Оторбаев Москвада мунай баасын сүйлөшүүдө

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевОторбаев менен Миллер Москва шаарында КР рыногунда жаратылыш газына болгон бааны так аныктоо маселесин сүйлөштү.
Оторбаев менен Миллер Москва шаарында КР рыногунда жаратылыш газына болгон бааны так аныктоо маселесин сүйлөштү. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жоомарт Оторбаев жаратылыш газына болгон баанын арзандашы жана газдын үзгүлтүксүз берилиши энергоресурстарды алып келүү булактарын кеңейтүүгө жакшы дем берерин айтты.

Архив: күйүүчү майлар - Sputnik Кыргызстан
Нефтетрейдерлер күйүүчү майлардын баасынын арзандарын болжошууда
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. КР премьер-министри Жоомарт Оторбаев менен "Газпром" ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер шейшембиде, 2-декабрда, Кыргызстандын рыногунда жаратылыш газына болгон бааны так аныктап коюу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. 

Оторбаев кыргызстандык рынокко "Газпромдун" келиши менен жаратылыш газына болгон баанын арзандашы жана үзгүлтүксүз берилүүсү – энергоресурстарды диверсификациялоо үчүн мыкты дем болуп бере тургандыгын белгиледи. 

"Азыр энергоресурстарды кайрадан бөлүштүрүүгө басым жасалышы керек. Анын ичинде электр энергиясын колдонууну жаратылыш газын пайдаланууга которуу боюнча иштерди аткаруу зарыл. Буга байланыштуу экономиканы өнүктүрүүнүн болжолдуу стратегиясын иштеп чыгуу үчүн узак мөөнөткө чейин жаратылыш газына болгон баанын туруктуу кармалышынын зарылдыгын түшүнүү маанилүү", — деди КР премьер-министри. 

Алексей Миллер россиялык тарап буга чейинки жетишилген макулдашууларды аткарууга ниеттенгендигин жана өз ара кызыкчылыкты туудурган башка долбоорлор боюнча конструктивдүү диалогго даяр экендигин белгиледи. 

"Өлкөнүн түштүгүндөгү электр энергиясына жана газдын жок болушуна байланышкан оор жагдайды эске алуу менен "Газпром" компаниясы күзгү-кышкы жылытуу сезону кадимки шартта өтүшү үчүн зарыл болгон бардык жардамды бергенге даяр", — деди Миллер.

"Газпром" Кыргызстандын мунайзат рыногунун өнүгүүсүнө салым кошот
Маек учурунда Оторбаев менен Миллер КР рыногунда жаратылыш газына болгон бааны так аныктап коюу мүмкүнчүлүгүн, газификация боюнча программаны ишке ашыруу, "Газпромдун" Бишкек шаарынын ЖЭБсын реконструкциялоо жана жаңылоого катышуусунун ыктымалдыгын, Россиянын атайылаштырылган университеттеринде адистерди окутуу үчүн өзүнчө квотаны бөлүп берүү маселелерин талкуулашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0