Экономика министрлиги текшерүүлөр боюнча маалыматты ачык берген сайт ачты

Жазылуу
Кыргызстанда компанияларга текшерүү качан болору, анын жыйынтыгы, ал тургай ишкерлердин негизсиз текшерүүгө болгон нааразычылыгын жайгаштыра турган атайын сайт ачылды.

БИШКЕК, 22-дек—Sputnik. Экономика министрлиги ишкердик кылган тараптарды текшерген мамлекеттик органдардын ишин башкарган маалыматтык системанын бет ачарын өткөрөт. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди. 

www.proverka.kg деп аталган система автоматтык түрдө он-лайн режиминде иштейт. Анда компаниялардын объектилеринин тобокелдиктери, тиешелүү мамлекеттик органдар менен Экономика министрлигинин текшерүүнү макулдашып алып жасоосу, аныкталган мыйзам бузуулар, ага салынган айыптар, текшерүүнүн түрлөрү жана жыйынтыктары боюнча маалыматтар топтому киргизилген. 

Андан сырткары ушул эле сайтка текшерүүлөр негизсиз жасалса, ал боюнча пикир калтырууга болот.

"Текшерүү негизсиз жасалып, ага ишкер нааразы болсо, бул туурасында пикирин жаңы ачылып жаткан сайтка жазып калтырууга мүмкүнчүлүк жаралат",— деп айтышты аталган министрликтин маалымат кызматынан. 

Маалымат кызматы аталган сайт бир нече убакыт мурда эле ачылгандыгын, бирок, ал жаңыланып, пикирлерди, комментарийлерди калтырууга ылайыкталып кайрадан жасалгандыктан, расмий бет ачары бүгүн өтө тургандыгын кошумчалады. 

Аталган портал Швейцария өкмөтү жана Улуу Британиянын эл аралык өнүгүү министрлиги каржылаган Эл аралык каржы корпорациясынын инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча долбоорунун техникалык жана каржылык колдоосу боюнча иштеп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0