Президент Алмазбек Атамбаев принял министра финансов Ольгу Лаврову

Президент Атамбаев Каржы министри менен республикалык бюджетти талкуулады

58
(жаңыланган 10:37 05.01.2015)
Атамбаев өлкөнүн Каржы министрин кабыл алып, республикалык быйылкы бюджетти жана анын аткарылышын талкуулады.

БИШКЕК, 5-январь — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Каржы министри Ольга Лаврованы кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы Каржы министри менен 2015-жылга республикалык бюджеттин негизги параметрлерин жана аны аткаруу боюнча Каржы министрлиги көрүп жаткан чараларды талкуулады. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Президент Алмазбек Атамбаев менен министр Ольга Лаврова Кыргызстандын Каржы министрлигинин 2015-жылга ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын талкуулашты.

Мамлекет башчысы Каржы министрлигинин жана өлкөнүн башка мамлекеттик органдарынын Кыргызстанда макроэкономикалык стабилдүүлүктү сактоодо жана туруктуу экономикалык өсүүнү камсыз кылууда биргелешип иш жүргүзүүнүн маанисин белгиледи.

58
Белгилер:
Каржы министрлиги, Ольга Лаврова, Алмазбек Атамбаев
Тема боюнча
Парламент министрлердин сапарына кеткен каражатты текшерүү ниетинде
2015-жылга жергиликтүү бюджеттер 16 миллиард сомду түзөт
Кумтөр алтын кени. Архив

Мамкомиссия Кумтөр боюнча бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштоодо

68
(жаңыланган 17:58 12.05.2021)
Мамлекеттик комиссия өкмөткө "Кумтөр Голд компани" менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарып, убактылуу сырттан башкаруу маселесин карап чыгуусу керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. "Кумтөр" компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Бул тууралуу аталган комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Мисалы, өкмөткө "Кумтөр Голд компани" ишканасын убактылуу сырттан башкаруу маселесин карап чыгуу сунушу берилди.

"10-июнга чейин кыргыз өкмөтү менен ишкананын ортосундагы жаңы келишимдерди ратификациялоо боюнча мыйзамдын күчүн жоготкондугу тууралуу мыйзам долбоорун демилгелөө сунушталууда. Биз аны күчүн жоготту деп таанууну сунуштап жатканыбыздын себеби бул эл аралык келишим эмес. Centerra Gold Inc. компаниясынын эл аралык келишимге тиешеси жок. Бул тууралуу ТИМ менен Юстиция министрлигинин бүтүмү бар", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Жапаров Centerra Gold Inc. компаниясы учурдагы Салык кодексинин негизинде салык төлөшү керек деп эсептейт. Анын айтымында, жаңы келишим ратификацияланып жатканда компанияга өзгөчө режим берилген.

"Кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосундагы жаңы шарттар тууралуу, кайра каралып чыккан инвестициялык келишимди, кайра каралып чыккан концессиялык келишимди жана башка макулдашууларды жокко чыгаруу боюнча демилге көтөрүүнү сунуштайбыз", — деди ал.

"Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерүүдөн чыккан чуу

7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" компаниясын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. Анда алар 2009-жылкы келишим бузулуп жатканын айтып чыгышкан.

11-май күнү компаниянын президенти Деон Баденхорст, финансы боюнча директору Саймон Тан жана Жеткирүү системасы боюнча башкармалыктын директору Арипин Буман кенде болгон эки кырсык боюнча күбө катары суракка чакырылганы белгилүү болгон.

Анткен менен УКМКнын ала маалыматы боюнча, "Кумтөр голд компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткен. Бүгүн мамлекеттик комиссия текшерүүсүнүн алдын ала жыйынтыгын жарыялады.

Centerra Gold Inc. — канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.

68
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы
Тема боюнча
Комиссия "Кумтөрдү" 4,2 млрд. долларлык доого жыгып, 106 тонна алтын алууну чечти
Жапаров: Centerra Gold Inc. арбитраждык сотко качан кайрыларын айтты
Алтын куймалары. Архив

Комиссия "Кумтөрдү" 4,2 млрд. долларлык доого жыгып, 106 тонна алтын алууну чечти

312
(жаңыланган 16:39 12.05.2021)
Экологияга келтирген зыяндын өлчөмү 3 миллиард 086 миллион доллар, ал эми түшпөй калган салыктар 1 миллиард 166,5 миллион доллар экени айтылды.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия Centerra Gold Inc. компаниясын 4 миллиард 252 миллион 800 миң долларлык доого жыгууну сунуштады. Бул туурасында комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров жыйында билдирди.

