Доллар

2014-жылдын жыйынтыгы боюнча инфляциянын деңгээли 10,6% болоору күтүлүүдө

(жаңыланган 11:39 30.12.2014)
Жыл жыйынтыгы боюнча болжолдонуп жаткан инфляциянын деңгээли 10,6%, ИДӨнүн өсүшү 3,3 – 3,5% болору күтүлүп жатат.

БИШКЕК, 30-дек — Sputnik. 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча күтүлүп жаткан инфляциянын деңгээли 10,6% болорун Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат башкармалыгынын жетекчиси Насирдин Шамшиев маалымат жыйында билдирди.

"ИДӨнүн жылдык өсүшү тууралуу маалыматтар декабрь айында "Кумтөрдө" казылган алтындан көз каранды болот. ИДӨнүн өсүү темпи 3,3 – 3,5% болору болжонууда. Бул көрсөткүч 2014-жылдын ноябрь айындагы жыйынтыкка барабар", — Шамшиев.

Анын айтымында, 2013-жылы декабрда "Кумтөр" көп көлөмдө – төрт тонна алтын казган. Ушул жылдын декабрь айында 550-600 тонна унция алтынды чыгаруу пландалууда. Андыктан, 2014-жылдагы көрсөткүч бул компаниянын жогорку же төмөнкү иш аткарган иш планынан көз каранды боло турганын ал кошумчалады.

Белгилер:
Кумтөр, Насирдин Шамшиев
Тема боюнча
Атамбаев: "Кумтөр" боюнча азырынча көп нерсени айта албайм
Өкмөт "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөрдүн аягына чыгууну пландаштырууда
Кыргызстандын жана Казакстандын желектери. Архив

Казакстан менен Кыргызстандын товар айлантуусу эки айда 109 млн. долларга жетти

(жаңыланган 10:55 20.04.2021)
Жалпысынан Казакстанда жыл башынан бери ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү тогуз пайызга өсүп, импорт эки пайызга азайганы айтылат.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар айлантуунун көлөмү 2021-жылдын алгачкы эки айында 109,8 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

"Январь, февраль айларында эки өлкөнүн ортосундагы товар айлантуунун көлөмү 109,8 миллион долларды түздү. Бирок бул былтыркы жылга салыштырмалуу 8,2 пайызга төмөн", — деп айтылат кабарда.

Жалпысынан Казакстанда жыл башынан бери ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү тогуз пайызга өсүп, импорт эки пайызга азайганы айтылат.

Коңшу өлкө биримдикке кирген өлкөлөр менен эки ай ичинде 3 миллиард долларлык соода кылган. Алдыңкы орунда 2,7 миллиард доллар менен Россия турат. Андан кийин Беларусь (112,4 миллион доллар), Кыргызстан (109,8 миллион доллар) жана Армения (2,3 миллион доллар) жайгашкан.

Белгилер:
товар, соода, экономика, Евразиялык экономикалык биримдик, Кыргызстан, Казакстан
Тема боюнча
Казакстанда баалар "чектен чыгып", бийлик кескин чараларга бара баштады
Өзбекстан менен КР товар айлантуусун 2 млрд. долларга жеткирүүнү көздөп жатат
Автоунаалар. Архив

Кыргызстанда автоунаа импортунун көлөмү эки эсеге азайды

(жаңыланган 09:46 20.04.2021)
2021-жылдын январь-февраль айларында өлкөгө 1 560 авто алып келинген. Былтыркы жылдын ушул эле маалында 3 392 машина киргизилген.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстанга жеңил автоунааларды ташуунун саны эки эсеге азайды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында жазылган.

Билдирмеге караганда, 2021-жылдын январь-февраль айларында өлкөгө 1 560 машина алып келинген. Былтыркы жылдын ушул эле маалында 3 392 автоунаа киргизилген болчу.

Маалыматта машиналар Казакстандан көп кирбей калганы айтылат. Аталган мамлекеттен көлүктүн саны 2 205тен 45ке чейин кыскарган. Россиядан келген автолордун саны 1 071ден 807ге чейин азайган.

Ошол эле учурда Түштүк Кореядан көп автоунаа алып келине баштаган. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, аталган мамлекеттен келген көлүктөрдүн саны 10дон 405ке чейин көбөйгөн.

Белгилер:
импорт, автоунаа, статистика, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанга Түштүк Кореядан автоунаа ташыгандардын саны кескин өстү
Баетов айылынын тургуну Тынчтыкбек Турдукулов

Канатын жайып бийлегени кызык болду. Нарында төө куш баккан Турдукуловдун маеги

(жаңыланган 20:22 20.04.2021)
Нарын облусундагы Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын тургуну Тынчтыкбек Турдукулов канаттуулар чарбасын жайылтуу максатында төө куш, жапайы кыргоол жана бөдөнө өстүрүүнү колго алган.

