Путин Кыргызстан менен кызматташуу жөнүндө келишимди ратификациялады

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүАрхив: В.Путин дал интервью немецкому телеканалу ARD
Архив: В.Путин дал интервью немецкому телеканалу ARD - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келечекте түзүлө турган россиялык-кыргызстандык Өнүгүү фонду Эл аралык уюмдун тибинде түптөлмөкчү. Фонддун статусу, түзүмү жана иштөө тартиби өзүнчө келишим менен аныкталат.

Федерация Кеңеши Россия-Кыргызстан кызматташуусун ратификациялады
БИШКЕК, 2-дек – Sputnik. Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен евразиялык экономикалык интеграция шартында экономикалык кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө келишимди ратификациялаган мыйзамга кол койгонун шейшембиде РИА Новости билдирди.

Бул документ укуктук маалыматтардын расмий порталына шейшемби күнү жайгаштырылды.

2014-жылдын 29-майында кол коюлган келишим, агроөндүрүш комплексин, тигүү жана текстиль, кайра иштетүү, тоо-кен жана металлургия өнөр жайын эки тараптуу өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле, транспорт, турак-жай курулушу, соода, ишкердик жана инфраструктура тармагында кызматташууну камтыйт.

Келечекте түзүлө турган россиялык-кыргызстандык Өнүгүү фонду Эл аралык уюмдун тибинде түптөлмөкчү. Фонддун макамы, түзүмү жана иштөө тартиби өзүнчө келишим менен аныкталат.

Россия тарап Кыргызстандын бул тармактагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ала турган каражаттарын — тең үлүштүү капиталдык фондду эки жыл ичинде түзүү менен камсыздайт. Уставдык капитал 500 миллион доллар өлчөмүндө жана андан сырткары тартыла турган заемдук каражаттар жарым миллиард доллардан кем болбой турганы пландалууда. Андан сырткары, орус тарап Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүндөгү Жол картасына ылайык, эки жыл ичинде кайтарымсыз 200 миллион доллар берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0