Денежные купюры

Улуттук банк элге долларды сатууга чектөө киргизген эмес

18
(жаңыланган 16:29 22.12.2014)
Улуттук банктын жетекчиси ал жетектеген мекеме коммерциялык банктардын жүргүзгөн саясаты боюнча көрсөтмө берүүгө укугу жоктугун билдирди.

БИШКЕК, 22-дек — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, ал жетектеген мекеме коммерциялык банктардан элдин чет элдик валюталарды сатып алуусуна чектөө киргизбегендигин Sputnik сайтына билдирди. Абдыгулов бул билдирүүсү менен жергиликтүү ЖМКлардын Улуттук банк жеке тараптардын 500 доллардан ашык валюта сатып алуусуна чектөө киргизди деген маалыматын жокко чыгарды. 

Абдыгуловдун айтымында, Улуттук банк коммерциялык банктарга кандай саясат жүргүзүү керектиги боюнча көрсөтмө бере албайт.

"Биз багыт берген мүнөздөгү сунуштарды гана киргизе алабыз", — деди ал.

Ал анткен менен Улуттук банк валюта рыногундагы алып-сатууларды көзөмөлдөп, валюта менен болгон көз боёмочулукка жол бербей турганын кошумчалады.

Шаардагы бир нече коммерциялык банктарга телефон чалып, сурмажылоо жасаганыбызда, чындыгында эле чет элдик валютаны сатуу боюнча чектөөлөр бар экендиги аныкталды. Мисалы, "Оптима Банкы" бир кишиге 2 миң доллардан ашык каражатты бербей жатат. "Кыргыз инвестициялык-кредит банкы" (KICB) да бир күндө бир кишиге 2 миң доллардан ашык каражатты сатпай турат. 

Ал эми "Демир Банк" тескерисинче, долларды сатуу боюнча эч кандай чектөөнү киргизген эмес. Бирок, Казкоммерцбанкта дагы долларды сатууга чектөө киргизилген.

"Бир киши бир күндө 2 миң долларга чейин сатып ала алат", — деп билдиришти аталган банктын кассасынан.

Улуттук банк сомдун курсун кармап туруу үчүн декабрь айында үч жолу интервенция жасаган. Россиянын рублинин курсу сомдон төмөн түшүп кеткенден бери, калк долларды жапырт сатып ала баштаган.

18
Белгилер:
Кыргызстан, Толкунбек Абдыгулов, Демир Банк, Оптима Банк, Улуттук банк, Казкоммерцбанк
Президент Садыр Жапаров. Архив

Бизнес өкүлдөрү Садыр Жапаровго кайрылды. Себеби

252
(жаңыланган 13:27 02.08.2021)
Ишкерлер өкмөт парламенттин каникулга кетип жатканынан пайдаланып, экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү мыйзамын шашылыш түрдө өткөрдү деп эсептейт.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстандагы бизнес-коомчулук президент Садыр Жапаровго кайрылып, Жогорку Кеңеш үч окуудан жактырган экономикага өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча мыйзамга кол койбошун өтүнүп жатат. Бул тууралуу ишкерлер Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн "Экономикага өзгөчө кырдаал абалын киргизүүнүн таасири кандай болушу мүмкүн" аталышындагы брифингде айтышты.

"Бизнес коомчулугу менен макулдашуу процесси болбой, мыйзам бир тараптуу негизде кабыл алынды. Министрлер кабинети парламенттин каникулга кетип жатканынан пайдаланып, мыйзамды шашылыш түрдө өткөрүп алды. Учурда биз президенттен бул документке кол койбой, кайра иштеп чыгууга жөнөтүүсүн суранабыз", — деди Рыноктор, соода ишканалары жана кызмат көрсөтүүлөр ассоциациясынын аткаруучу директору Артур Ташибеков.

КР президентинин алдындагы Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин адиси Айдарбек Мамбеткадыров бизнес өкүлүнүн пикирин колдой турганын билдирди. Анын айтымында, мыйзам долбоорунда кийин эки анжы пикир жарата турган түшүнүксүз жерлери бар. Мамбеткадыров кошумчалагандай, мыйзам долбоору кабыл алынардын мурда коррупцияга каршы экспертизадан өткөн эмес.

Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров өлкө экономикасына өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү сунуштаган. Анын айтымында, мындай сунуш киргизүүгө дагы деле коркунуч жаратып турган пандемиянын экономикага тийгизген терс таасири себеп болгон. Министр түшүндүргөндөй, бул режим салыктардын ставкасын өзгөртүүгө жана өтө зарыл учурда бюджетти Жогорку Кеңештин макулдугу жок эле бөлүштүрүүгө шарт түзөт.

Депутаттар каникулга кетер алдында аны үч окуудан тең өткөрүп берген.

252
Белгилер:
Садыр Жапаров, ишкер, сунуш, кайрылуу, бизнес, Кыргызстан
Тема боюнча
Банктарда аралыктан идентификациядан өтүү системасы жеңилдейт. Долбоор
Жыл башынан бери импорттон алынган салыктын көлөмү 5,2 млрд. сомго көбөйдү
Буудайдын түшүмүн жыйноо. Архив

Өлкөдө буудай бир жыл ичинде дээрлик 40 пайызга кымбаттады

43
2020-жылдын акыркы айларынан бери Кыргызстанда азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттады. Анын ичинде буудай дагы баасын көтөрүүдө.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Республикада буудайдын баасы бир жылдын ичинде дээрлик 40 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

"Июль айынын аягына карата буудайдын баасы өлкө боюнча орточо эсеп менен 29,15 сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 8,2 сомго же 39,3 пайызга өскөнүн далилдейт", — деп айтылат билдирүүдө.

Буудайдын чекене баасы орточо көрсөткүчтөн Бишкек (бир килограммы 31,46 сом), Токтогул (30,96 сом), Исфана (30,73 сом) жана Өзгөн (30 сом) шаарларында жогору болуп жатат. Ал эми арзан буудай Чаек айылында (бир килограммы 18 сом), Каракол (20,87 сом) жана Кара-Суу (23,59 сом) шаарларында сатылууда.

Бир ай ичиндеги бааны айта турган болсок, июлда буудай мурунку айга салыштырмалуу 3,4 сомго (13,1 пайыз) кымбаттаган.

43
Белгилер:
Кыргызстан, Буудай, баа, статистика
Тема боюнча
ЕЭК менен Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюму маанилүү документке кол койду
ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив

Кеминде май куюучу жай өрттөнүп жатабы? Видео

0
(жаңыланган 00:46 03.08.2021)
Өрт боюнча азырынча ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болбой жатат. Видео социалдык тармакка жүктөлдү.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районунда ири өрт чыкты.

Видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Күбөлөрдүн айтымында, күйүүчү май куюучу жай өрттөнүп жатат.

ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок Чүй облусунун башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү тастыктап, эки өрт өчүрүүчү бригада чыгып кеткенин билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, май куйган бекеттин жанында кичи автобус күйүп жатканы тууралуу чакыруу түшкөн.

Кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.

0
Белгилер:
Кемин, өрт, Күйүүчү май, май куюучу бекет, ӨКМ
Тема боюнча
Беловодское айылында кичи базардан өрт чыкты. Элди чуу түшүргөн видео