Ал Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет мамлекеттик комиссия Centerra Gold Inc. комиссиясына ушундай доо коюп жатканын баса белгиледи.

Бул акчанын ичинде экологияга келтирилген зыяндын өлчөмү 3 миллиард 086 миллион доллар, ал эми түшпөй калган салыктар 1 миллиард 166,5 миллион доллар экенин айтты.

"Мындан сырткары, биздин комиссиянын иш-аракети менен калдык сактоочу жайдагы 106 тоннадан ашуун алтынды мамлекеттин эсебине кайтармакчы. Жакында Жогорку Кеңеште калдык сактоочу жайдагы кен байлыктар өзүбүзгө таандык экенин юридикалык жактан бекемдеп бере турган мыйзам кабыл алынат. Буга чейинки президенттер, премьер-министрлер биздин алтындарды сатышкан. Кыргызстанда жайгашкан кендерде, анын ичинде Кумтөрдөгү, Жер-Үйдөгү алтындар бар", — деди Жапаров.

Аны менен катар мамлекеттин эсебине өтө турган 106 тонна алтынды беш-алты жылда казып алса болорун, анын суммасы 5 миллиард 200 миллион доллардан ашарын айтты. Адистер бир жылда техникалык долбоорлоо негиздемесин даярдап, андан кийинки жылы беш тоннасын казып алуу мүмкүндүгүн айтып жатканын кошумчалады.

"Жыйынтыктап айтканда, биз Кыргызстандын мыйзамдарына таянып "Кумтөрдөн" 10 миллиард долларга чукул каражат өндүрсөк болот. Бир бөлүгүн доо катары төлөп берет, калган алтынды өзүбүзгө өткөрүп элдин пайдасына иштетебиз", — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Centerra Gold Inc компаниясын экологияга келтирген зыяны үчүн 262 миллиард сомдой төлөөгө милдеттендирген.

312
Белгилер:
Кыргызстан, Акылбек Жапаров, Centerra Gold Inc, өндүрүүчү, Кумтөр
Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы
Тема боюнча
Жапаров: Centerra Gold Inc. арбитраждык сотко качан кайрыларын айтты
Жапаров: Centerra Кыргызстандын саясатына кийлигишип, шайлоого таасир эткен

Саат 12ге чейин уктап көндүк, 10до кантип турабыз. Депутаттын тамашасы видеодо

0
(жаңыланган 19:06 12.05.2021)
Бүгүн Кумтөр кенин текшерген мамлекеттик комиссия алдын ала корутундусун чыгарды. Жыйындын аягында депутаттар кийинки отурумдун убактысын белгилей албай талашышты.

Комиссия мүчөлөрү жума күнү чогула турган болуп, бирок бир тарабы түшкө чейин десе, экинчи тарабы эртең менен өткөрүүнү сунуштады.

Мамкомиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров: "Түштө жума намазга барып Алла Тааладан билип-билбей кылган күнөөлөрүбүз үчүн кечирим сурайлы. Бул жерден далай кишини эле мекендин саткыны кылып жатабыз. Саат 15:00дө толугу менен тазаланып келип чечим кабыл алалы да, кол коёлу", — деп тамашалады.

Буга да макул болбой эртең жыйынга келүүнү сунушташты. Ошол учурда депутат Өмүрбек Бакиров "азыр биз орозодо 10го чейин уктап көнүп алдык, саат 10до кантип турабыз" деп күлдүрдү.

Натыйжада кийинки отурум жума күнү, 14-майда, саат 10:00дө өтө турган болду.

0
Белгилер:
тамаша, комиссия, Кумтөр, Акылбек Жапаров, Өмүрбек Бакиров
Тема боюнча
Комиссия "Кумтөрдү" 4,2 млрд. долларлык доого жыгып, 106 тонна алтын алууну чечти
Кыргызстанга 2,5 эсе аз акча берген. Комиссия "Кумтөрдүн" манипуляциясын айтты