БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бүгүн Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары жыйынтыкталды. Бир апта бою 62 мамлекеттен келген спортчулар Ысык-Көлдүн жээгинде спорттун 26 түрү боюнча күч сынашты.
Оюндардагы мелдештер жергиликтүү да, чет элдик да ЖМКлар аркылуу дүйнөгө тарап жатты. Sputnik Кыргызстан агенттиги өз окурмандарына Көчмөндөр оюну тууралуу жазган чет элдик ЖМКлардын материалдарын сунуштайт."Көңүл буруңуздар! Олимпиаданын ойго келбес эң сонун альтернативасы табылды — Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары" — ушундай тема менен CBS Sport басылмасы өз макаласын сунуштады.
Америкалык телеканалдын материалында бул оюндарда баары — "өрттөнгөн чабандес, мүнүшкөрлөр жана дүйнөлүк кинонун жылдызы Стивен Сигал" бар экени белгиленет.
Мындан тышкары, катышуучулардын баарын кылымдарды карыткан көчмөн элдин салт-санаасы бириктиргени, бирок оюндарга көчмөндөр менен байланышы жок элдер да жүргөнү айтылат.
"Буларга чындап эле уникалдуу иш-чарага катышуу бактысы буюрду", — деп айтылат макалада.
Американын ири Fox телеканалы "Кыргызстандагы Көчмөндөр оюну — сиз буга чейин көрүп-билбеген көңүл толкуткан иш-чара" деген аталыш менен макаласын жарыялады."Рио Олимпиадасы артта калып, Паралимпиада оюндары жаңыдан гана башталып жаткан маалда дүйнө коомчулугунун көңүлү Көчмөндөр оюну өтүп жаткан алыскы Кыргызстанга бурулуп турат", — деп айтылат материалда.
Көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн этнофестивалдын медиа өнөктөшү болгон Түркиянын ири "Анадолу" маалымат агенттиги "Көчмөндөр оюну — Олимпиаданын масштабдуу жана ажайып түгөйү" деген тема менен макаласын жарыкка чыгарган.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Адистер кайсы ооруга кабылгандарга жашылчаларды чийкилей жегенге болбой тургандыгын айтып бергенин РИА Новости жазды.
"Ашказан-ичеги ооруларына тушугуп, жарасы болгондор же эрозияга кабылгандар илдет күчөп турган учурда жашылчаларды чийки жегенге болбойт. Анын ордуна бууга же сууга бышырылганы алда канча коопсузураак", — деген россиялык терапевт-дарыгер жана диетолог Екатерина Бурляева.Диетолог мындан сырткары бышырылганына караганда аталган азыктардын чийкиси алда канча пайдалуу деген пикирлерди четке каккан.
"Маселен, капустада С витамини абдан көп. Аны ысыкка салганда бузулат, бирок чийки жегенде ичти көбүрөөк көптүрөт. Андыктан бышырылган түрү ыңгайлуу", — деген Бурляева.
Дарыгер сөз кылып жаткан бир катар азыктар бышырылганда жакшы сиңерин белгилеген.
"Кээ бир изилдөөлөрдө ликопин антиоксиданты онкологиялык оорулардын тобокелдигин азайтары айтылат. Бул заттын бышырылган азыктагысы, тагыраагы, май кошулганы ичегиге жакшы сиңет. Бирок температура канчалык өйдө болсо, ликопин ошончолук азайып кетет", — деп айтып берген адис.
Мисал катары ал томатты, дарбызды жана грейпфрутту атаган.
Буга чейин дагы бир диетолог Римма Мойсенко өтө пайдалуу жана кооптуу делген жемиштер жөнүндө айтып берген. Дарыгердин айтымында, ширеси азыраак болгондорго басым жасоого кеңеш кылган. Жемиштерди өтө арбын жегенде организмде ачып кетүү процессин чакырарын айткан.
БИШКЕК, 18-янв.— Sputnik. Россия пандемиянын мизин кайтара турган препарат тапты. Батышта россиялык илимге наадандык менен мамиле кылуу бар деп жазган Sputnik франциялык Monde diplomatique басылмасына шилтеме кылып.
Макаланын автору Федерико Кусконун пикирине таянсак, Батыш орустардын медицинасынан кабары жок болгондуктан "Спутник V" вакцинасынын чыгышын кайдыгерлик жана сындаган ар кыл пикирлери менен тосуп алды.
"Маданий, саясий, тилдик абдан эле чоң айырмачылыктан улам алар россиялык демилгелерди шектенүү менен кабылдашат", – деп белгиледи журналист.
Ал препаратты иштеп чыгуу Россиядагы олуттуу илимий тарыхый чынжырчанын жыйынтыгы болгондугун айткан. Анткен менен батыштык "жомокчулар" россиялык илимий жетишкендиктерди жылдап танып келишкен, эми вакцинанын жасалышына да таң калып турган кези.
"Фармацевтик лабораториялар өзүнүн дарыларын асмандаган баада таңуулаган АКШдан, Евробиримдиктен айырмаланып, Россия акчанын артынан куубайт", – деп жазган Куско.
Журналисттин пикирине караганда, азыр ар кыл мамлекеттерде жайылтылып жаткан "Спутник V" дарегине болгон шектенүүлөрдү 50 жылдан кийин эч ким эстебейт.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров өлкө айымдарын 8-Март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Өлкө башчысы куттуктоосунда кыргыз аялын бүгүнкү күндө үй-бүлө ынтымагынын жана бакубаттыгынын кам көрүүчүсү деп сыпаттайт.
"Аялзаты эзелтеден үй-бүлө очогунун сактоочусу, элдин эркиндикке умтулуусунун ыйык символу болуп келген. Кыргыз коомунда аялдарга сый-урмат менен мамиле жасоонун салты калыптанып, алар элибиздин коомдук жана саясий турмушунда маанилүү роль ойношкон. Муундан-муунга өтүп келе жаткан өрнөктүү салт-санааларыбызды үзбөй сактаган кыргыз аялы бүгүнкү күндө үй-бүлө ынтымагынын жана бакубаттыгынын кам көрүүчүсү болуп келет", — деп айтылат куттуктоодо.
Аялдар коомдун бардык тармактарында эмгектенип, жумушка жооптуу жана жаңычыл мамиле жасоонун өрнөгүн, реформаларды жүзөгө ашырууга дилгирлигин көрсөткөнү куттуктоодо айтылат.
Жапаров аялдардын жетишкендиктерин андан ары бекемдөө үчүн жакында өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоо учурунда биринчи жолу аялдарга 30 пайыз квота берилгенин кошумчалады.