Заправка автомобиля бензином

Нефтетрейдерлер күйүүчү майлардын баасынын арзандарын болжошууда

25
(жаңыланган 13:28 04.12.2014)
Кыргызстандын нефтетрейдерлери бензин жана дизелдик майдын баасы арзандай турганын билдиришүүдө.

БИШКЕК, 2-дек — Sputnik. Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы декабрь айында күйүүчү майга болгон баа арзандай турганын божомолдошууда. Бул тууралуу ассоциациянын аткаруучу директору Улан Кулов билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери Кыргызстанда күйүүчү майга болгон баа 22 пайызга өскөн. Башкача айтканда, 8,6 сомго кымбаттаган. Биринчи жарым жылдыкта баалар 2,3 же болбосо 5,2 пайызга жогорулаган. Экинчи жарым жылдыкта болсо, баалар кескин түрдө кымбаттаганы байкалып, ал 6,3 сомго же 15 пайызга өскөн.

"Ошол эле учурда Кыргызстандагы нефтепродуктунун баасы Өзбекстан менен Тажикстанга салыштырмалуу төмөн. Мисалы Өзбекстанда Аи-92 маркасындагы бензиндин литри 61 сом, Аи-95 маркасындагы бензин 82 сом турат", — деди аткаруучу директор.

Күйүүчү майдын кымбатташы дүң рынокто баалар жогору болуп жаткандыктан жана валюталардын курсунун өйдө-төмөн болушунан улам болуп жатканын кошумчалады. Күйүүчү май саткан россиялык компаниялар өз бааларын чет элдик валютада коюшууда.

Декабрда Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү майлардын жаңы партиясы келгендиктен, бензиндин баасы төмөндөйт деп болжошууда. Ошондой эле, алар күйүүчү майга болгон сезондук талап бир аз төмөндөгөнүн билдиришти.

25
Белгилер:
Улан Кулов, Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы, Күйүүчү май
Жазгы талаа иштери. Архив

Эмдиги жылы Кыргызстанда 200 миң гектарга дан эгиндери себилет

59
180 миң гектар аянтка буудай жана 12 миң гектар жерге арпа айдалары айтылды. Келерки жылдын түшүмү үчүн 21 миң тонна фосфор жана калий жер семирткичтери керектелет.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Республикада келерки жылдын түшүмү үчүн 200 миң гектардай аянтка дан эгиндерин себүү пландалууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Анын 180 миң гектар аянтына буудай жана 12 миң гектар жерине арпа айдалат. Министрлик ошондой эле келерки жылдын түшүмү үчүн 21 миң тонна фосфор жана калий жер семирткичтери керектелерин кошумчалады.

"Дан эгиндеринин жогорку түшүмдүүлүгү жана сапаты өсүмдүктүн вегетация мезгилинде минералдык жер семирткичтер менен камсыздалышына жараша болот. 1-сентябрдан 22-октябрга чейинки аралыкта республикага жалпысынан 5,9 миң тонна фосфор жана калий жер семирткичтери алып келинип, учурда дыйкандар сатып алууда. Бул жалпы керектөөнүн 28,2 пайызын түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик күздүк дан эгиндерин минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылуу системасы кошумча азыктандыруу менен жүргүзүлөрүн белгиледи.

59
Белгилер:
Кыргызстан, айыл чарба, Буудай, дан, эгин
Тема боюнча
Кожогулов: 450 техника дыйкандарга жеңилдетилген шартта берилет
Асанов: айыл чарба көйгөйүн чечүү үчүн жетекчиликте туруктуулук болушу абзел
Бишкекте Кыргыз темир жолу менен Кытайдын Инженердик корпорациясынын №3 темир жолу ишканасынын ортосундагы кызматташуу меморандумун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү жүрдү

Кыргызстан Кытай темир жол ишканаларынын башчылары кызматташууну талкуулады

108
Делегациянын Бишкек — Кайыңды, Бишкек — Балыкчы участкаларындагы кыргыз темир жолунун объектилеринин иштери менен таанышары айтылган.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Бишкекте "Кыргыз темир жолу" менен Кытайдын "Инженердик корпорациясынын №3 темир жолу" ишканасынын ортосундагы кызматташуу меморандумун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү жүрдү. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлады.

