Россиянын авиациялык техникалык персоналы Сирияда. Архив

CNN Россия Сирияда кургактагы операцияга даярданууда деп билдирди

(жаңыланган 12:27 06.10.2015)
Пентагондун аты аталбаган эки кызматкери Россия Сирияга Асаддын аскерлерин колдоо үчүн пайдаланууга боло турган курал-жарак берди деп телеканалга билдирген.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Россиянын Сириядагы куралдуу күчтөрүнүн тобу өлкөдө кургакта пайдаланууга боло турган курал-жарактарды алды деп билдирет Американын CNN телеканалы.

CNN каналынын кабарчысы Барбара Старр Пентагондун аты аталбаган эки кызматкерине шилтеме жасайт. Алардын айтымында, россиялык аскерлер Башар Асаддын жердеги операцияларына колдоо көрсөтүү үчүн Сирияда курал-жарактарды жайгаштырып жатат. АКШнын аскер кызматкерлери жапырт ок атуучу төрт БМ-30 "Смерч" куралы, бир нече артиллериялык курал, ошондой эле радио тоскоолдуктарды жаратуучу атайын жабдыктарды орнотушканы жөнүндө айткан. Бирок куралдарды жайгаштыруу боюнча даярдык канчалык деңгээлге жетип калганын Пентагондун кызматкерлери айта алышкан эмес. 

Владимир Путиндин Россиянын аскердик аба күчтөрүн чет мамлекетте колдонууга уруксат берүү өтүнүчүн Федерациялык Кеңеш колдоп берген. Россиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, өлкөнүн аскердик аба күчтөрү Сирияда "Ислам мамлекети" тобунун жайгашкан жерлерине абадан даректүү сокку уруу менен операцияларды баштаган. Россия Башара Асаддын жардам берүү өтүнүчүн аткаруу менен террористтерге каршы авиацияны гана колдоно турганын мурдараак Кремлдин администрация башчысы Сергей Иванов билдирген.

Белгилер:
аскердик аба күчтөрү, Федерациялык Кеңеш, "Ислам мамлекети" террордук тобу, Пентагон, Сирия, Россия
Тема:
Россиянын аскердик аба күчтөрүнүн чет жакта колдонулушу (26)
Тема боюнча
Асаддын токтоосуз кетиши Сирияны кыйроого учуратарына АКШнын көзү эми жетти
WND: АКШ менен коюн-колтук алышкан мамлекеттер Россияга кайрылууда
Россиядагы мигранттар. Архивдик сүрөт

Россияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар 15-июнга чейин чыгып кетиши керек

(жаңыланган 15:28 17.04.2021)
Россия ИИМинин маалыматы боюнча, ушул тапта өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет элдиктердин саны жарым миллиондон ашып кетти.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Россиянын ички иштер министринин орун басары Александр Горовой өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттар 15-июнга чейин чыгып кетиши керектигин эскертти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын 52-жыйынында коронавирус пандемиясы учурундагы миграция маселелери тууралуу сөз болду.

Горовойдун айтымында, буга чейин Россияда мигранттарга бир топ жеңилдиктер берилди. Бирок ушул тапта мыйзамсыз жүргөн чет элдиктердин саны жарым миллиондон ашып кетти.

"Эгер бул санды азайтпасак, 15-июндан тарта президенттин жарлыгына ылайык, мыйзамсыз жүргөндөргө өлкөдөн чыгарып салуу же чек араны жаап алуу сыяктуу чараларды колдонууга туура келет. Ар бир өлкөдө ЖМКлар аркылуу бул нерсе айтылса жакшы болмок", — деди Горовой.

Постсоветтик өлкөлөрдөн келип, уруксатсыз жүргөн мигранттардын саны:

  • 332 миң — Өзбекстан;
  • 247 миң — Тажикстан;
  • 152 миң — Украина;
  • 120 миң —Азербайжан;
  • 115 миң — Кыргызстан;
  • 61 миң — Армения;
  • 56 миң — Молдова;
  • 49 миң — Казакстан.

Министрдин орун басарынын айтымында, пандемия башталгандан бери мигранттарга Россияда жүрүү мөөнөтү автоматтык түрдө төрт жолу жылдырылды. Акыры мөөнөт 15-июнда соңуна чыгат.

