Forbes КРде төрөлгөн баланы АКШдагы келечектүү жаштардын катарына кошту

© Sputnik / Жоомарт УраимовФлаг Кыргызской Республики
Флаг Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тизмеге белгилүү хип-хоп аткаруучулар, ири банктардын вице-президенттери, киберспортчулар, оюндун иштеп чыгуучулары жана башка тармактагылар кирген.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Forbes журналы АКШ менен Канаданын келечектүү жаштарын тизмектеп, ага Кыргызстанда төрөлгөн Саид Абдуллаевди кошту.

Журналдын жыл сайын чыгарыла турчу рейтинги "30 Under 30" ("30 чейин 30") деп аталат. Катарга АКШ менен Канадада коом жана бизнес чөйрөсүндө ийгилик жараткан жаштар кирет.

Forbes 15 миң кишинин арасынан үч баскычта 600 лауреатты тандаган. Мыктыларды коомдун пикирин, журналисттердин позициясын жана эксперттердин баасын эске алуу менен аныкташкан. Уюштуруучулар 20 категория боюнча рейтинг түзүүдө адистер менен кеңешкени маалымдалат.

Кыргызстандын программист Тилек Мамутов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Forbes кыргыз жигиттин стартапын технология жаатындагы башкы тренд деп баалады
Саида Абдуллаев "Маркетинг" категориясында мыктылардын арасына кирген. Ал 27 жашта, Google компаниясынын YouTube каналынын өндүрүмдөрдүн маркетинги боюнча менеджер болуп иштейт. Ачык булактарда ал он жыл мурда АКШга көчүп кеткени айтылат.

Тизмеге белгилүү хип-хоп аткаруучулар, ири банктардын вице-президенттери, киберспортчулар, оюндун иштеп чыгуучулары жана башка тармактагылар кирген.

Буга чейин дагы бир кыргызстандык жаш ишкер, "Азиянын эко азыктары" компаниясынын негиздөөчүсү Дастан Өмүралиев Forbes Asia журналынын Азия чөлкөмүндөгү келечегинен көптү үмүттөндүргөн 30 жашка чейинки ишкерлердин тизмесине кирген

Жаңылыктар түрмөгү
0