ЖМК: кыргыз генералы наамын "алган" аравиялык бизнесмендин айыбы ачылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с социальной сети Facebook пользователя Madhavan Sathishan. Бизнесмен из ОАЭ Шейх Мухаммед Рафик
Снимок с социальной сети Facebook пользователя Madhavan Sathishan. Бизнесмен из ОАЭ Шейх Мухаммед Рафик - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Индиялык басылмалардын маалыматына караганда, бизнесмен экс-президент Курманбек Бакиевдин кеңешчиси болуп, бир нече убакыт бою Кыргызстандын эркин экономикалык аймагын жетектеген.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Индия менен Араб Эмираттарынын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМК) аравиялык бизнесмен Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнөн генерал деген наам алды делген маалымат боюнча ызы-чуу чыкканын Outlook India журналы жазып чыкты. 

Бывший глава предвыборной кампании Дональда Трампа Пол Манафорт - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Трамптын штабынын экс-башчысы кыргыз банктары аркылуу акча адалдаган
Январь айынын башында Khaleej Times эмират гезити теги индус болгон Араб Эмираттарындагы ишкер Шейх Мухаммед Рафикдин ийгилик сырлары тууралуу материал жарыялаган.

Макала "Индиялык бизнесмен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн жетектегендердин катарын толуктады" деген аталышта жарык көргөн. Анда бизнесмен Кыргызстандын Коргоо комитетинин жетекчисинин колунан "генерал-майор" наамын алганы жазылган.

ЖМКдагы маалыматтарга караганда, наам 31-декабрь күнү Бишкекте расмий түрдө тапшырылган. Ошондой эле гезитте индиялык ишкер чет өлкөнүн аскер структурасында жогорку кызматты ээлеген алгачкы учур экени белгиленген.

Кийинчерээк алардын материалы индиялык басылмалардын "талоонунда" калган. Жаңылыктарды Hindustan Times жана Business Standard сыяктуу абройлуу басылмалар чыгарып, алдыңкы телеканалдар аскер кийимчен турган ишкердин өзүн да тартып алышкан. 

Видеорепортажда ал аскердик макам өлкө өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн берилгенин айтат.

Андан соң бул маалымат Кыргызстандын Бириккен Араб эмирлигиндеги дипломатиялык өкүлчүлүгү тарабынан жокко чыгарылган. Кыргызстандын элчиси Чыңгыз Эшимбеков жергиликтүү гезитке кайрылып, ири резонанс жараткан жаңылыкты оңдоп чыгарууну талап кылган.

"Такталган маалымат боюнча Шейх Мухаммед Рафик биздин өлкөдө эч кандай аскердик наам алган эмес. Khaleej Times басылмасынын кабарчысы такталбаган булактарга таянып, жаңылыкты текшерип чыккан эмес шекилдүү", — деп айтылат элчинин расмий кайрылуусунда. 

​Жаңылык жокко чыгарылганы менен ишкер "наам алгам" деген сөзүнөн кайткан эмес.

"Мага наамды коргоо министри өзү тапшырды. Билишимче, Коргоо жана Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда өз ара пикир келишпестик өкүм сүрөт. Элчиликтин кайрылуусуна мына ушул түшүнбөстүк себеп болуп жатат. Маселе жакынкы аралыкта чечилет", — деди индиялык магнат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Шейх Мухаммед Рафиктин өзү менен тилекке каршы, байланыша алган жок.

Ал эми Кыргызстандын Генералдык штабынын маалымат кызматынын жетекчиси Майрамбек Мусиев "генерал-майор" деген офицерлик жогорку наам бир дагы чет элдик жаранга ыйгарылбаганын билдирди.

"Мындан тышкары, мыйзам боюнча расмий кызматтагылардын чет элдиктерге аскердик наам берүү укугу жок", — деди ал.

Известный австралийский миллиардер и политик Клайв Палмер - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: кыргызстандык аялга 1 млн. доллар которгон австралиялык миллиардер сотко берилди
ЖМКлардагы маалыматка караганда Мухаммед Рафик өз кезегинде Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин кеңешчиси болуп иштеп, 2005-2008 жылдары Эркин экономикалык аймакты жетектеген. Ал эми учурда Сауд Аравиясындагы Gammon Group курулуш компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы. Ишкананын Иран, Араб Эмирлигинде жана Европа мамлекеттеринде филиалдары бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0