Валюта саткандар акчаны сом менен сактоого кеңеш беришүүдө

Жазылуу
Валюта рыногунда дүрбөлөңгө түшкөн кыргызстандыктардын көбү, орус рублинин арзандап кетишинен улам, евро менен сомду сатып алышууда.

БИШКЕК, 17-дек — Sputnik. Кыргызстандын борборундагы акча алмаштыруучу жайларда орус акчасы 90 тыйындан ылдый түшүп кетти. Түшкө жакын телефон аркылуу жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы бир рублдин 0,8455 сомго алынып, кайра 0,9 сомдон соодаланып жаткандыгын көрсөттү. 

Россияда ББнын пайыздык ченемин жогорулатууга серепчилер кайчы көз карашта
Улуттук Банк Россияда орустардын рублинин расмий баасы сатыкта 0,9872 — 0,9419 арасында болуп жаткандыгын көрсөттү. 

Россияда доллар менен еврого карата рублдин баасы түшүп кеткендигинен улам, Кыргызстанда да олку-солку абал түзүлүүдө. Дүйшөмбү күнү биринчи ирет кыргыз сому орус рублинен кымбат болду. 

Акча алмаштыруучу жайлардын жетекчилеринин айтымында, эл азыр доллар менен еврону көбүрөөк сатып алып жатат. 

"Рубль кайсы бир учурларга чейин кармалып турушу мүмкүн", — деп билдирди Sputnik сайтына акча алмаштыруучу жайлардын биринде иштеген Нурлан Надырбеков.

Анын айтымында, эл доллар менен еврону жүз, эки жүздөп эмес, миңдеп сатып алууда. 

"Элдин баары топтогон акчасын сактап эле тим болбостон, аны көбөйтүп алууга аракет кылып жатат", — деп белгиледи Надырбеков. 

Ал колдо болгон акчаны сом менен эле сактаган жакшы экендигин, себеби, алып-саткан ишенимдүү эместигин жана жаңы жылдан кийин кандай өзгөрүүлөр болуп кетерин алдын ала эч ким билбестигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0