Бакиевдин кичүү аялы Белоруссиянын мамлекетке караштуу мейманканасын башкармай болду

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг за экстрадицию Бакиевых перед зданием посольства Белоруссии в КР.
Митинг за экстрадицию Бакиевых перед зданием посольства Белоруссии в КР. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Редакция Назгүл Төлөмүшова менен байланышканын билдирип, бирок оңчулуктуу жооп ала алган эмес.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Курманбек Бакиевдин кичүү аялы Назгүл Төлөмүшова Белоруссиянын президентинин иш башкармалыгына караган "Отель Минск" деп аталган ишкананын директорлугуна дайындалды. Бул туурасында Белоруссиянын Новости tut.by деп аталган маалымат агенттиги жазды.

Редакция Төлөмүшова менен байланышканын билдирип, бирок оңчулуктуу жооп ала алган эмес. 

"Бизге Назгүл Төлөмүшовага чалып байланышууга мүмкүнчүлүк жаралды. Суроолорубузду уккандан кийин ал азыр сүйлөй албастыгын айтып, кечирээк чалуубузду суранды. Бирок баары бир жооп ала алган жокпуз", — деп билдирди аталган агенттик.

Курманбек Бакиев 2010-жылдагы республикадагы 80ге чукул адам каны төгүлгөн 

саясий окуялардан кийин өлкөдөн чыгып кетип, Белоруссияны пааналаган.

"Ал 2010-жылдан бери Беларуссиянын жараны. Кыргыз бийлиги экстрадиция кылууну талап кылган менен буга мүмкүн болбой келет", — деп жазды Новости tut.by.

Бул маселе кечээ кайрадан Жогорку Кеңеште айтылып, Кыргызстан Белоруссиядан Курманбек Бакиевди түрмөгө отургузуу боюнча кайрылган.

2010-жылдагы кандуу окуяларда Курманбек Бакиев жана анын бир тууганы Жанышбек Бакиев күнөөлүү деп табылып, алар Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткендиктен сыртынан соттолгон. 

Качкын президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт: доону чакыртып алуу Максим Бакиевден Англия сотунда утулду дегенге жатпайт
Агенттик Назгүл Төлөмүшованын Курманбек Бакиев менен 1995-жылдан бери жашап келе жатканын жана Белоруссия туурасында айткандарын кыргыз басылмаларына берген маегине шилтеме кылып билдирген.

"Белоруссия бизге жакты. Эли жөнөкөй, пейилдери кең жакшы адамдар экен. Шарт ошону талап кылып жаткандан кийин баарына көнүп, эл Курманбек Салиевичтин актыгын туура түшүнүп, билгенче бул жакта турганыбыз эле оң го. Албетте, туулган жердин топурагы алтын да. Бирок азырынча Кыргызстанга барабыз деген оюбуз жок", — деп айтканын берген. 

Новости tut.by "Отель Минск" ишканасынын директорунун орун басары президент Александр Лукашенконун мурдагы жардамчысы жана аталган өлкөдөгү белгилүү депутат Виктор Кучинский аттуу адам экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0