БИШКЕК, 25-апр. – Sputnik. Батыштын баш оорусун жаратып, ойго салып жаткан Кытайдагы чет элдик бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү боюнча мыйзам долбоору бүгүн мыйзамчыларга сунушталат. Алар үчүнчү окууда карап, ушул апта ичинде документти кабыл алуу боюнча добуш берет. Бул туурасында РИА Новости Синьхуа агенттигине шилтеме кылып жазды.
"Мыйзам долбоору жалпы Кытайдын эл өкүлдөр палатасынын туруктуу комитетинин кароосуна берилди. Сессия дүйшөмбү күнү башталып, бейшембиде аяктайт", — деп айтылат маалыматта.
Эл өкүлдөр палатасынын сессиясы эки айда бир жолу өтөт.
Аталган өлкөдө мыйзам долбоорлору үчүнчү окуудан кийин гана колдоого алынат. Кытайда бейөкмөт уюмдардын ишин жөнгө сала турган мыйзам Батыштын укук коргоочу уюмдарынын арасында бир топ түйшөлүүлөрдү жаратып турат. Алар жаңы документ уюмдардын ишин чектеп коёт деген пикирде.