Тоолуу Нарын жергесине жаңылык киргизип жаткан 38 жаштагы фермер менен аймактык кабарчы маек курду.

— Нарынга төө куш алып келүү идеясы кайдан келди? Дегеним, аймактын шарты оорураак эмеспи.

— Канаттуулардын түрүн багууга мурда эле кызыгып жүрчүмүн. Төө куш боюнча интернеттен карасам, көбүнчө оштук туугандар багат экен. Алар менен сүйлөшүп, эки айлык эки төө куштун ар бирин 20 миң сомдон сатып алдым. Россиянын деле суук жерлеринде багып жатышпайбы. Андыктан Нарындын суугуна деле чыдаса керек деген ой келди. Төө куш жылына 80ге жакын жумуртка берет экен. Эми биздин климаттык шартта 40-50 жумуртка берсе деле жаман эмес. Төө кушту багууга ден соолук дагы түрткү болду. Бул куштун эти кант диабетине жакшы.

— Көбөйтүү жолу кандай болот?

— Жапайы төө куштар жумурткасын басып балапан чыгарат экен. Ал эми булар баспайт дейт. Андыктан инкубаторго салып көбөйтсөк, жумурткаларын арзан баада элге жайылтсак деген ойлор бар. Негизи 1 жашка чыккандан баштап жумуртка тууй баштайт. Азыр булар үч айлык балапандар. Бир жаштагы төө куш 100 килограммга чейин эт берет экен.

— Тоют жагы кандай болуп жатат? Кыйынчылык жаралган жокпу?

— Булар өтө деле өзгөчө тоютту талап кылбайт. Негизги тамактары арпа, буудай, жүгөрү, беде жана эспарцет. Аларды тегирменден өткөрүп, майдалап, аралаштырып үч ирет берем. Экөө күнүнө бир маал 8 литр суу ичет. Булар чоң болгону менен топуктуу келишет экен. Бир тоё жеп алса жүрө беришет. Эң башкысы — кенен жерге коё бериш керек.

— Кыял-жоруктары кандай болот экен?

— Азыр балапан болгондуктан кыял-жоругун деле байкай элекпиз. Бирок чоочун адамдарды көрсө тынчы кетип, чочуркайт. Сөйкө, көз айнек, топчу сыяктуу көзгө көрүнгөн жылтырак нерселерди көрсө чокулап кирет. Экөө бири-биринен ажырабайт. Бири барып жатып алса, экинчиси анын жанынан жылбай жата берет. Дагы бир кызыгы — эртең менен кепеден чыгарганда канаттарын жайып алып ары-бери чуркап бийлешет.

— Төө куштан тышкары бөдөнө, кыргоолдоруңуз дагы бар экен.

— Ооба, учурда бөдөнөнүн үч түрүнөн 130ду багып жатам. Буюрса, миңге жеткирсем деген тилегим бар. Бөдөнөнүн жумурткасы көп ооруга дары экен. Айылда жумурткаларын атайын буюртма менен шаардан алдыртып ичкендер көп. Андыктан бул чарбачылыкты да өнүктүрүүнү туура көрдүм. Ошондой эле эки жапайы кыргоол алып келгем. Кийин бири өлүп калды. Азыр жумурткасына буюртма бергем, келип калса инкубаторго салып чыгарып алабыз.

— Буларга кандай кам көрөсүз? Өзгөчө көңүл бурууну талап кылбайбы?

— Бөдөнөнүн жемин атайын Бишкектен алдырып, ага арпа-буудай аралаштырып берем. Бөдөнө сууну көп талап кылат экен. Суудан кем кылбаш керек. Калбай калса эле чурулдап бирин-бири чокулап башташат.

— Канаттуулардын дагы башка түрлөрүн алып келүү планыңыз барбы?

— Адам шартка, климатка шылтабай аракет кыла бериши керек. Буюрса, мындан тышкары, павлин, кекиликтин жумурткасын алдырайын деп жатам. Алар келсе инкубатордук жол менен көбөйтүп, түрдүү куштарды баксам дейм. Зоопарк уюштурсам, кызыктуу канаттууларды жакындан таанып-билүү кичинекей балдар үчүн эле эмес чоңдор үчүн дагы кызык болсо керек.

Белгилер:
канаттуулар, кыргоол, бөдөнө, чарбачылык, мал, куш, төө, Ак-Талаа району, Нарын облусу
Тема боюнча
Кирешелүү бизнес. Ат-Башыда дары чөптүн 34 түрү менен иштеген Кампабекованын маеги
Үндүк багып миллион сом киреше тапса болот. Кара-суулук ишкер менен маек
Розанын 750, сирендин 70тен ашык түрүн өстүргөн үй-бүлө. Багбан менен маек