Түндүк менен Түштүк Кореянын биринчи айымдарынын жолугушусу ЖМКлардын көңүлүн бурду

© REUTERS / Korea Summit Press Pool / PoolВстреча первых леди Северной и Южной Кореи
Встреча первых леди Северной и Южной Кореи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖМКлардын жазышынча, эки айым тең тыкан жана татынакай кийинишкен.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Түндүк менен Түштүк Кореянын биринчи айымдарынын жолугушусу дүйнөлүк ЖМКлардын көңүлүн бурганын The Daily Mail басылмасы билдирди.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын аялы Ли Соль Чжу менен Түндүк Кореянын президенти Мун Чжэ Индин жубайы Ким Чжон Сук демилитаризацияланган аймактагы Пханмунджом сүйлөшүү жайында тунгуч ирет  жолугушту.

Биринчи айымдар күйө=лөрү менен чогуу банкетке катышар алдында "Тынчтык үйү" павильонунда жолугуп, сүйлөштү.

Маалыматка ылайык, Түндүк Кореянын лидеринин жубайы кызыл-сары түстөгү көйнөк кийсе, Түндүк Кореянын президентинин жубайы көк түстөгү пальто кийген. Ли Соль Чжу буга чейин чет элдик лидерлер менен жолугуу тажрыйбасы жок экенине карабай, өзүн эркин жана ишенимдүү алып жүргөн.

​Кол кармашкан биринчи айымдардын сүрөтү интернетке заматта жайылып кетти. Британиянын басылмасы аны "Корея аралык саммиттен кийинки экинчи маанилүү жолугушуу" деп атады.

​27-апрелде болгон саммиттен кийин Түндүк менен Түштүк Кореянын башчылары өз ара байланыштарды чыңдоо жана согуштук аракеттерди токтотуу керектигин билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0