NI: АКШ менен Кытай согушканы турат, бирок аны болтурбай коюуга болот

© AFP / MARK RALSTONАКШнын желеги. Архив
АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай менен америкалык мамилелердин өзгөрүп бара жаткан тең салмактуулугу Пекин менен Вашингтондун чырдашып кетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууда, окуялар тез эле көзөмөлдөн чыгып, бул эки мамлекетти согушка алып келиши ыктымал деп эсептейт The National Interest.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. АКШнын президенти Барак Обама жана КЭР лидери Си Цзиньпин Вашингтон менен Пекиндин ортосунда сөзсүз согуш болоруна ишенишпейт, бирок эки мамлекеттин эл аралык аренада катар күн көрүшүнө тоскоол боло турган көп сандагы "Фукидиддин тузактары" жатат деп жазат Берлиндин эркин университети менен Афинадагы америкалык классикалык изилдөөлөрдүн алдындагы Фукидид борборунун кызматкери, саясат таануучу С.Н. Йаффе The National Interest журналы үчүн даярдаган макаласында.

АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
New York Times: АКШ ормон опузасын токтотушу керек
Фукидиддин тузагы — байыркы грек тарыхчысы Фукидид "Пелопоннес согушунун тарыхында" сүрөттөгөн кырдаал. Анда чыр-чатактын эки тарабы Делос союзу да (Афина) жана Пелопонес союзу да (Спарта) сөзсүз боло турган согуш "тузагына" туш болушкан. Ал эми бул согушка Афинанын күч-кубатынын өсүшү жана андан Спартанын коркушу себеп болгон. Эл аралык мамилелер жаатындагы азыркы изилдөөчүлөр жана теориячылар "Фукидид туткуну" терминин АКШ ("башкаруучу мамлекет") менен Кытайдын ("күчкө толуп келе жактан мамлекет") ортосундагы мамилелерди сүрөттөө үчүн колдонуп келет.

Эксперт белгилегендей, КЭР башчысы Си Цзиньпин өзүнүн АКШга болгон иш сапары учурунда Сиэттлде сүйлөп жатып: "Эч кандай "Фукидиддин тузагы" деген жок, бирок ири мамлекет кайра-кайра эле стратегиялык ката кетире берсе, мындай тузакты ал өзүнө өзү салат" деген. Кечирээк америкалык президент Барак Обама да Пекин менен Вашингтон сөзсүз кагыша кетерине ишенбестигин билдирип: "АКШ Кытайдын тынчытыкты сүйүүчү, бейкут, гүлдөгөн жана жоопкерчиликтүү оюнчу катары эл аралык аренага келишин колдойт" деп айткан.

Обама да, Си да эки өлкөнүн ортосунда "согуш сөзсүз болот" деген божомолдоолорду өтө эле шашылыш четке кагып коюшту, бирок эки лидердин берген комментарийлерине караганда, алар Фукидид "сөзсүз болот" дегенди кандай чечмелегенин айкын түшүнбөйт деп эсептейт саясат таануучу.

"Фукидиддин тузагына түшүү сөзсүз согуш тутанып кетет дегенди билдирбейт. Бирок күчтөрдүн тең салмактуулугу өзгөрүп, "улуттук кызыкчылыкка" карата жагымдуу, бирок ошол эле учурда кооптуу түшүндүрмөлөргө байланыштуу аталган мамилелердин курчушу күч алат", — деп айтылат макалада.

"Афинанын күч-кубатка толушу жана ага байланыштуу Спартада пайда кылган коркуу сезими согуштун сөзсүз болушуна шарт түзгөн", — деген Фукидиддин "Тарыхынан" үзүндү келтирет саясат таануучу.

Анын пикиринде, "Фукидиддин тозогун" ар кандай түшүнүү anankazo деген грек сөзүнүн түрдүү мааниде кабыл алынышына байланышкан (ananke — жазмыш, тагдыр, муктаждык, зарылчылык). 

"Согуш башталышына зарыл болгон шарттарды түшүндүрүп жатып, Фукидид ирети менен алгач Афинанын күчүн, андан келип чыккан Спартанын коркушун, жана андан аркы зарылчылыкты же мажбурлоону бөлүп көрсөткөн", — деп жазат Йаффе.

Мамлекеттик Думанын эл аралык иштер боюнча комитет башчысы Алексей Пушков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пушков: АКШ "Жабык эшик" саясатын жүргүзүүдө
Бул жерде "зарылчылык" тараптардын зарыл аракеттерине гана эмес, сырткы күчтөргө, мисалы, күчтөрдүн теңдештигине карата да, бирок көбүнчө эки күчтүн өз аракеттерине карата колдонулган. "Зарылчылык" ар биринин улуттук кызыкчылыктарына, аларды тараптардын кабыл алуусуна да тиешелүү болушу мүмкүн. 

"Пелопонес согушу Афина менен Спарта башка жол таппай калганда гана болгон", — деп жазат саясат таануучу. Йаффенин пикиринде, АКШ менен Кытай өз ара тыгыз байланышта өрчүүгө аргасыз болгон азыркы шартта Афина менен Спартанын абалына туш болбоо үчүн көп күч-аракет жумшашы керек. 

АКШ менен Кытайдын күч жагынан катнашынын өзгөрүшү эки өлкөнүн тең улуттук кызыкчылыктарга карата көз карашына сөзсүз таасир этет деп кошумчалайт эксперт. Сөзсүз болуучу чыр-чатакка кабылганда бийиктегилер кризисти башкаруунун өтө кылдат ыкмаларын тандашы керек. Себеби абал каалаган убакта колдон чыгып кетиши ыктымал. Мындай учурда эки мамлекеттин стратегиялык кызыкчылыктары катуураак угулуп, келишүүчүлүктү издөөгө боло турган мейкиндик кыскарат. Кытай-америкалык мамилелердин дал ушундай өрчүшү "стратегиялык каталарга" алып келип, чыр-чатакты согушту карай жылдырышы ыктымал. 

"Обама менен Си согуш болуп кетерин моюнга албаганы туура. Бирок, эгер терең карама-каршылыктар азыркы шартта сөзсүз келип чыгарын моюнга алышпаса, башка бир "Фукидид тозогуна" кабылышы толук мүмкүн", — деген бүтүм чыгарат саясат таануучу.

Жаңылыктар түрмөгү
0