ЖМК: Мессинин чокою египеттик күйөрмандардын намысына тийип, жинин кайнатты

© REUTERS / Albert Gea "Барселона" клубунун жана Аргентинанын курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси. Архив
Барселона клубунун жана Аргентинанын курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү футболчунун кайрымдуулук акциясы египеттиктердин жинине тийди. Жергиликтүү саясатчылардын бири анын өлкөсүн буга чейин эч ким мынчалык мазактабаганын айтты.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. "Барселона" клубунун жана Аргентинанын курама командасынын чабуулчусу Лионель Мессинин кайрымдуулук акция үчүн өзүнүн спорттук чокоюн бергени египеттик күйөрмандарды дүрбөлөңгө салды деп жазат The Independent басылмасы.

Мессинин тобу күйөрман кыздын бетине тийди
Атактуу футболчунун мындай кадамын Египетте мазактоо катары кабыл алышты, себеби, араб өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө белек катары бут кийим берүү мазактоо катары кабыл алынат.

Буга чейин Месси египеттик каналдардын бириндеги программа учурунда кайрымдуулук акциясы үчүн өзүнүн бутсысын тартууларын жар салган. Анын бул билдирүүсү өлкө ичинде кызыл-чеке талашка жем таштаган.

Жергиликтүү саясатчылардын бири египеттиктерди буга чейин эч ким мынчалык мазактабаганын айтып "батинкесин башына кийип алсын" деп зекиди. 

Мессинин бул кадамына Египеттин футбол федерациясы да пикирин билдирди. Федерациянын маалымат катчысы Азми Мегахед "бутсысын өз өлкөсүнө берсин, Аргентинада жакырлар толтура" деп атактуу футболчунун кадамын сынга алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0