  • 25 октября 2021 года состоялась встреча генерального директора ГП НК Кыргыз темир жолу Азамата Сакиева с главой делегации ООО Инженерной корпорации №3 Железные дороги Китая
    Бишкекте "Кыргыз темир жолу" менен Кытайдын "Инженердик корпорациясынын №3 темир жолу" ишканасынын ортосундагы кызматташуу меморандумун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү жүрдү
    © Фото / пресс-служба "Кыргыз темир жолу"
  • 25 октября 2021 года состоялась встреча генерального директора ГП НК Кыргыз темир жолу Азамата Сакиева с главой делегации ООО Инженерной корпорации №3 Железные дороги Китая
    Иш сапардын алкагында делегациянын Бишкек — Кайыңды, Бишкек — Балыкчы участкаларындагы кыргыз темир жолунун объектилери, сунушталган Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече багыты боюнча таанышары айтылды
    © Фото / пресс-служба "Кыргыз темир жолу"
  • 25 октября 2021 года состоялась встреча генерального директора ГП НК Кыргыз темир жолу Азамата Сакиева с главой делегации ООО Инженерной корпорации №3 Железные дороги Китая
    Андан сырткары, Транспорт жана коммуникация министрлигинде жолугушуу болуп, жогоруда аталган долбоорлор боюнча техникалык документтерди изилдөө иштери боло турганы кабарланды.
    © Фото / пресс-служба "Кыргыз темир жолу"
1 / 3
© Фото / пресс-служба "Кыргыз темир жолу"
Бишкекте "Кыргыз темир жолу" менен Кытайдын "Инженердик корпорациясынын №3 темир жолу" ишканасынын ортосундагы кызматташуу меморандумун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү жүрдү
"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясынын башкы директору Азамат Сакиев менен Кытайдын "Инженердик корпорациясынын №3 темир жолу" ЖЧКсынын башчысы, "Кытай эл аралык инженердик тобу" (CОVEС) ишканасынын Борбордук жана Батыш Азия боюнча аймактык директору, делегация башчысы Дзен Линбо Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолун куруу боюнча инфраструктуралык жана башка долбоорлорду талкуулады", — деп айтылган маалыматта.

Иш сапардын алкагында делегациянын Бишкек — Кайыңды, Бишкек — Балыкчы участкаларындагы кыргыз темир жолунун объектилери, сунушталган Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече багыты боюнча таанышары айтылды. Андан сырткары, Транспорт жана коммуникация министрлигинде жолугушуу болуп, жогоруда аталган долбоорлор боюнча техникалык документтерди изилдөө иштери боло турганы кабарланды.

"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын стратегиялык өнүгүү планын ишке ашыруу максатында Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече темир жолун куруу боюнча  2021-жылдын сентябрь айында аталган компания менен Кытайдын "Инженердик корпорациясынын №3 темир жолу" ЖЧКсы ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

108
Белгилер:
Кыргызстан, Кытай, Кыргыз темир жолу, талкуу
Тема боюнча
Сонун болуптур! Кыргызстандагы эң чоң көпүрөнүн асмандан көрүнүшү
Екатеринбург аэропортундагы жүргүнчүлөр. Архив

Россия 2030-жылга чейин мигранттарды тартуу үчүн кандай аракет көрөрүн айтты

0
(жаңыланган 11:34 27.10.2021)
COVID-19 пандемиясы күч алып кетпесе, Россия алдыдагы он жылдын ичинде мигранттарды тартуу үчүн жакшы шарттарды түүзүп берерин билдирди.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Россия өкмөтү 2030-жылга чейин өлкөдө мигранттардын саны өсүп, улуттук программалардын туруктуу ишке ашышына шарт түзүлөт деп үмүт артууда. Маалымат РФтин Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин сайтына жарыяланды.

Документте айтылгандай, Россия келечекте коомго бат аралашып кете турган чет элдик адистерди тартуу жолу менен мигранттардын санын жогорулатууну көздөп жатат.

"Ал үчүн Россия өзү кам көрөт. Мисалы, чет элдиктердин Россияда билим алышына шарттар түзүлөт. Социалдык-маданий жактан бат көнүп кетүү үчүн аракеттер көрүлөт. Ошондой эле жаш жана таланттуу кадрларды тартуу үчүн аларга ыңгайлуу шарттар каралат", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, мигранттар көп келчү өлкөлөрдө орус тилин өнүктүрүү боюнча программалар ишке ашары кошумчаланды.

0
Белгилер:
Россия, миграция, аракет, план
Тема боюнча
Москвада мигранттар COVID-19га акысыз экспресс-тест тапшыра алат. Шарты