Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 2015-жылы 243 млн. сом бөлүнөт

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүАрхив: Нарын шаарындагы кол өнөрчүлүк жарманкеси. Ат-Башы.
Архив: Нарын шаарындагы кол өнөрчүлүк жарманкеси. Ат-Башы. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2014-2020-жылдар аралыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча аракеттер көрүлүүдө.

БИШКЕК, 13-ноя — Sputnik. Мамлекеттик тилди өнүктүрүш үчүн 2015-жылдагы республикалык бюджеттен 243 миллион сом каралды. Мындай маалыматты каржы министри Ольга Лаврова бейшембиде Жогорку Кеңеште 2015-жылдын бюджети каралып жатканда билдирди.

Белгилей кетсек, президент Алмазбек Атамбаев 2014-2020-жылдарда мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө жарлыкка кол койгон болчу. Бул программа үч этап менен ишке ашат. 

Министр Ольга Лаврова ошондой эле, кийинки жылы боло турчу парламеттик шайлоого 230 миллион сом, чек ара аймактарын жакшыртууга 100 миллион сом каралганын кошумчалады.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча 2015-жылы республикалык бюджеттин тартыштыгы 14 миллиард 683,3 миллион сомду түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0