Күйүүчү майдын баасы түшкөндүгү байкалууда

Жазылуу
Нефтетрейдерлердин ассоциациясы Кыргызстанда күйүүчү майдын бардык түрлөрүнүн баасы түшүп баштагандыгын билдирди.

Архив: күйүүчү майлар - Sputnik Кыргызстан
Нефтетрейдерлер күйүүчү майлардын баасынын арзандарын болжошууда
БИШКЕК, 12-дек — Sputnik. Кыргызстанда Күйүүчү жана майлоочу майын бардык түрлөрүнүн баасы төмөндөдү. Бул туурасында нефтетрейдерлер ассоциациясынын маалымат кызматы билдирди.

11-декабрдан тартып республиканын бардык аймактары боюнча Аи-80 маркасындагы бензин баасы 0,4 сомго, Аи-92 — 1 сомго, Аи-95 — 2,2 сомго төмөндөдү. Аи-98 маркасындагы бензин 2 сомго, ал эми дизель майы 1 сомго, автомобиль газы 0,5 сомго арзандады.

"Ушуну менен акыркы эки жумада автоунаанын күйүүчү майларынын бардык түрлөрүнүн чекене баасы үчүнчү ирет төмөндөп жатат. Мындай арзандоо Россиянын мунайды кайра иштетүү ишканаларында дүң баанын түшүп жатканына байланыштуу. Муну декабрдын башында алдын ала божомолдогонбуз", — деп түшүндүрүп беришти нефтетрейдерлер ассоциациясынан.

Бишкекте 12-декабрга карата Аи-80 маркасындагы бензин баасы 40 сомду, Аи-92 — 47,9 сомду, Аи-95 — 51 сомду, Аи-98 — 53,4 сомду, унаага пайдаланган газдыкы 25 сомду, дизель майынын баасы 41,5 сомду, ал эми кышкы дизель майыныкы 47 сомду түздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0