Түндүк Кореянын желеги. Архив

ЖМК: Түндүк Корея Япон деңизин көздөй эки ракета учурду

95
(жаңыланган 09:23 10.03.2016)
Ракеталар Түндүк Кореянын чыгыш жээгинде жайгашкан Вонсан шаарынын жанынан учурулду. Бул БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан Пхеньянга каршы кабыл алынган санкцияларына жооп болду.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Түндүк Корея Япон деңизин көздөй кичи радиустагы эки баллистикалык ракета учурганын Ренхап агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты. 

Түштүк Кореянын аскерлеринин маалыматы боюнча ракеталар Хванхэ-Пукто провинциясынын аймагынан учурулуп, 500 чакырымдан кийин Вонсан шаарынын жанындагы сууга түшкөн. 

"Аскер кызматкерлери кырдаалга дыкат көз салып, Түндүк Корея тарабынан болчу ар кыл провокацияларга жооп берүүгө даяр турат", — деди Түштүк Кореянын Коргоо комитетинин өкүлдөрү.

Ал арада Япония Түндүк Кореянын ракеталарды учурушуна дипломатиялык каналдар аркылуу каршылык билдирип, Коргоо министри Гэн Накатани Пхеньян мындан башка да провокациялык кадамдарга барышы мүмкүн экенин айтты. 

Эскерте кетсек, БУУнун Коопсуздук Кеңеши Түндүк Кореянын өзөктүк куралды сынаганына жооп кылып, кескин резолюция кабыл алган.

95
Белгилер:
курал, ракета, Түндүк Корея, Түштүк Корея, Япония
Тема боюнча
Пхеньян сес көрсөтүп, АКШ менен Түштүк Кореяга каршы өзөктүк сокку урууга даярданууда
Түндүк Корея өзөктүк курал пайдаланууга даяр экенин айтты
Ымыркайдын бутун кармаган киши. Архивдик сүрөт

10дон ашык ымыркайды өлтүрдү делген медайым кармалды. Британиядагы окуя

240
(жаңыланган 10:31 12.11.2020)
Люси Летби иштеген бөлүмдө наристелер көп чарчап, буга полициянын көңүлү бурулган. Ал тургай медайымды бир ирет кармап, кайра бошотуп ийишкен.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Улуу Британиянын Честер шаарындагы оорукананын неонатология бөлүмүндө иштеген 30 жаштагы медайым сегиз ымыркайды өлтүрдү жана он бөбөктүн өмүрүнө кол салды деп шектелип кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү полицияга таянып РИА Новости жазды.

Люси Летби аттуу медайым Countess of Chester ооруканасынын жаңы туулган ымыркайларга жардам көрсөткөн бөлүмүндө иштейт. Ага аталган бөлүмдө 2015-2016-жылдары 10дон ашык ымыркайдын кулап (же колдон түшүп) кетип чарчап калышы боюнча айып коюлууда.

"Эки жыл ичинде бир бөлүмдө 17 ымыркайдын чарчап калышы полицияны кызыктырып, ага күнөөлүү катары Люси Летби 2018-жылы кармалган. Бирок ал тергөө менен кызматташып, күрөө дагы төлөп бергендиги үчүн эркиндикке чыгарылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Кийин полиция ошол эле жылдары айтылгандардан башка дагы алты ымыркайдын өлүмү боюнча иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында медайым кайрадан кармалды.

240
Белгилер:
полиция, өлүм, ымыркай, медайым, Улуу Британия
Тема боюнча
Дарыгерлер "өлдү" деген ымыркай көмөрдө ыйлап жиберди. Индиядагы окуя
Түгөйлөр. Архивдик сүрөт

Бет кабын чечип өбүшө кеткен түгөйлөр жазаланды. Италиядагы окуя

213
40 жаштагы италиялык киши польшалык түгөйү менен ресторанга бара жаткан жолдо бет кабын чечип өбүшкөнүндө полиция кармап алган.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Милан шаарында көчөдө өбүшүү үчүн бет кабын чечкен түгөйлөр Италия өкмөтүнүн коронавируска каршы чектөөлөрүн бузду деп 400 евро айып салынды. Бул тууралуу "Известия" жазды.

40 жаштагы италиялык киши польшалык түгөйү менен ресторанга бара жаткан жолдо бет кабын чечип өбүшкөнүн полиция кармап алган.

Америка футболунун бет капсыз насаатчысы 100 миң доллар айыпка жыгылды

Жергиликтүү бийликтин чечимине ылайык, адамдар бири-бирине бир метрдей аралыкка жакын болгон учурда бет кап тагынуусу зарыл. Бул эреже чогуу жашагандарга тиешеси жок. Бирок полиция бул түгөйлөрдүн эки башка даректе жашаганын аныктагандан кийин айып салган.

Worldometer уюмунун маалыматына ылайык, 18-октябрга карата Италияда COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 402 536га жеткен. Анын ичинен 36 474 бейтап каза болгон. 249 127 адам сакайып кеткен.

213
Белгилер:
Италия, бет кап, коронавирус, чектөө, түгөй
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Адис коронавирус менен күрөшкөн иммунитетти дагы эмне начарлата турганын айтты
Индонезияда бет кап режимин бузгандарды табыттарга салып жазалашты
Адис көп жолу колдончу бет кап тандоодо этият болуу керек экенин эскертти
Конвертте акча кармап турган адам. Архив

Кара-Балта шаарынын мэриясында 19 млн. сом кымырылганы аныкталды

0
Эсеп палатасынын аудиттик материалдарына юридикалык баа берүү үчүн Чүй облустук прокуратурасына жөнөтүлгөн.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кара-Балта шаардык мэриясынын бюджетинде 2018-2019-жылдары 19 миллион сом өлчөмүндөгү финансылык бузуулар аныкталды. Бул туурасында Эсеп палатасынын аудитордук отчетунда жазылган.

Маалыматка ылайык, аудиттер мэриянын эки жылдык бюджетинин аткарылышын текшергенде 19 миллион 12 миң сомдун дайыны чыкпай калган.

"Аталган сумманын 18 миллион 674,4 миң сому эмгек акыны негизсиз төлөп берүүгө жумшалган. Ошондой эле курулуш иштеринин көлөмүн жогорулатып 151,2 миң сом коротулса, 160,2 миң сом максатсыз пайдаланылган. Ушул жана башка каржылык бузуулар аныкталды", — деп көрсөтүлгөн отчетто.

Аудиттердин материалдары юридикалык баа берүү үчүн Чүй облустук прокуратурасына жөнөтүлгөнү белгиленет.

0
Белгилер:
аныктоо, каражат, мэрия, Кара-Балта
Тема боюнча
Прокуратура: Бишкекте иштебеген мугалимдерге айлык төлөнгөн факты аныкталды
Жаңы дайындалган Октябрь районунун акими коррупцияга шектелип кармалды