Эки өлкө соода жүгүртүүсү 1 миллиард доллардан ашкан

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүАрхив: Саанчы
Архив: Саанчы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Казакстан экономикалык жактан кызматташууга кызыкдар.

БИШКЕК, 8-ноя — Спутник Кыргызстан. 7-ноябрда Казакстандын борбору Астана шаарында Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку Мамлекеттер аралык Кеңешинин 4-жыйыны өтүп, анда эки мамлекеттин энергетика жана экономика тармагындагы бир катар маселелер талкууланды.

Жолугушуу маалында акыркы жылдары Казакстан менен Кыргызстан ортосундагы сооданын көлөмү өтө ылдамдык менен өнүгүп жатканы айтылды. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев акыркы эки жылда эки мамлекет ортосундагы соода жүгүртүү 1 миллиард доллардан ашканын айтты. Кыйын кырдаалдарга карабастан өткөн айда сооданын көлөмү 5,2%га өскөн. Казак президентинин айтымында, экспорттолгон электр энергиянын 86%ы, сүт азыктарынын 90%ы, жер-жемиштердин 56%ы Казакстанга кетет.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын сегиз айында эки мамлекеттин соода алакасы 599 миллион долларга жеткен. Анын 357 миллион доллары импорт болсо, 342 миллион доллары — экспорт.

Кыргыз-казак президенттеринин өз ара жолугушуусу маалында Нурсултан Назарбаев 8 айдан бери Казакстандын чек арасында кармалып турган 400 цистерна күйүүчү май өткөрүлө турганын айтканы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0