The Guardian: Путин дүйнөлүк дипломатиянын башкы ашпозчусу болду

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРоссия Федерациясынын президенти Владимир Путин. Ари
Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин. Ари - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылы G20 саммитинде батыш лидерлери Владимир Путинди сынга алып, талап жиберчүдөй болуп турса, быйыл баары өзгөрүп, ар бири Путин менен жолугушууну самап калды деп айтылат макалада.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Батыш лидерлеринин Владимир Путинге карата мамилеси өткөн жылкы G20 саммитинен бери таанылгыс өзгөрүлүп, андагы Россия президентин Украинага "кол салып киргени" үчүн күнөөлөп асылуулардын эми изи да жок деп жазат The Guardian.

Былтыр АКШ президенти Барак Обама Россия таптакыр элден чыгып калат десе, британиялык премьер-министр Дэвид Кэмерон орус лидерине эч ишенбестигин айткан. 

"Түркияда өткөн быйылкы G20 саммитин карап көрсөк, баары таптакыр өзгөргөндөй. Путинди ар тараптан жаркын маанайда сүрөткө тартышып, аны менен Обама жана анын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Сьюзан Райс жандуу маек куруп жатышты. Путин Кэмерон жана башка лидерлер менен натыйжалуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ар кимиси Путин менен жолуксам деп ашыгып жаткандай", — деп айтылат макалада.

Россиянын Су-25 учактары Сириянын Хмеймим базасынан учуп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Путин: Россия террористтерге авиасоккусун күчөтөт
Мунун себеби айкын: "Ислам мамлекети" жараткан террористик коркунуч жана миграциялык каатчылык Европа лидерлерин Россияга муктажбыз деген ойго алып келди. Бул туурасында Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози менен азыркы президенти Франсуа Олланд айткан. Ал эми "алкактык тынчтык макулдашуусу жана Сириядагы өткөөл мезгил боюнча макулдашууга даяр" деген Кэмерон да ушундай көз карашын билдирди. Ошондон кийин Обаманын администрациясы америкалык жана россиялык лидерлер Сирия маселеси боюнча макулдашууга жетишкендиктери туурасында айтып чыкты. Ак үй болсо Обама менен Путин "сириялыктар ишке ашыра турган жана аларга тиешелүү болгон саясий өзгөрүүлөр" зарыл экенин, бул үчүн БУУнун ортомчулугу менен Сириянын оппозициясы жана азыркы режим алдын ала сүйлөшүп, ок атууларды токтотушу керек дегенге макул болушту деп билдирди.

"Мунун баары Путин абдан чоң дипломатиялык жүрүш жасаганын билдирет. Биринчиден, россиялык аскерлер Сирияда мыйзамдуу аракет жасап жатканын жана ал жакта олуттуу роль ойной турганын Батыштын мойнуна алдырды. Муну менен катар АКШ жетектеген коалиция менен кызматташуу жана "жакшы жигиттерге" ок атпоо жөнүндө болор-болбос убада берип койду. Бул америкалык көз караштын кескин өзгөргөнүн күбөлөйт, себеби башында АКШ Россиянын кийлигишүүсү такыр туура эмес жана "мындан эч тыянак чыкпайт" деген эле", — деп айтылат макалада.

Кэмерон да Сириянын жер ортолук деңиз жээгинде өзүнүн аскердик аба күчтөрүнүн жана аскердик деңиз күчтөрүнүн базасы жайгашкан Россиянын стратегиялык кызыкчылыктары Сирияда колдоого алынат жана корголот деп билдирген. 

"Демек, Путин өзүнүн баш максаттарынын дагы бирине жеткен экен", — дейт макаланын автору. 

Путин менен Обама G20 саммитинде маңдай-тескей отуруп баарлашты
Бул Россия лидеринин Крымдын кошулушу жана Украинадагы абал боюнча "үн катпас макулдукка" жетишкенден тышкаркы ийгилиги. Макалада Россиянын дүйнөдө ролу өсүп баратканына карабай, ал өзүнүн мурдагы абалына кайта толук келди деп айтууга али эрте деп белгиленет. Себеби санкциялар дагы эле алына элек, ал эми Батыштын көпчүлүк лидерлери мурдагыдай эле күмөнсүнгөн мамиле жасайт. 

Бирок Путин – шыктуу тактик, аны алысты көрө албаган стратег деген америкалыктардын текебер баасы жаңылыш экени азыр көрүнүүдө. Путиндин Сириядагы операциясы анын ээлеген ордун солгундатпастан, Россияны сүйлөшүүлөрдүн башкы столуна кайра кайтарды. Эми Путин — дасторконго тартылчу тамактардын бири эмес, дипломатиядагы жаңы башкы ашпозчу, деп аяктайт сөзүн макаланын автору.

Жаңылыктар түрмөгү
0