БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Европанын ири спорттук каналы Eurosport Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы тууралуу материал даярдады.
Макала "Кыргызстан Азия кубогунда сенсация болуу үчүн тозоктон өттү" деген ат менен чыккан.
Анда өлкөгө 10 жыл мурун келген башкы машыктыруучунун эмгек жолу, курама командага чет элдик легионерлер кантип тартылганы жана футболдун улуттук оюн көк бөрүдөн популярдуу болуп кеткени тууралуу айтылат.
"2012-жылы Европа чемпионатынын тандоо туруна өтпөй калган швейцариялыктар былтыр 1/8 финалга жетишти. Кыргызстан да беш жыл мурун ФИФА рейтингиндеги 211 өлкөнүн тизмесинде 201-орунду ээлеп турса, быйыл плей-оффко чейин жетти", — деп жазылган макалада.
Кыргызстандын курама командасы тарыхта биринчи жолу Азия кубогунда ойноду. Тайпалык беттеште кытайлыктар менен түштүккореялыктарга жеңилип, филиппиндерди 3:1 эсебинде утуп алган. Үчүнчү орундан 1/8 финалга чыккан улуттук команда БАЭ командасы менен беттешип, 2:3 эсебинде утулуп калса да мыкты оюн көрсөткөн. Кыргызстанга кайткан футболчуларды эл зор салтанат менен тосуп алып, президент мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарган.Eurosport басылмасынын макаласы менен толук таанышууга болот.
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Онколог Михаил Мяснянкин балдардагы ак кан оорусунун биринчи белгилерин атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Медиктин айтымында, дарт өрчүп жатканда бала арыктап, бат чарчап, ыйлаак болуп, кубарып баштайт. Ошондой эле тамакка табити тартпай, айланада эмне болуп жатканына көңүл деле бурбай калат.Дарыгер рактын бул түрү балдарда биринчи кезекте генетикалык факторлордон улам пайда болорун белгилеген. Башкача айтканда, тукум кууйт. Мындан сырткары, айлана-чөйрөнүн терс таасири да ооруну шартташы мүмкүн.
"Кош бойлуу мезгилде эненин чылым чегип, спирт ичимдигин ичүүсү да түйүлдүккө таасир этип, балада кандын рагын пайда кылышы ыктымал. Эненин кош бойлуу мезгилде жыныс органдарынын сезгениши да кооптуу", — деди Мяснянкин.
Мындан улам медик ата-энелерге балдардын абалына жана өзүн алып жүрүүсүнө жакшылап көңүл бурууну сунуштаган. Ошондой эле балдар дарыгерине барып туруу керектигин эскерткен.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Адистер кайсы ооруга кабылгандарга жашылчаларды чийкилей жегенге болбой тургандыгын айтып бергенин РИА Новости жазды.
"Ашказан-ичеги ооруларына тушугуп, жарасы болгондор же эрозияга кабылгандар илдет күчөп турган учурда жашылчаларды чийки жегенге болбойт. Анын ордуна бууга же сууга бышырылганы алда канча коопсузураак", — деген россиялык терапевт-дарыгер жана диетолог Екатерина Бурляева.Диетолог мындан сырткары бышырылганына караганда аталган азыктардын чийкиси алда канча пайдалуу деген пикирлерди четке каккан.
"Маселен, капустада С витамини абдан көп. Аны ысыкка салганда бузулат, бирок чийки жегенде ичти көбүрөөк көптүрөт. Андыктан бышырылган түрү ыңгайлуу", — деген Бурляева.
Дарыгер сөз кылып жаткан бир катар азыктар бышырылганда жакшы сиңерин белгилеген.
"Кээ бир изилдөөлөрдө ликопин антиоксиданты онкологиялык оорулардын тобокелдигин азайтары айтылат. Бул заттын бышырылган азыктагысы, тагыраагы, май кошулганы ичегиге жакшы сиңет. Бирок температура канчалык өйдө болсо, ликопин ошончолук азайып кетет", — деп айтып берген адис.
Мисал катары ал томатты, дарбызды жана грейпфрутту атаган.
Буга чейин дагы бир диетолог Римма Мойсенко өтө пайдалуу жана кооптуу делген жемиштер жөнүндө айтып берген. Дарыгердин айтымында, ширеси азыраак болгондорго басым жасоого кеңеш кылган. Жемиштерди өтө арбын жегенде организмде ачып кетүү процессин чакырарын айткан.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкектен анча алыс эмес жерде Интернациональный айылынан экскаватор айдоочусу Павел Камаев балбал таш таап алган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү билдирди.
Балбал — бул адамдын сөлөкөтү чегерилген таш эстелик. Камаев аны кантип таап калганын айтып берди.
"Ал күнү мен жумушта болчумун, жер казып атып бир маалда катуу бир нерсеге тийгендей болдум. Карап, көргөн көзүмө ишенген жокмун. Топурак алдында анча чоң эмес таш эстелиги жатыптыр. Бийиктиги болжол менен бир метрди түзөт. Анын бир колунда чөйчөк тартылган. Табылга жакшы жышаан экенин, мындай жерлерде белгилүү аскер адамы да көмүлгөнүн окугам", — деди ал.
Ал табылгасын адистерге берүү үчүн Маданият, маалымат жана спорт министрлигине барган.
"Балбал ташты өзүмө алып калайын деп эч ойлонгон жокмун. Министрликтегилер айтканымды угуп, анын мынча тереңдикте жатканына таң калышты. Себеби мен аны үч метр тереңдиктен таап чыккам да. Ал жакта бул таш кандайча жатып калганы табышмак", — деди Камаев.
Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады.