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Бүгүн Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму "Спутник V" вакцинасын таануу үчүн буга чейин коюлган бардык чектөөлөрдү алды, кээ бир гана административдик процедуралар калды. Бул тууралуу РФтин саламаттыкты сактоо министри Михаил Мурашко журналисттерге айткандыгын РИА Новости жазды.

Министр АКШ өкүлдөрү менен Женевадагы жолугушуунун жыйынтыгын айтып берген.

"Спутник V" вакцинасын каттоо жана андан ары жылдыруу боюнча Россиянын позициясы аларга жетти. Бүгүн бардык маселелерди чечтик. Эми ДССУнун аянтчасында вакцинаны каттаган компаниянын бир катар документтерге кол коюп, кошумча кагаздарды бериши зарыл. Булардын бардыгы эми административдик процедура. Бүгүн бардык чектөөлөр алынды, мындан аркы иштерде тоскоолдуктарды көргөн жокпуз. Бул ДССУнун башкы директору тарабынан тастыкталды", — деди Мурашко.

Ал эми Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус мындан аркы иштерде "тоскоолдук болбостугун" айткан. Мурашко эмдөөнүн сертификатын өз ара таануу боюнча АКШ кызыкдар экендигин жана бул жаатта жылыштарды күтүүгө болорун кошумчалаган. 

РФте бул учурда COVID-19га каршы беш вакцина чыгарылган. "Спутник V" — коронавирус менен ооруп калуунун алдын алуу максатында иштелип чыккан дүйнөдөгү биринчи вакцина. "Спутник V" Россиянын Түз инвестициялар фондунун колдоосу менен Гамалея атындагы улуттук борбордун адистери тарабынан иштелип чыккан. РФте 2020-жылы август айында каттоого алынса, декабрдан тарта аны менен жалпы эмдөө башталган.

160
Белгилер:
коронавирус, Спутник V, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Россия
Тема:
"Спутник V" вакцинасы
Тема боюнча
Гамалея институту: "Спутник V" башка бардык вакциналар менен айкалышат
Асыкбекова: "Спутник V" вакцинасынын 10 миң дозасы жардам катары берилген
Арашан айылындагы парламенттик шайлоодо жергиликтүү шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоо участкасында иштеп жаткан учуру

Добуштардын 40%ы саналды. Алдыда келе жаткан 7 партиянын тизмеси

109
(жаңыланган 13:41 01.12.2021)
Саат 13:00гө карата 1000 шайлоо тилкесинде бюллетендер эсептелип, протоколдор БШКга жөнөтүлгөн.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Парламенттик шайлоодо берилген добуштардын 40,10 пайызы кол менен саналып бүттү. Бул тууралуу Боршайкомдун бюллетендерди эсептөөнү онлайн режиминде көрсөткөн newess.shailoo.gov.kg порталында маалымдалат.

Саат 13:00гө карата 1000 шайлоо тилкесинде бюллетендер саналып бүтүп, протокол жөнөтүлгөн. Бул 446 907 жарандын тандоосу ачыкталганын түшүндүрөт. Жалпысынан шайлоого 1 273 557 кыргызстандык катышкан.

Азырынча төмөнкү партиялар беш пайыздык босого чектен өттү:

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтүп, АСУнун алдын ала жыйынтыгы чыкты. Партия тизмеси боюнча беш пайыздык босогодон алты партия өттү. Бир мандаттуу округ боюнча да алдын ала жыйынтык белгилүү болду. Акыркы жыйынтык протоколдордун баары кол менен эсептелип чыккандан кийин расмий жарыяланат.

109
Белгилер:
Кыргызстан, шайлоо, пайыз, добуш, саноо, кол
Тема:
2021-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы
Тема боюнча
Адис жаңылган. БШК сайттагы добуштарды ким көбөйтүп салганын айтты
Шайлоо-2021: бир мандаттуу округ боюнча кол менен саноонун алдын ала жыйынтыгы
Шайлоонун партиялар боюнча алдын ала жыйынтыгы. Кол менен саноо