Новак: Камбар-Ата ГЭСин каржылоонун жол-жоболору иштелип чыгууда

© Sputnik / Михаил Мокрушин / Медиабанкка өтүүАрхив: РФтин энергетика министри Александр Новак.
Архив: РФтин энергетика министри Александр Новак. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФнын Энергетика министри Александр Новак азыркы учурда плотинанын бийиктигинин техникалык-экономикалык негиздемеси эки вариантта иштелип чыкты деп билдирди.

БИШКЕК, 3-ноя — Спутник Кыргызстан. РФнын Энергетика министри Александр Новак жакынкы арада Кыргызстанда Камбар-Ата ГЭСин куруу боюнча долбоорду каржылоонун жол-жоболору иштелип чыгат деген ойдо. Новак аталган долбоорду "Интер РАО" ишке ашырууну пландап жатканын билдирди. Бул маалыматты РИА Новости таратты

"Долбоор пландарга ылайык ишке ашырылууда. Биз мында өзгөчө кыйынчылыктарды көргөн жерибиз жок. Учурда плотинанын бийиктигинин техникалык-экономикалык негизи эки вариантта иштелип чыкты. Биз кыргыз кесиптештерибиз менен биргеликте ошол варианттардын бирин тандоонун үстүндөбүз", — деп айтты Новак "Россия бүгүн" ЭМАдагы маалымат жыйыны учурунда.

"Каржылоо булактарына токтолсок, азырынча бул боюнча акыркы чечим кабыл алына элек. Каржылоо булактары боюнча сунуштар бар, бирок толук чечим иштелип чыга элек, жакынкы убактарда биз мындай чечимди кабыл алабыз деген ойдомун", — деп кошумчалады министр.

Долбоордо Камбар-Ата-1 ГЭСин, о.э. чектеш мамлекеттерге электр кубатын берүү үчүн электр өткөргүчтөрдү куруп пайдаланууга киргизүү каралган. Аны ишке ашыруу үчүн "Камабар-Ата ГЭС-1" орус-кыргыз компаниясы түзүлгөн. Анын 50% акциясына "Интер РАО" ээлик кылат. Электр кубатын жылдык орточо өндүрүү көлөмү 4,3 миллиарддан ашык киловатт-саатты түзөт деп күтүлүүдө, ал эми станцияны куруу мөөнөтү жети жыл, долбоордун өз чыгымын актоо мөөнөтү 12,5 жыл болот деп болжолгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0