ЖМК: Түркияда сириялык качкындардын органын сатуучу кармалды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКишен. Архив
Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Израилдин жараны Стамбулда органдарын сатып алуу жөнүндө сириялык качкындар менен макулдашып, Түркиянын чакан клиникаларында мыйзамсыз операцияларды жасоону пландап жаткан. Мурдараак ага адам органдарын саткандык үчүн көп сандагы айыптар коюлган.

БИШКЕК, 7-дек. – Sputnik. Түрк бийлиги адам органдарын сатат деген шек менен Израилдин жаранын кармады деп жазат Salon басылмасы түрк ЖМКларына таянуу менен.

Россиянын Сириядагы Хмеймим базасындагы С-400 ракета комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башар Асад Сириядагы коалиция менен Россиянын аракетин салыштырды
ЖМК маалыматтарына ылайык, Украинада туулган Борис Уокер (чыныгы фамилиясы Вольфман) аттуу израилдик жаран Стамбулда сириялык качкындардан органдарын сатып алуу жөнүндө макулдашкан. Буга байланыштуу мыйзамсыз операцияларды ал Түркиянын кичинекей клиникаларында жасамак. 

Түрк сотунун чечимине ылайык, 40 күндөн кийин шектелүүчү Израилге жөнөтүлүп, ал жактын сот тарабынан ага айып коюлат. Вольфманга Интерпол Косово, Азербайжан жана Шри-Ланка өлкөлөрүндө 2008-2014-жылдары адам органдарын сатып, мыйзамсыз трансплантациялоолор үчүн издөө жарыялаган. Ал ар бир сатылган орган үчүн 70-100 миң евро алып турган. Мыйзамсыз операциялар учурунда донорлорго мүмкүн болчу коркунучтар жөнүндө эскертилбей жана операциядан кийинки медициналык көзөмөл камсыз кылынган эмес. Анын натыйжасында бир өспүрүм бала шал болуп калган. 

Salon белгилегендей, Жакынкы Чыгышта акыркы жылдары Сириядан качкындардын көп болушуна байланыштуу донорлук органдардын мыйзамсыз рыногу гүлдөп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0