ЖМК: Россиянын Сириядагы операциясы анын курал-жарагы үчүн мыкты реклама болду

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүРоссиянын Сириядагы Су-25 учактары. Архив
Россиянын Сириядагы Су-25 учактары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Сирияда жүргүзгөн операциясы анын аскердик техникасын алууга кызыкдар өлкөлөрдү жаратты. Потенциалдуу кардарлар менен түзүлө турган келишимдердин жалпы суммасы Сириядагы операцияга корогон каражаттан 10 эсе жогору болорун "Коммерсантъ" гезити жазып чыкты.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Сирияда жүргүзгөн кампаниядан Россия саясий упайга гана ээ болбостон, курал-жарак боюнча түзүлгөн келишимдин негизинде экономикалык жактан да бир топ пайда көрө турганын "Коммерсантъ" гезитине таянуу менен РИА Новости билдирди.

"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери Пальмира шаарынан толугу менен чыгарылды
Басылма сириялык кампания үчүн жумшалган 33 миллиард рублге дагы он миллиард кошуп, авитехниканы калыбына келтирип, ок-дарынын көлөмүн толуктоосу керек экенин эсептеп чыкты. Бирок бул чыгымдын баарын россиялык курал-жаракка ээ болгусу келгендер менен түзүлө турган келишимдин суммасы оңой эле жаба турганы айтылган.

Маалыматка ылайык, Сирияда колдонулган курал-жаракка бир катар мамлекеттер кызыгуусун билдирген. Россиянын аскердик-техникалык кызматташуу боюнча федералдык кызматына бир нече кайрылуу түшүп, авиатехникага суроо-талап көбөйгөн.

Былтыркы жылдын соңу менен Алжирден Су-32 бомба таштоочу 12 учакка жана сыноо үчүн Су-35С аскердик учагына заказ түшкөн. Алжирдин учкучтарына алынган техника абдан жаккан, мындан улам Алжир аталган учактарды сатып алуу ниетин билдириши күтүлүүдө. Бул келишим 1,5 миллиард долларга бааланат.

Мындан тышкары, Алжир менен Ми-28НЭ үлгүсүндөгү 40 тик учак алуу боюнча келишим түзүлгөн. Эксперттердин айтымында, анын баасы 600-700 миллион доллардын чегинде.

Су-35 аскердик учактарына Индонезия, Вьетнам жана Пакистан кызыгууда. Вьетнам жана Индонезия менен түзүлө турган келишимдин баасы бир миллиард доллардан ашат.

Пакистан алты учактан көп сатып ала албай турганын билдирген. Бирок бул келишим деле Россияга 500 миллион доллар алып келет.

ЮНЕСКО: Пальмираны калыбына келтирүү үчүн дүйнө коомчулугу биригиши керек
Т-90 танкы ПТРК ТOW куралынын соккусуна туруштук бергени тартылган видео Интернет тармагына жайылып кеткенден кийин аталган танкка болгон суроо-талап жогорулашы мүмкүн экенин эксперттер божомолдошууда. Потенциалдуу кардар катары басылма Ирак, Иран жана КМШ мамлекеттерин атаган.

Сирияда абадан коргонуу С-400 комплекси Сауд Аравиясы менен Индиянын кызыгуусун жаратууда. Бул өлкөлөр менен келишим түзүлсө, анын баасы төрт миллиард долларды чапчый турганы айтылууда.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча Россия алты-жети миллиард долларлык келишим түзүшү ыктымал. Бул Сириядагы операция жумшалган акчадан он эсе көп экени белгилүү.

Россиянын Сириядагы аскердик операциясы 5,5 айга созулду. Бул убакыт аралыгында террорчулардын курал-жарак жана ок-дары менен камсыздалуу жолу буулуп, мыйзамсыз нефть ташуунун негизги каналдары жабылды. Муну менен бирге бир катар аймактардан террорчулар куулду. Сирияда жарандын согуш 2011-жылдан бери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0