Белгилер:
министр, чара, Кыргызстан, мыйзамдар, миграция, Россия
Тема боюнча
Кыргызстандык мигранттар январь менен февралда канча акча которду
Песков: ири пландарды ишке ашыруу үчүн Россияга мигранттар жетишпей жатат
Кыргызстан "Спутник V" вакцинасын мигранттардын эсебинен сатып алууну көздөөдө
Ак кан оорусу менен ооруган балдардын архивдик сүрөтү

Кубарып, ыйлаак болуп баштайт. Балдардагы ак кандын алгачкы белгилери айтылды

Дарыгер рактын бул түрү балдарда биринчи кезекте генетикалык факторлордон улам пайда болорун белгилеген. Башкача айтканда, тукум кууйт. Мындан сырткары, айлана-чөйрөнүн терс таасири да ооруну шартташы мүмкүн.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Онколог Михаил Мяснянкин балдардагы ак кан оорусунун биринчи белгилерин атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Медиктин айтымында, дарт өрчүп жатканда бала арыктап, бат чарчап, ыйлаак болуп, кубарып баштайт. Ошондой эле тамакка табити тартпай, айланада эмне болуп жатканына көңүл деле бурбай калат.

Дарыгер рактын бул түрү балдарда биринчи кезекте генетикалык факторлордон улам пайда болорун белгилеген. Башкача айтканда, тукум кууйт. Мындан сырткары, айлана-чөйрөнүн терс таасири да ооруну шартташы мүмкүн.

"Кош бойлуу мезгилде эненин чылым чегип, спирт ичимдигин ичүүсү да түйүлдүккө таасир этип, балада кандын рагын пайда кылышы ыктымал. Эненин кош бойлуу мезгилде жыныс органдарынын сезгениши да кооптуу", — деди Мяснянкин.

Мындан улам медик ата-энелерге балдардын абалына жана өзүн алып жүрүүсүнө жакшылап көңүл бурууну сунуштаган. Ошондой эле балдар дарыгерине барып туруу керектигин эскерткен.

Белгилер:
рак, медик, бала, оору, белги
Тема боюнча
Спираль койдуруу рак оорусун чакырабы? Акушер-гинеколог менен маек
Рак болгондордун акыркы үмүтү эле... Линиялык тездеткичтер дагы деле иштей элек
Рак менен оорубаш үчүн кайсы азык, тамактардан баш тартуу керек? Иликтөө
Кайсы суусундук рак оорусун алдын алат? Далилденген изилдөө
Саламаттык сактоо министрлигинин имараты. Архив

Министрлик Бишкекте уу коргошунга адамдар ууланганын тастыктап, чоо-жайын айтты

(жаңыланган 19:44 20.04.2021)
Ооруканага түшкөн 71 жана 67 жаштагы жубайлар кечээ аконит тундурмасын көбүрөөк дозада ичип алганын айтышкан.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Борбор калаада эки адам уу коргошунга ууланып ооруканага түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Алар бүгүн, 20-апрелде, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун Токсикология бөлүмүнө жаткырылган.

"Уулангандар 71 жана 67 жаштагы жубайлар болгон. Алдын ала диагнозу "аконитке уулануу, аритмогендик шок" деп коюлду. Бейтаптар узак убакыттан бери тундурманы ичип келгенин, күйөөсү жаңы ичип баштагандыктан кечээ дозасын көбөйткөнүн айтышкан. Ооруканада тиешелүү дарылануудан кийин алардын жүрөк-кан тамырынын иштөөсү калыбына келип, экөөнүн тең абалы турукташты. Интенсивдүү терапия уланууда", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик уу коргошунга ууланды делген дагы бир бейтап боюнча маалымат берди. Ал да бүгүн Тез жардам кызматынын унаасы менен Улуттук кардиология жана терапия борборуна түшкөн.

"63 жаштагы кишинин жүрөгүнүн согушу солгундап, жүрөгү айланып, кусуп, алсырап, өтө оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Алдын ала диагнозу "белгисиз заттан ууланган" деп айтылууда. Азыркы учурда абалы туруктуу, интенсивдүү терапия уланууда", — деп билдирди министрлик.

Бейтаптын каны жана заарасы алынып, лабораториялык-диагностикалык изилдөө жүргүзүү үчүн Республикалык соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнө жөнөтүлгөн.

Буга чейин Бишкектин Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген.

Уу коргошун чуусу

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.

Тема:
Уу коргошун чуусу
Тема боюнча
Уу коргошун менен дарыланган адам өлүп калса ким жооп берет? Министрдин жообу
ЖКнын тармактык комитети министр Бейшеналиевди иштен алуу чечимин кабыл алды