Эл өкүлү: Бажы биримдиги Кыргызстан үчүн чоң рынокту ачат

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүАрхив: Шереметьево аэропорту
Архив: Шереметьево аэропорту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Марат Султанов Бажы биримдиги Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, анын ичинен чоң рынокту ачарын белгиледи.

БИШКЕК, 23-дек — Sputnik. ЖКнын депутаты Марат Султанов Бажы биримдигине кирүү боюнча стратегиялык жактан туура багытта кетип бара жатат деп эсептейт. Бул туурасында ЖКнын маалымат кызматы билдирди. 

Султанов аталган уюм Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи.

"Бажы биримдиги Кыргызстан үчүн чоң рынокту ачат. Ал эми рынок — экономиканын өсүшүнүн негизги шарты, рыногуң болсо, өнүгө аласың. Мисалы, Кытай мындай маселени өз алдынча чечип, өнүгө алат. Себеби, анын экономикасы абдан чоң. Бизге адистешүү, башка мамлекеттер менен карым-катнаш, рынок керек. Ошондо чакан мамлекет үчүн бул жагынан бизде утуштар болот”, — деди Султанов.

Бүгүн Москва шаарында Кыргызстан, Казакстан, Россия, Армения жана Белорусия президенттери катышкан Евразия экономикалык кеңешинин жогорку жыйыны өтүп жатат. Анда Кыргызстандын Бажы биримдиги менен Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү боюнча документке кол коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0