Россияда ББнын пайыздык ченемин жогорулатууга серепчилер кайчы көз карашта

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүЗдание Центрального банка РФ
Здание Центрального банка РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия Банкынын директорлор кеңеши 16-декабрдан тартып негизги жылдык ченем пайызын 10,5тен 17ге чейин көтөрдү. Мындай чечимди кабыл алууга акыркы кезде жогорулап кеткен девальвациялык жана инфляция тобокелчилдигин чектөө зарылчылыгы негиз болду деп билдирди жөнгө салуучу.

БИШКЕК, 16-дек — Sputnik. Bloomberg агенттигинин серепчилери Россиянын Борбордук банкынын негизги пайыздык ченемин көтөрүшү ийгиликтүү болобу деген суроо боюнча түрдүү пикирлерин билдиришүүдө. Алардын көпчүлүгү экономика үчүн терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенине карабай банк мындай чечкин чарага каржы системасын турукташтыруу үчүн барды деген ойдо деп билдирет РИА Новости.

"Бул кадам каржы системасын сактап калуу үчүн экономикалык өсүштөн баш тартуу дегенди билдирет. Бул туура чечим, бирок аны кабыл алуу оңойго турган жок", — деп билдирди 1,1 триллион доллар активин башкаруучу Нью-Йорктун Firebird Management LLC фирмасынын өнөктөшү Иэн Хейг.

"Мындай (финансы саясатын) катуу талап боюнча чаралар экономикага оорчулугун тийгизет, бирок биз бир катар убакыттан бери рецессиянын алдын алуу эмес, рублдын төмөндөшүнө байланыштуу толук масштабдуу финансы кризиси жөнүнө айтып келебиз", — деди Лондондогу Rabobankтун валюта талдоочу Петр Матис.

Ошону менен бирге Нью-Йорктогу Alliance Bernstein фирмасынын талдоочусу Слава Бреусов рублдын төмөндөшүн токтотууга банктын кудурети жетет деп эсептейт. 

"Борбордук банк "көчкүнү" токтотууга аракеттенүүдө жана ал үчүн ченемдик пайызды минтип масштабдуу жогорулатуусу жетиштүү болушу мүмкүн. Экономика үчүн бул эмне алып келерин, кыязы, эч ким ойлогон жок, себеби азыр рублдын төмөндөшүн токтотуу оңгулуктуу орунда турат", — деп белгиледи Бреусов.

Лондондогу Spiro Sovereign Strategy фирмасынын баш директору Николас Спиро көрүлгөн чаралар рублдын төмөндөшүн токтото албайт деп эсептейт. 

"Тилекке каршы, ченем пайыздарын жогорулатуу жетишсиздей сезилет. Россия ББсы капитал кыймылын көзөмөлдөө боюнча толук масштабдуу чаралардан башка бардык ыкмаларды колдонуп көрдү", — деп түшүндүрдү өз оюн Спиро.

Россия Банкынын директорлор кеңеши 16-декабрдан тартып негизги жылдык ченем пайызын 10,5тен 17ге чейин көтөрдү. Мындай чечимди кабыл алууга акыркы кезде жогорулап кеткен девальвациялык жана инфляция тобокелчилигин чектөө зарылчылыгы негиз болду деп билдирди жөнгө салуучу.

Жаңылыктар түрмөгү
0