Олимпиаданын "түгөйү": Көчмөндөр оюну дүйнөлүк ЖМКнын видеосунда

© Sputnik / Табылды КадырбековТеатрализованное шоу в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын
Театрализованное шоу в рамках Всемирных игр кочевников на джайлоо Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн ишемби күнү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Дүйнөнүн 60 мамлекетинен келген спортчулар "Көчмөндөр олимпиадасында" күч сынап жатышат.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Орто Азиянын бермети болгон Ысык-Көлдүн жээгинде ишемби күнү ири маанидеги спорттук-маданий иш-чара башталды. Риодо өткөн Олимпиададан кийин дүйнөлүк коомчулуктун көңүлү "Көчмөндөрдүн олимпиадасына" бурулду. 

Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясы өз окурмандарына Дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары Көчмөндөр оюндарын кандайча чагылдырып жаткандыгын тартуулоону туура көрдү. 

Британиялык The Guardian басылмасы жакында эле "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кош келиңиз! Эгер Чынгызхан тирүү болгондо ал сөзсүз түрдө бул жерде болмок" деген аталышта материал чыгарса, эми төмөнкүдөй жаңылык даярдашты.

"Олимпиада эр эңиш, көк бөрү сыяктуу беттештер менен Стивен Сигалдын катышуусунда өтсө канчалык деңгээлде шумдуктуудай болмок?"

Германиянын Deutsche Welle эл аралык телеберүүсү Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинин эң сонун учурларын чагылдыруу менен Алмазбек Атамбаевдин сүйлөгөнүн көрсөткөн.

"Тарыхты баалап, каада-салт менен жылкыны жакшы көргөндөр үчүн бул болуп көрбөгөндөй майрам болду", — деп британиялык ВВС телекөрсөтүүсү даярдаган видео тасмада айтылат. 

Бир эле учурда миң комузчу "Маш ботойду" бир адамдай шартылдата черткени кытайлыктарды да таң калтырганы байкалып турат. New China телеканалы чагылдырган видео тасмада так ушул учурлар баса көрсөтүлгөн. 

Ал эми бедели күчтүү Euronews жана Al Jazeera телеканалдары оюндар баштала электе атайын роликтерди көрсөткөн. Алар ачылыш аземинен кийинки учурлар боюнча дагы материал даярдаган. 

"Рио-де-Жанейро Олимпиадалык оюндардын ээси болсо болгондур. Бирок бул Орто Азия, анда Көчмөндөр оюндары өтүп жатат. Бул кичинекей мамлекет үчүн Көчмөндөр оюндарынын канчалык маанилүү экендигин анын ачылышы эле көрсөтүп койду", — деп белгиленет Al Jazeera каналынын промо-ролигинде. 

Euronews болсо оюндарды кенен чагылдырган атайын программа даярдады. Алар Сигалдан баштап өлкө жетекчилери менен дагы маектешүүгө жетишишкен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0