Haber10 маалымат сайтынан алынган кадр. Президент Алмазбек Атамбаев.

Түркия ЖМКлары Атамбаевдин билдирүүсүн "күтүлбөгөн сокку" деп баалады

1137
(жаңыланган 20:39 02.08.2016)
Кыргызстандын президенти Түркиянын тышкы иштер министринин жакында КРде баш аламандык болот деген билдирүүсүнө карата "бизди коркутуп, акыл үйрөтүүнүн кажети жок" деп түшүндүрмө берген.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарында болгон маалымат жыйында Түркиянын тышкы иштер министринин айткандары акылга сыйбай турганын билдирген.

Буга чейин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу дин аалымы Фетхуллах Гүлендин жактоочулары Кыргызстанда баш аламандык уюштурушу мүмкүн деп бир канча жолу телеберүүдөн айткан болчу. 

Haber10 маалымат сайты "Атамбаевдин "түрк сценарийинин" кайталанышы боюнча орой билдирүүсү" деген аталышта маалымат жарыялады. 

Ал эми Ahaber маалымат сайты "Атамбаев Түркиянын Фетхуллах Гүлендин террор уюму тууралуу билдирүүнү акылга сыйбай турган билдирүү деп кабыл алды" деген аталыш менен берди.

TurkHaber24 басылмасы "Атамбаев Гүлендин тарапташтары тополоң чыгарат дегенди акылга сыйбаган нерсе деп баалады" деген аталыш менен чыгарды.

Ошондой эле Түркиянын бир катар басылмалары Алмазбек Атамбаев Чавушоглунун билдирүүсүнө "төңкөрүш менен коркутпасын" деп жооп кайтарды деп жазды. 

1137
Белгилер:
мамлекеттик төңкөрүш, ЖМК, Алмазбек Атамбаев, Түркия
Тема:
Алмазбек Атамбаевдин Чолпон-Атадагы маалымат жыйыны (8)
Тема боюнча
Түрк министри Кыргызстанда баш аламандык болушу мүмкүндүгүн кайтадан эскертти
Президент: 2-3 жылда ЕАЭБ рыногун ээлейбиз
Пикирлер