ЖМК: КРдеги Ататүрк-Алатоо университети Гүлендин террордук уюмуна тиешелүү

© Фото / пресс-служба Международного университета Ататюрк-АлатооМеждународный университет Ататюрк-Алатоо
Международный университет Ататюрк-Алатоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стамбулдун Башкы прокуратурасы Гүлендин уюмуна мүчө болуп, окуу жайларда иштегендер боюнча жүргүзгөн иликтөөсүнүн жыйынтыгын чыгарды.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы эл аралык Ататүрк-Алатоо университети Түркияда террордук уюм деп табылган Фетхуллах Гүлендин террордук тобуна (ФЕТӨ) таандык экенин Hurriyet басылмасы Стамбулдун Башкы прокуратурасына таянуу менен билдирди.

Стамбулдун Башкы прокуратурасы Гүлендин уюмуна мүчө болуп, окуу жайларда иштегендер боюнча жүргүзгөн иликтөөсүнүн жыйынтыгын чыгарды.

"ФЕТӨ өзүнүн максаттарына жетүү үчүн университеттерде атайын топторду түзгөн. Андан сырткары, Түркиянын өзүндө 17 университет ачылган. Аталган окуу жайлар 2016-жылдагы июль айында болгон мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин жабылган", — деп айтылат маалыматта.

Мектеп. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: КР менен Өзбекстандагы Гүлендин мектептеринде ЦРУнун 130 агенти иштеген
Андан сырткары, ФЕТӨ уюмуна тиешелүү чет мамлекетте орун алган университеттердин да аттары аталды. Алардын катарында Албаниядагы Бедир университети, Азербайжандагы Кавказ университети, Грузиядагы Эл аралык Кара деңиз университети, Казакстандагы Сүлейман Демирел университети, Кыргызстандагы Ататүрк-Алатоо университети, Түркмөнстандагы Түркмөн-түрк университети, Румыниядагы Түштүк-Чыгыш Европа Лумина университети, Босния жана Герцеговинадагы Бурч университети жана Ирактагы Ышык университеттери кирген.

Кыргызстандагы Ататүрк-Алатоо университетинин маалымат кызматы Sputnik агенттигине Стамбул Башкы прокуратурасынын чечими боюнча түшүндүрмө берди.

"Ататүрк-Алатоо" университетин Кыргызстанда "Себат" эл аралык билим берүү мекемеси ачкан. Бул мекеменин учредителдери дагы кыргызстандык жарандар. Биздин университет башка мамлекеттин ички саясатына кийлигишпейт жана өз ишмердигин Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык алып барат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле университеттин ФЕТӨ уюмуна тиешеси бар деген билдирүү чындыкка жатпай турганы кошумчаланды.

Ататүрк-Алатоо университети 1996-жылы Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен эл аралык "Себат" билим берүү мекемесинин ортосунда кол коюлган келишимдин негизинде ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0